DataLife Engine > Интересное > Үн менен башкарылган гаджеттер ээсин куржалак калтырабы?

Үн менен башкарылган гаджеттер ээсин куржалак калтырабы?

Үн менен башкарылган гаджеттерди жашыруун башкарууга болоорун окумуштуулар аныктады. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

 

Учурда сатылып жаткан мындай жабдыктардын кемчилигин америкалык жана кытайлык окумуштуулар аныкташкан. Алар үн менен иштеген жабдууларга ээсине билгизбей бир нече буйрук жиберүүнүн жолун табышкан.

 

Эксперттердин пикиринде, эгер алдамчылар үн менен иштеген жабдууларга буйрук берүүнүн жолун табышса, үйдүн эшиктерин тоскоолдуксуз ачып, эсебиндеги акчаларды алып жана онлайн соода жүргүзө алышат.

Amazon компаниясы өзүнүн Alexa аттуу жабдуусун коргоо үчүн аракеттер көрүлгөнүн маалымдады. Ал эми Google өзүнүн Google's Assistant жардамчысына атайын функция киргизилип, белгисиз аудио буйруктарды укпай турганын айтты. Apple компаниясы болсо Siri жардамчысын чакыруу үчүн алгач iPhone же iPad жабдууларын ачуу керектигин билдирди.



Дагы: https://sputnik.kg/world/20180514/1039139942/un-menen-bashkarylgan-gadzhetter-tuuraluu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад