DataLife Engine > Интересное > Аюу алгыла, аюу! Бишкекте 2,5 миң долларга үйрөтүлгөн жырткыч сатылууда

Аюу алгыла, аюу! Бишкекте 2,5 миң долларга үйрөтүлгөн жырткыч сатылууда

Борбор калаада үйрөтүлгөн ургаачы аюу сатылып жатат. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук фондусунун директору Салтанат Сеитова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Аюу сатылары тууралуу жарнама берген адамдын жазганына караганда, "жырткыч колго үйрөтүлгөн, чип тагылган жана бардык документтери бар".

Сеитова мурда бул аюу Бишкекдеги дүкөндөрдүн биринен кармалган деп божомолдоодо.

"Жаныбар менен ойноп, кызыгы тарагандан кийин сатканы жатышат. Бийлик мындай нерселерге көз жуумп коюуда. "Бардык документтери" деген эмнеси? Жаныбарды Кыргызстанга алып кирүүгө эмненин негизинде документ алышты?" — деп жазды Сеитова.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев агенттигинин кабарчысына жаныбардын сатылышы боюнча текшерүү жүрөрүн айтты.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190120/1042948840/bishkekte-2-5-min-dollarga-ayuu-satylyp-zhatat.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад