DataLife Engine > Интересное > Биологдор чычканга кишинин мээсинин кичирээк бөлүгүн салып сынашты

Биологдор чычканга кишинин мээсинин кичирээк бөлүгүн салып сынашты

Америкалык окумуштуулар чычканга кишинин мээсинин клеткаларын жайгаштырып, операция алардын жүрүм-турумуна кандай таасир бергенин изилдешти. Окумуштуулардын изилдөөсү Nature Biotechnology журналына жарыяланды.

 

Биологдор атайын жайда кишинин мээсинин клеткаларын жасмыктын (чечевица — ред.) көлөмүндөй кылып өстүрүп, чычканга салышкан. "Мини мээ" анын мээсинин функциясын жарым-жартылай алмаштырган. Нерв клеткалары жашап гана кетпестен, өрчүй дагы баштаган. 233 күндөн кийин анын түзүлүшү жана өнүгүүсү жаңы төрөлгөн баланыкындай болуп калган.

 

Кишинин мээси салынган чычкандар эч өзгөчөлөнгөн эмес. Алгач чычкандардын эске тутуусу жакшырганы менен кийин катардагы эле чычкандардын деңгээлине түшүп калган.

Окумуштуулар алардын изилдөөлөрү регенеративдик медицинада төңкөрүш жасайт деген пикирде. Илимпоздордун пикиринде келечекте атайын лабораторияда өстүрүлгөн мээни кишилерге салууга жол ачылат.



Дагы: https://sputnik.kg/world/20180425/1038838527/biologdor-chychkan-mee-saluu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад