Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:45
Маданият министри тарых музейинин ачылбай жаткан себебин айтты
10:05
Иранда өтчү эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" көрсөтүлөт
16:59
Абактардагы жумуш орундары. Турганбаев түрмөлөрдү кыдырды
11:49
Сооронбай Жээнбеков Германияга учуп кетти. Сапардын программасы
11:06
Кыргызстандын алдыңкы көк бөрүчүлөрү күйөрмандары менен жолугат
11:02
Байге фонду 192 миң сом! Бишкекте дем алыш күнү жарым марафон өтөт
14:38
Депутат айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн кайра кароо сунушун берди
14:37
Кашкар Жунушалиев Ноокенде уурдалып өлтүрүлгөн баланы унутуп калганда
14:22
Иракта футболчу Криштиану Роналдунун "эгизи" табылды. Видео
14:17
Акимиат Бабановду колдоо митинги боюнча сотко кайрылды
14:13
Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу
12:53
Президент коңшулар менен болгон көйгөйлөрдүн чечилишинен кеп кылды
16:59
Таласта абактагы жалгыз кишини жаман шартта кармаган жетекчи иштен кетти
16:57
Көз жашын куюлтуп, жоогазын кучактаган Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
10:13
Ышкырып, гүл сунуп, сүрөгөн жигиттер. Шевченконун Бишкекке келген видеосу
13:59
Ысык-Көл облусундагы 10 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды
12:35
Мечит менен чиркөө кызматкерлери чогуу-чаран бак тигип, парк тазалайт
12:31
Жээнбеков спортчуларды куттуктап, Олимпиада оюндарына катышуу боюнча айтты
13:16
Руслан Казакбаев: Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугуна шек келүүдө
12:30
100 миң доллар утурган жигит. Бишкекте кумар оюндары өткөн жайлар текшерилди. Видео
14:51
Ысык-Көл облусунда 475 түп бактарды эч кандай уруксаат кагазы жок кыйган жаран аныкталды
11:23
Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жабык эшик артында карайт
10:36
Кыргызстанга келген Путинди Жээнбеков кантип узатты. Фотофакт
09:37
Россияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды
12:41
Россияда окуйм дегендерге маалымат. Бишкекке РФтеги ЖОЖ өкүлдөрү келет
12:33
Жер байлыгы алтын-күмүш болсо, эл байлыгы эмне? Салам берүү сабагынан
13:18
Кыргызстанда туруп Россиядагы окуу жайга тапшырса болот
13:17
Кыргыздын алгачкы оркестрди түзгөн Шубиндин атындагы мектепке 80 жыл толду
13:14
Бишкектеги аскер бөлүккө казак жоокеринин сүрөтүн илгендер жазаланды
14:33
Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо
14:23
Бишкектеги эки жаңы конушта жаңы сквер пайда болмокчу. Эскиз
13:13
Жээнбеков Кыргызстанда илимдин кайсы тармагын өнүктүрүү керектигин айтты
12:51
Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган
12:43
Москва мамлекеттик университети 6 ирет Бишкекте филиал ачууга аракет жасаган
14:30
Москвада бизнес ачуу бир себептен улам оор. Кыргызстандык ишкердин тажрыйбасы
14:27
Путинди тосуу аземи жаңы форматта өтүп, таң каларлык болору айтылды
14:25
Россиялык жаштардын Кыргызстанга көз карашы өзгөрүүдө
14:06
Оолуксам 30 жаштамын... Окумуштуулар адам качан чоңоерун айтышты
10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
Бардык кабарлар

Түз эфир учурундагы жер титирөө, бетине чымын конгон алып баруучу… Режиссер Б.Качкыновдун кадр артындагы кызыктары

Интервью
147
0

  Ысык-Көл районунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында туулган Бакыт Качкынов акыркы 20 жылдан бери режиссёрлук кызматты аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Б.Качкыновдун айтымында, ал Сары-Камыш айылындагы мектепти аяктаган соң, аскердик кызмат өтөөгө кеткен.

«Армиядан келип бир жылдай айылыбыздын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси андан кийин директору болуп иштедим. Андан соң Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алдым. 1996-жылы Кыргыз телерадиокомпаниясында үн режиссёру болуп иштеп баштадым. Андан кийин видеомонтаждоо боюнча билим алып, үйрөндүм.

1997-жылы КООРТ телеканалы ачылып, ошол жака видеомонтаж кесиби боюнча жумушка орношуп, андан кийин ошол эле каналда режиссёрлукка которулдум. Кийин КООРТ каналынын аталышы 5-канал болуп өзгөрүп, мен ушул каналда өз кесибим боюнча иштеп калдым. Андан бери канча жетекчи алмашты. Акыркы жетекчим мурда бирге иштеген белгилүү журналист Эрнис Кыязов. Ал ушул жылдын май айында жетекчилик кызматка бекитилип, каналдын мындан аркы жашоосуна, иштөөсүнө болгон күч-аракетин жумшап жатат», - дейт ал.

Анын айтымында, ал телеканалга жумушка орношкондон кийин бул иштен кете албашын сезген.

«Улан деген курсташым бар эле. Ал институтту бүткөндөн кийин КТРге жумушка орношуптур. Бир күнү мага: «телеканалда иштөө кызыктуу экен, сен дагы барбайсыңбы?» деп азгырып туруп алды. Мен болсо айылга кетейин деп жаткам. Макул болуп бардым. Өздөрүнүн талаптары боюнча араңдап атып жумушка алышты. Телеканалдын босогосун аттап, бир жумадай иштеп калгандан кийин андан кете албашымды сездим. Балга көнгөн аарыдай болуп, үйгө кетсең кайра ишке келгенче шашасың. Жумуш оор болгону менен кызыктуу. Телеканалда иштеп калганыма эч качан өкүнбөйм. Азыр жаңылык же башка берүүлөр болобу, аларды даярдап, эфирге берип, элге тартуулоо - бул мен үчүн чоң сыймык, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик», - дейт ал.

Бакыт Качкыновдун айтымында, жумуш учурунда кызыктуу окуялар көп болот.

«2003-жыл болушу керек эле, күндүзү чыкчу түз эфирге даярдык көрүп, алып баруучу жигитти отургузуп, камераларды коюп, жаңы эле түз эфир башталып отурганбыз. Сюжет кетип жаткан учурда жер титиреп баштады. Иштеген кеңсебиз 16-кабатта болгондуктан жер титирөөнүн күчү бийик жерде өтө катуу сезилет экен. Мен эфирди ойлоп атып, алып баруучу көрүнчү мониторду байкабай калыптырмын, сюжеттен кийин алып баруучуга өтсөм, анын отургучу эле калып, өзү чыгып кетиптир. Жер титиреп баштаганда ал коркуп, ордунан туруп кетип калыптыр.

Дагы бир жолу жаңылыктар болуп жатканда алып баруучубуз Айнура Кабатай кызынын бетине чымын конуп алды. Акырын колу менен бетине конгон чымынды учуруп коёт же анысы учуп кетип калбайт. Сюжет болуп жатканда студиядагы оператор, үн режиссёр болуп студияда чымынды кууп жүргөнүбүз эсимде.

Бир жолу бир телеберүү менен түз эфирге даярданып жатканбыз. Алып баруучубуз журналист Назира Аалы кызы эле. Анын эфирге чыкчу студиясы төмөнкү кабатта болчу. Эфирге бир мүнөт калганда микрофону иштебей калды, жанымдагы операторго: «Чуркап барып, микрофонун карап келчи, эмнеге иштебей калды?» дедим. Ал ылдыйкы кабатка кетти. Ал чыгар замат микрофон иштеп кетсе болобу. Түз эфир башталды, карасам оператор Назиранын маңдайына барып, камераны жаап туруп алыптыр. Алып баруучу сүйлөп жатат, оператор түшүнгөн жок. Назира конокторду тааныштырып баштаганда оператор студиядан атып чыкты. Мага келип, «мен студиядан чыга электе эфирди эмнеге баштайсыз» деп таарынып жүрдү. Телеканалда иштеп жатканда мындай көрүнүштөр көп болот. Кадр артында эмне болуп жатканын көрүүчүлөр билбейт деле да», - дейт ал.

Бакыт Качкынов белгилегендей, кичинекей кезинде ал Ч.Айтматовдун кызына үйлөнөм деп айтчу.

«Кичинекей кезимде апама: «Чыңгыз Айтматовдун кызын алам» деп айтчу экем. Жаштын тилегин берет дегендей улуу жазуучубуз төрөлгөн Шекер айылынын жанындагы Бакайыр айылында чоңойгон кызга үйлөндүм. Экөөбүз эки уул, бир кыздуу болдук. Бош убактым болсо эле үй-бүлөм менен өткөргөн аракет кылам.

Максатым аткарган ишимдин үзүрүн көрүү. Иштеген телеканалдын аты эл оозуна алынып турса демек эфирге чыгарып жаткан эмгегим текке кеткен жок деп түшүнсөм болот» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
скачать dle 11.0фильмы бесплатно