Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Түмөнбай Колдошов: "эл эмне дейтти" сындырсам, азыр башка болмокмун

Интервью
96
0

Колдошов Алтынай Нарбаева аткарган "Жарты кайык", Самара Каримова ырдаган "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам", Эрнист Бөрүбаевдин "Сиз жөнүндө", Айпери Кулбаеванын "Элегия" ырларынынын обонун жазган. Жалпысынан 50гө жакын ырга обон берген. Ошондой эле өзү да чыгармаларды аткарып келет.

Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Түмөнбай Колдошов менен чыгармачылыгы, үй-бүлөсү жана алдыдагы ой-максаттары тууралуу маек курду.

— Сөз башынан болсун, балалык күндөрүңүз кандай өттү?

— Мен союз бузулайын дегенде 1986-жылы алыскы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында туулгам. Биз үй-бүлөдө жети бир тууганбыз. Мен бешинчисимин. Ата-энем дээрлик өмүр бою колхоздо иштеген адамдар, азыр пенсияда. Туугандар өз турмушубуздун арабасын тартып, бактыбызды түрдүү жактан издеп жүрөбүз.

 

Балалыгым айылда өттү. Аябай тартынчаак, жоош, эки колум чөнтөктөн чыкпаган бала элем. Ччыгармачылыкка жакын өстүм. 1-классымда алиппе майрамы болгондо Асанкалый Керимбаевдин "Энеке" деген ырын ырдагам. Адабиятка жана музыкага атам кызыктырып жиберди. Илгери "Ала-Тоо" деген журналдын ар бир санын калтырбайт окучубуз. Журналдар азыркыга чейин бар, мугалим болгондо Ошко алып келип алгам. Мектепте жүргөндө эле аккордеон үйрөнүп, ырдап, ыр жаздым. 9-класста окуп жүргөндө "Кыштын ызгаарында" деген биринчи аңгемемди жазгам. Анан обон жазганга ыктай баштадым.

Таланттуулардын көбү шок болот. Мен эч ким менен жакалашкан жокмун. Өмүр бою эле жакалашпай келем (күлүп). Өзүм менен өзүм сүйлөшкөн адам элем. Кадыресе экөөбүз бет маңдай отургандай (мени көрсөтүп — ред.), бери жагы Эстебес Турсуналиев, нары жагы Жолдошбек Мамажанов менен сүйлөшчүмүн. Колум да кыймылдап кетчү. Бул эми ашыкча кыялкечтик деп ойлойм. Кой жайган маалда аккордеон менен али ойной электе колдорумду кыймылдатып "Сүрөтүңөнү" ырдачу элем. Чоңойсом Жолдошбек Мамажановдой, Эстебей Турсуналиевдей болом дечүмүн. Үйдө Турсуналиевдин портрети да илинип турчу.

Кыргызский певец Тумонбай Колдошев
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Ырчы, обончы Түмөнбай Колдошов: мен журналист, диктор болууну абдан самачу элем. Бирок ал жакка тапшыра албай калып, кыргыз филологиясында окуп калым

— Мектепти бүткөндө филология тармагына тапшыруу өзүңүздүн эле чечим болдубу?

— Мен журналист, диктор болууну абдан самачу элем. Бирок ал жакка тапшыра албай калып, кыргыз филологиясында окуп калым. Тууганчылыгы бар адистик эмиспи, өкүнбөйм, журналист болбосом дагы өзүмдүн көз карашымды, оюмду, жаза алам, айта алам. Эң жок дегенде Ошко же Жалал-Абадга окууга өтөйүн дегем. Бирок ошол жылы шартыбыз туура келбей калды. Себеби мектептеги эң алдыңкы окуучулардын бири болчумун. Менден төмөн упай алгандар бюджеттик негизде шаарларга окуганы кетишкен. Мен Ала-Бука гуманитардык институтуна, болгондо дагы сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. 2005-жылы ошол эле окуу жайда техник-оператор деген штат ачылып, иштеп калдым. 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин күндүзгү бөлүмүнө которулуп келдим. Анан ошол жылдары обончулугум башталып кетти. ЭлТР уюштурган "Алтын үн" сынагында 112 катышуучунун ичинен баш байгени жеңип алгам. Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректормун, ошондой эле кыргыз филология факультетинде доцентмин.

— Анда театр, филармонияларда иштегенге убактыңыз жок турбайбы?

— Анын зарылчылыгы жок. Экинчиден, мугалим болуп иштеп илимдин арты менен жүрөм. Студент кезде алты ай Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда фольклордук топто иштеп, айлыгынын аздыгынан чыдаган жокмун. Андан кийин кыргыз, өзбек мектептеринде музыка, адеп, адабият сабактары боюнча мугалим катары иштедим. Ошону менен окууну да бүтүп калдык.

Кыргызский певец Тумонбай Колдошев
© ФОТО / КУБАНЫЧ МОЛДОКУЛОВ
Түмөнбай Колдошов 50гө жакын ырга обон чыгарган, өзү да аккордеондун коштоосунда ырдап келет

— Окутуучулук менен алектенип, илимдин аркасы менен жүрсөңүз, ыр жазганга, обон чыгарганга кенен убакыт жетпесе керек. Буйрутма бергендер көппү?

— Бирөөгө обон жазбайм. Буйрутма менен да иштей албайм. 2012-2015-жылдары катуу иштедим окшойм. Көп обондорум жазылды, концерт да бердим. Андан бери эки-үч гана обон жаздым. Негизи чыгармалардын саны көп болсо бири-бирине окшошо баштайт. Экинчиден, өзүмдө сандан сапатка деген талап бар. Анүстүнө чыгармачылыкта жаңы барактарды ачуу үчүн тыныгуу керек.

Азыр обон жазгым келип, жан дүйнөм текст издеп калды. Текст таппасам, обон жазбайм. Чоң обончулар обон жазып алып, текст издешет, меники тескерисинче. Ыр таап, жаттап, ал жүрөккө отуруп, орун алганда обон жазыла баштайт.

— Кандай учурда эргүү келет?

— Ырдын текстин тапмайынча мен эч ким эмесмин. Обонду маанайым жок кезде жазам. Адам курсагы тоюп, жыргап жүргөн мезгилде чыгармачылыкка дагы, өмүрүнүн өтүп жатканына да кайгырбайт. Жаның кыйналып турганда, өзүңдүн ким экендигиңди билип, өзүң тууралуу ой толгоп, өзүңдү издей баштайт экенсиң.

— Жакында өтө турчу концертиңиз тууралуу. Аталышы эмнеге "Сезимдеги аккорддор"?

— "Түмөнбай сизге ыр сунат" дегенге караганда жакшы го. Аккорд дегенди кенен түшүнүү керек. Поэзиядан дагы, музыкадан дагы аккорддорду кездештирүүгө болот. Аккордеондун капталында же майда топчуларында, пианинодо аккорд берилип турат. Мен чыгармачылыгымдагы, сезимдеримдеги аккорддорду элге тартуулайын деп турам. Бишкектеги концертти филармонияда койсом деген план бар болчу, бирок ремонт иштерине байланыштуу кыргыз улуттук драма театрында тартууламай болдум. Андан кийин эки күн Ош шаарында коем. Концертти көп күн берсе болот. Бирок мен Чубак Сатаев боло албайм. Ал кезинде 27 күн Бишкекте аншлаг менен өткөргөн экен. Ал деңгээл башка. Экинчиден, концерттин күнүн көбөйткөндө күч кетет, чарчайсың дагы, концерт халтурага айланып кетет. Жандуу үн, жагымдуу музыка менен келгендердин черин жазып, бир күн жакшы өткөрүп алсам жетет.

 

Кыргызский певец Тумонбай Колдошев
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Колдошов: жакында чыгармачылыгымдагы, сезимдеримдеги аккорддорду элге тартуулайын деп турам

— Сиздин коомчулукка таанылышыңызга Самара Каримова аткарган "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" деген ыр да себеп болду окшойт. Андан кийин бул ырды өзүңүз да аткарып чыктыңыз.

— Көбү ошентип ойлойт. Ал ырды алгач мен аткаргам, анан Елизабетта аттуу кыз, Нуртилек деген бала, анан барып Самара ырдады. Мен шоу-бизнестин бизнесмени эмесмин. Байма-бай ыр жазып, артынан кубалап клип тарттырып, чыгармаларымды радиодон бере алган жокмун. Аткаруучуларга дайым ыраазычылык билдирип келем. Ырларымдан кийин таанылган автормун. Ар бирин этап менен коюп коем. Чыгармачылыгымда "Сизди сүйгөм" деген ыр менин дебюттук чыгармам, "Сагындыңбы, мен да сагындым" (Элегия) визиттик карточкам, "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" менин атымды чыгарган ыр болуп калды.

— Эң коркунучтуу нерсе обонду бузуп ырдагандар болсо керек?

— Бузуп ырдап койгондор көп болгон эмес. Бир кыз жаш кезинде жакшы ырдачу эле, анан кийин заманбап кылам деген окшойт. Бир аз бузуп ийип, кийин өзү оңдоду. Мен эч нерсе деген эмесмин. Болгону социалдык тармакка өзүм тууралуу пост жазгам. Мен обончу катары эч бир акындын текстин оңдобойм. Маселе болсо акынга чалып өзүнө оңдотом. Сөздөрдү алмаштырып, каалашымча койгонго менин акым жок, экинчиден андай адепсиздикке мен бара албайм. Аткаруучулардан авторлорду айтып ырдагыла дейбиз.

Бир көйгөй бар. Көпчүлүк жаш акындар жакшы обон чыкса, ошого ылайыктуу ыр жазам деп ишти жеңилдетип алды. Ырчылар болсо бүтүн дүйнөсүн тойго багыттап салышты. Эч ким жүрөгүнөн чыккан ырды, кыйналганын, бактылуулугун, эмоциясын ырдабай койду. Биз көркөм дүйнөнү көрө албай калдык. Көркөм поэзияны түшүнбөй, көркөм прозаны окубай, көркөм фильмдерди көрбөй жатабыз. Бизге болгон угармандардын да табити жоголду.

 

Мен деле тойдо ырдап коем. Тойдун баарында даңгур-дуңгур ырлар боло бербейт да. Муңдуу ырларымды тыңдайм дегендер бар. Тойго ылайыктуу чыгарма жаза алган жокмун, балким таптакыр жазбайттырмын.

— Мугалим болуу кыйынбы?

— Ырахаттуу. Эгерде адамдын табитинде мугалимдикке болгон кызыгуу жок болсо кыйналышы мүмкүн. Ысыгына, суугуна чыдаган адам бала окута алат. Жашоодо пунктуалдуу болгонго аракет кылам. Коңгуроо болгондо кириш керек, чыгыш керек деген түшүнүк бар. Жашоону бир алкакка салып койгонго да болбойт, айрым учурда эркиндик да керек. Балдар менен тең ата да сүйлөшүп, дидарлашуу зарыл. Анын эмне болуп жатканын, эмне ою бар экенин билишибиз керек. Сүйлөшпөсөң бири-бириңен алыстайсың, анан таарынышып отуруп душманга айланасың. Мисалы менин бир эле ырымды угуп туруп кол шилтеп, чыгармачылыгымды жокко чыгарып салгандар бар. Биз дайыма кол алышып, өмүрү сүйлөшпөгөн адамдар тууралуу кеп кылып, сыртынан тон бычабыз.

Кыргызский певец Тумонбай Колдошев
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Түмөнбай Колдошов: адамдын табитинде мугалимдикке болгон кызыгуу жок болсо кыйналышы мүмкүн. Ысыгына, суугуна чыдаган адам бала окута алат

— Сыртыңыздан дистанцияны, субординацияны бекем кармаган адам сезилесиз. Жаңылышамбы?

— Ал сапаттар керек. Бирок бир нерсени айткым келем. Биз көп учурда айланадагылардын сөзүнөн чыга албай, өз алдыбызча ой жүгүртө албай, көз карашыбызды билдире албай, бирөөлөрдүн көзү менен жашап, жеке бактыбыз үчүн күрөшө албай, өзүбүзгө чектөө коюп алабыз дагы, ошону менен өмүр бою элдин оозун карап жашап калат экенбиз. Бир нерсе болсоң эч ким сенин тамагыңа аш салып бербейт, кол сунбайт. Мүдүрүлсөң да, жыгылсаң дагы сага эч ким жардам бербейт. Бул биздин ата-энелерибиздин "эл эмне дейт" деген тарбиясынан болсо керек. Эгер мен ошол стереотипти эбак сындырып салсам, азыр башка Түмөнбай болмокмун...

— Мына аткарам деген пландар тууралуу эмес, келечекке койгон бийик ой-максаттарыңыз тууралуу сурагым келип турат.

— Алдыда жакшы бир чыгарма жазгым келет. Эмне тууралуу экенин деле билбейм. Дүйнөдөгү искусство адамдарынын бир эле чыгармасы атагын чыгарат. Мени көпчүлүк "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" ыры аркылуу таанышат. Бирок жеке оюмда андан да жакшы чыгармаларды жаздым. Мисалы "Бара алган жокмун" деген ырымды жакшы көрөм. Бирок аны аудиториянын кабыл алышы кыйын, татаал поэзияга ыр жазып коюпмун. Бир кездери Асанкалый Керимбаев "Ак булуттарды" ырдаса эл түшүнбөй калган экен, ошондо "ырды түшүнбөгөн эл жинди же эл түшүнбөгөн ырды жазган мен жинди" дептир. Бардыгынын өз убактысы болот. Мен элдин эсинде ырларым менен гана калам. Ошондуктан жакшы бир ыр жазып, ага экинчи өмүрүмдү байлап кетишим керек. Мындан сырткары, илимий даражаларымды жактайм.

 

— Соңунда жеке турмушуңуз тууралуу айтып бересизби?

— Келинчегимдин аты Гүлназ. Ала-Буканын Биринчи май айылынан болот. Үч уул, бир кызыбыз бар. Кызыбыз жаңы эле төрөлдү. Бактылуу жашаганга абдан аракет кылган үй-бүлөбүз.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190329/1043803014/yrchy-obonchu-tumonbaj-koldoshev-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик