DataLife Engine > Интересное > Дарвин, Архимед, Эйлер. Илимпоздордун ысымы ыйгарылган кыргызстандыктар

Дарвин, Архимед, Эйлер. Илимпоздордун ысымы ыйгарылган кыргызстандыктар

 Айрым кыргызстандыктарга улуу окумуштуулардын ысымы ыйгарылган. Алардын бир катарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы шайлоочулардын тизмесине көз салып, таап чыкты. Бул жерде биометрикалык маалыматтарын тапшырган, эрезеге жеткен жарандар тууралуу сөз болууда.

Ага ылайык, өлкөдө Дарвин ысымын алган төрт адам жашайт. Эскерте кетсек, Чарльз Дарвин — англиялык улуу окумуштуу, биолог, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн келип чыгышы жөнүндөгү эволюциялык окуунун негиздөөчүсү.

 

Байыркы грек математиги жана инженер Архимеддин атын алып жүргөн дагы төрт кыргызстандык бар.

Швейцариялык, немис жана орус математиги, механик Леонард Эйлер көптөгөн илимдердин өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Бир мекендешибизге Эйлербек ысымы берилген.

Кыргызстандыктардын арасында Эдисон деген да киши бар. Томас Эдисон электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштап, Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкана негиздеген.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20181009/1041465882/kyrgyzstandyktar-berilgen-ilimpozdordun-ysymdary.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад