Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
09:27
Бишкек шаарында абал тынч
13:08
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
12:53
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
12:44
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
12:58
Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда
11:31
Ат-Башыда түндө жер титиреди
10:52
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
17:03
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
16:18
Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек
13:39
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти.
13:19
Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет
17:19
Колу байланып, керебетке таңылган кыздын тагдыры эмне болду? Окуянын чоо-жайы
17:15
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
17:04
Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты
10:06
Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти
10:05
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
14:23
Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?
11:07
Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү
15:37
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди
10:27
"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты
12:39
Тоо койнундагы Көл-Төрдүн асмандан тартылган сүрөттөрү
11:37
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
Бардык кабарлар

Кыргызстандыктар бизде 2000 доллар айлык алышат. Түштүк Корея элчисинин маеги

Интервью
86
0

Кыргызстандын редакциясына Түштүк Кореянын элчиси Ха Тэ Ёк өлкөсүндө кантип ишке орношуу керек, Корей элдик-демократиялык республикасы (КЭДР) менен мамиленин жакшырышы жөнүндө маалыматты мекендештери кандай кабылдаганы боюнча маалымат берди.

— Кыргызстан менен Кореянын соода-экономикалык мамилелери туурасында айтып берсеңиз.

— Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн, тилекке каршы, азырынча 100 миллион долларга жеткире албадык. Биздин дараметибиз дагы ачыла элек, бул багытта аракетибизди арттыруубуз абзел. Кыргызстан кореялыктар үчүн ушул убакка дейре абдан чакан рынок катары кабыл алынат, бирок андай эмес да. Сиздин мамлекет — Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү, мында европалык өлкөлөр үчүн атайын бажы режими иштейт. Эгер бул боюнча корей бизнесмендери кабардар болушса, алар Кыргызстанда эмне деген гана өндүрүштөрдү ачууга билек түрө киришмек.

Түштүк Корея Кыргызстан менен экономиканы өнүктүрүү боюнча тажрыйбасынан бөлүшүүнү көздөйт. KOIKA (Өнүктүрүү боюнча корей эл аралык агенттиги — ред.) жыл сайын сиздин республикаңызга 5 миллион доллар тегерегинде каражат салым кошот. Ишке ашырылып жаткан долбоорлорду президент Сооронбай Жээнбеков да белгилейт.

 

Мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына биз да ортоктош болуп, санариптештирүү багытында иш алып баргыбыз келет.

— Келиңиз анда, илим, маданият жана билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө баарлашалы?

— Кыргызстанда буга жакшы жагдай жаралды, анткени, жаштардын корей маданиятына, сериалдары, музыкасына кызыгуусу артууда. Корей Республикасынын өкмөтү жылына стипендия бөлөт, ал аркылуу ондогон кыргызстандыктар биздин өлкөдө билим ала алышат. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн кыска мөөнөттүү билим берүү курстары бар, бул долбоорду да KOIKA колдойт. Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинде корей борборлору иштейт, ал жайларда кыргызстандыктар биздин өлкөнүн тилин үйрөнүп, маданияты менен тааныша алышат. Жакында эле дагы бир Корея таануу борборун ачтык.

— Корея менен менин жеке таанышуум беш жашымда башталган. Анда мен "Хон Гиль Дон" көркөм тасмасын көргөн элем. Сиз ал кинону көрдүңүз беле?

— Бул Түндүк Корея тасмасы болсо керек эле...

— Кечириңиз...

— Эч нерсе эмес, "Хон Гиль Дондун" түштүк кореялык режиссёр тарабынан да тартылган версиясы бар.

Шеф-редактор Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков во время беседы с послом Республики Корея в Кыргызстане Хате Йок
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк: Кыргызстан — ЕАЭБдин мүчөсү, мында европалык өлкөлөр үчүн атайын бажы режими иштейт. Эгер бул боюнча корей бизнесмендери кабардар болушса, алар Кыргызстанда эмне деген гана өндүрүштөрдү ачууга билек түрө киришмек.

— Аябай таасирленип, окшошкум келген каарман эле. Бактардын үстүндө чуркап, кунг-фу менен машыгып… Өлкөлөрүбүз маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты өрчүтсө деген тилек. Маселен, азыр k-pop кеңири тараган. Бирок сиздин коңшу өлкөңүз тууралуу кеп козголуп калган соң, айтсаңыз, Түштүк Кореянын жарандары Түндүк Корея менен мамилени түзөтүү кабарын кандай кабылдашты?

— Түштүк Кореянын дээрлик бүт тургундары бул аракетти кубаттоодо. Азыр Корей жарым аралдагылардын баары ынтымакта жашоону каалайт. Биздин жарандар Түндүк Корея менен тынчтыкка жетишүү, анүчүн көп аракет жумшоо керектигин билишет.

— Кыргызстандагы корей диаспорасынын мүчөлөрү көппү, канча убакытта бир кандай себептер менен чогулушат?

— Корейлер Борбордук Азияга кандайча байыр алышканы жалпыга маалым болсо керек. Адегенде алар Казакстан менен Өзбекстанга келишкен, кийинчерээк айрымдары Кыргызстанга жер которушкан. Азыр мында 17 миң корей жашайт. Көп болбосо деле, корей диаспорасы сыйга татып, белгилүү бир ийгиликтерди багындыра алышканына күбө болдум. Менимче, буга корейлердин мээнеткечтиги себеп.

Биздин диаспора салт-санаабызды сактап калышкан. КРде кореялыктардын коомдук бирикмеси түзүлгөн, анын алдында жаш ишкерлер топтолгон "Бишкек-Форум" жана "Прогресс" бизнес-клубдары бар. Алар көптөгөн иш-чараларды өткөрүп турушат.

 

Бизнес ачуу үчүн Кыргызстанга биздин жарандар келгенде жергиликтүү кореялык коом абдан катуу көмөктөшкөн. Биздин өкмөт жергиликтүү корейлерди колдоо үчүн дайым күч жумшап келет. Түштүк Кореяда чет жердеги мекендештерге жардам көрсөткөн, бюджети жакшы атайын фонд бар. Ал Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесине да, Корея Республикасында билим алууга белсенген корей жаштарына стипендия үчүн да каражат бөлөт. Тарыхый мекенди көргүсү келгендер үчүн да программа бар.

— Менимче, акыркы кезде Кореяга кеткен кыргызстандыктардын саны арбыды. Балким, акча табууга, мүмкүн биротоло ал жакка жөнөп жатышкандыр... Түштүк Кореядан иш табуу, Корея жарандыгын алууга болгон талаптын өсүшү эмнеге байланыштуу?

— Корея Республикасында жумушка орношууга кыргызстандыктарга жол ачкан программа 2007-жылы башталган. Жыл сайын 250-300 киши ишке алынат. Азыр Кореяда алты миңдин тегерегинде кыргызстандык бар. Эмгек мигранттарынын агымы чындап эле көбөйүүдө, негизинен өлкөңүздүн түштүк аймагынын тургундары басымдуулук кылат. Баарынан мурда аларды маяна (1,5-2 миң доллар), эмгектин жакшы шарттары, иш саатына жогорку чендер жана башка көптөгөн бонустар кызыктырат.

Чет өлкөлүк жумушчулардын баарына эмгек талаптарынын катаалдыгы бирдей. Ар кыл өлкөнүн жарандары үчүн белгилүү бир ишмердик чөйрөлөрү бекитилген. Кыргызстандыктар көбүнчө заводдордо иштешет, алар, маселен, айыл чарбасы же тейлөө тармагында иштей алышпайт.

— Корей жарандары өздөрү орточо канча табышат?

— Чет элдиктердей эле, эч кандай айырмасы жок.

Шеф-редактор Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков во время беседы с послом Республики Корея в Кыргызстане Хате Йок
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Элчи: Азыр Кыргызстанда 17 миң корей жашайт. Көп болбосо да, корей диаспорасы сыйга татып, белгилүү бир ийгиликтерди багындыра алышканына күбө болдум. Менимче, буга корейлердин мээнеткечтиги себеп.

— Эмнеликтен кыргызстандыктардын заводдордо гана иштөөгө акысы бар?

— Программа башталгандан бери 12 жылдык тажрыйбанын негизинде ушундай чечим кабыл алынган. КРдин айрым жарандары Кореяда мыйзамсыз жүргөн учурлары болду. Келишимдин мөөнөтү аягына чыга электе ишин таштап, башка жумушка орношкон же башка терс көрүнүштөр болду. Ушул себептен азыр кыргызстандыктарга өндүрүш тармагында гана иштөөгө уруксат берилген.

— Биздин өлкөлөрдүн жарандарынын кандай окшоштуктары бар, эң башкы айырмачылыгы кайсы?

— Беш жыл мурун алгач келгенимде кыргыздардын корейлерге өтө окшоштугун көрүп, бир аз таңгалгам. Жергиликтүү бир тургун түпкү бабаларыбыз бир деп да айткан. Кайсы бир деңгээлде мунун чындыгы да бардыр.

Корейлер да, кыргыздар да ак ниет, улуттук ар-намысты бийик туткан калк. Кыргыздар бир топ кылым көчмөн болгон, ар кыл маданият, дин, анын ичинде буддизм жана христиан дининдегилер менен аралашышкан, кийин бул аймактарда ислам басымдуулук кылган. Корейлер отурукташкан калк, бизде Конфуций идеологиясы болгон. Советтер Союзунун маалында Кыргызстан социалисттик республика, ал эми Түштүк Корея эркин рынок жана эркин экономиканы курган. Ошондуктан кыргыздар менен корейлердин дүйнө таанымы жана жүрүм-туруму айырмаланат.

 

— Социалдык медиада Түштүк Кореяда иштеген КР жарандары бизде эл аралык уюмдарда ишке орношо алышары тууралуу кабарланган. Бул долбоор Корея Республикасынын көмөгү менен жүргүзүлөбү? Эгер ошондой болсо, бул туурасында кененирээк айтып берсеңиз.

— Жогоруда мен атаган расмий түрдө жумушка орноштуруу программасы боюнча беш жылдык иш мөөнөтү каралган, болжол менен мигранттардын эки-үч агымы мекенге кайтты. Биз аларды мында ишке жайгаштыруу үчүн кореялык компаниялардын өкүлдөрү менен тааныштырганбыз. Андай жолугушууларды бир жылда бир өткөрөбүз.

Мисалы, кыргызстандык жаран Кореяда беш жыл иштеп, ширетүү технологиясын өздөштүрүп, үйүнө кайтып, мында корей курулуш ишканасына ишке кирди дейли. Албетте, ага Кореядагыдай маяна төлөнбөйт, бирок кандай болгон күндө да жакшы айлык табат.

Посол Республики Корея в Кыргызстане Хате Йок во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Элчи: Түштүк Кореяда чет жердеги мекендештерге жардам көрсөткөн, бюджети жакшы атайын фонд бар. Ал Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесине да, Корея Республикасында билим алууга белсенген корей жаштарына стипендия үчүн да каражат бөлөт. Тарыхый мекенди көргүсү келгендер үчүн да программа бар.

— Жылына 350 жумушчу орун — бул Түштүк Корея тарабынан бөлүнгөн квотабы?

— Квота боюнча 500 орун, бирок ишке орношууну каалаган, ылайык келген жана иш берүүчүлөрдүн талабына туура келген кыргызстандыктардын саны беш жүзгө чыкпайт.

— Түштүк Кореяда иштегим келсе, эмне кылуум зарыл?

— Бишкекте жумушка орноштуруу борборлору бар, аларга кайрылып, корей тили боюнча экзамен берүүгө катталып, кайсы ишке жөндөмүңүз, кандай технологияларды билериңиз туурасында айтып берүүңүз кажет. Эгер бардык талаптарга жооп берсеңиз, сизди Кореядагы иш берүүчүлөр караган тизмеге киргизишет. Орточо буга 1,5 жылча убакыт сарпталат.

— Кореяга жол кире, жашоо үчүн чыгымдарга башта канча каражат кетет?

— Тилекке каршы, сизге так көрсөткүч айта албайм. Иш келишимдеринде эң аз айлык акы — 1,5 миң доллар деп көрсөтүлгөн, аны мигрант ал жакка баргандан кийин бир айдан кийин колуна алат. Андыктан, алгач жанына акча алганы оң, менимче, кайра эки-үч айда акталат. Ал эми соңку беш жылда кыйла тыйын топтоп, мекендеги үй-бүлөсүнө да көмөктөшө алат.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190423/1044067596/ehlchi-ha-teh-yok-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик