Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
Бардык кабарлар

Баланын кыркы чыккыча үйдөн чыкпай коюу туура эмес. Дарыгер менен маек

Интервью / Здоровье
96
0

Психологдордун пикиринде, төрөттөн соң аял 10 күнгө созулган адаптациядан өтөт. Айрыкча жаш энелердин жаңы макамга көнүшү өтө татаал жүрөт. Бир күндө көз жарат, ал эми бала багуу — ар күнкү жоопкерчилик. Апкаарып калбаш үчүн бала төрөлгөндөн кийин эмне кылуу керектигин алдын ала билип алган оң. Ушул туурасында Айгүл Тасымбекова менен баарлаштык.

Врач-неонатолог центра планирования семьи Брак и семья Айгуль Тасымбекова
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО АЙГУЛЬ ТАСЫМБЕКОВОЙ
"Нике жана үй-бүлө" борборунун неонатологу Айгүл Тасымбекова

— Бала жарыкка келген күнү кандай медициналык процедуралардан өтүшү шарт?

— Ымыркай аман-эсен төрөлөрү менен анын денеси жылуу жалаяктар менен сүртүлүп, кургатылып, эненин көкүрөгүнө жаткырылат. "Теринин териге алгачкы тийишинен" бала коопсуз экенин туят. Ымыркайдын башына сөзсүз топу кийгизүү зарыл, анткени баштын терисинде тамырлар көп жайгашкандыктан, башына суук тийгизбеш керек.

Бала эненин көкүрөгүнө берилгенде ал коркпой, денесин бош коюп жатышы керек, андан соң бир жарым саат аралыгында баланы эмизүүгө аракет кылсын. Эненин ууз сүтү сиңимдүү, пайдалуу заттарга жана микроэлементтерге абдан бай. Ымыркай үчүн ал биринчи эмдөө, ууз сүт аркылуу баланы ар кыл, анын ичинде вирустук оорулардан коргоп калчу антитело, иммуноглобулиндер көп. Эне баланы эмизип жатканда жатынды жыйрылтуучу окситоцин бөлүнүп чыгат. Бул аялдын саламаттыгы үчүн абдан маанилүү баскыч. Жатын жыйрылган маалда калдыктар, уюган кан, кээде түйүлдүк челинин бөлүктөрү да бөлүнүп чыгат. Дегеле, бала эмизүү аялдын ден соолугу үчүн өтө пайдалуу, көкүрөк бездеринин, энелик бездеринин рагынын өрчүшүнүн алдын алат.

— Төрөт үйүнөн чыкканча ымыркай кандай эмдөөлөрдү алышы зарыл?

— Алгачкы эки саат аралыгында сайылчу ийне — конакион, бул кансыроонун алдын алат, ымыркайдын организминде адатта ушул витамин жетишсиз болот. Андан соң 6-12 саат ичинде экинчи ийне сайылат, ал — В гепатитине каршы эмдөө. Бул булчуңга, оң санына сайылат. Кийинки үч-жети суткада кургак учукка каршы эмдөө сол колуна жасалат. Жалпы үч ийне сайылат. Андан кийинки эмдөөлөр календарга ылайык бейтапканада жүргүзүлөт.

 

— Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер боюнча кеп салсаңыз.

— Менимче, мунун баары сабатсыздыктын айынан келип чыккан нерсе. Ата-энелер балдардын кызыкчылыгын коргогон соң алар сабаттуу, көп нерседен кабардар болууга тийиш. Айрымдар эмдөө аллергия жаратат, терс таасир тийгизип, ооруга алып келет деп чочулашат. Бирок бул баланын өз абалы жана саламаттыгына жараша, мисалы, анын тукум кууган аллергиясы болушу мүмкүн. Статистика боюнча терс таасир тийгизген учур 100 миң баланын биринде байкалат.

Кээде биз ата-энелердин болбогон жүйөлөрүн угабыз. Бир баланын атасы эмдөө аркылуу америкалыктар кыргыздарга зыян келтирүүгө аракет кылганын, дагы башкасы молдо балдарды эмдетүүгө тыюу салганын айтат. Мындайды укканда үрөйүм учат. Ымыркай эмделгенде анын организминде гепатит менен кургак учукка каршы коргоочу антителолор жаралат, бала ооруп калган күндө да дартты жеңил көтөрө алгыдай иммунитет түптөлөт.

— Эмдөөдөн мурун бала кандай текшерүүлөрдөн өтөт?

— Баланын жалпы абалы текшерилет, эти ысыган жокпу, салмагы өз айына жарашабы, эң башкысы, аллергиясынын бар-жогу ата-энесинен такталат. Эмдөө жасалбай турган учурлар да болот, мисалы, баланын салмагы 1500 граммдан аз, эти ысып турса, энеси ВИЧ-жуктуруп алган болсо же баланын тукум кууган бир дарты болсо, эмдөө жасалбайт.

— Жаш энелерди беймазага салган убак — ымыркайлардын ичине жел турушу. Андайда кантип баланын абалын жеңилдетүү керек?

— Ымыркайлардын ичегилери жакшы жетиле элек болот. Ал алты айында гана өз калыбына келет, андыктан ата-эне сабырдуу болууга аракет кылганы жакшы. Ичегилер жай иштегени үчүн жел туруп калат. Ошондон да ичи катыйт. Же ичи көбөт, андайда бала басылбай, колу-буттарын түйүп, ыйынып жаткандай ыйлайт. Андай убакта баланы сылап, сооротуп, саат жебесинин багыты боюнча ичин укалаш керек. Эненин алакандары жылуу болушу шарт, анүчүн крем же вазелин сүйкөп алууга болот. Андан соң баланын буттарын кыймылдатып, тизесин бүгө ичине тийгизип, "велосипед" көнүгүүсүн жасатууга болот. Эгер эне 8-10 ирет эмизсе, ушунча ирет тизесин бүгүп, көмкөрөсүнөн, көтөнүн өйдөлөтө жаткыруу зарыл. Бул анын ашказанынын ишин жакшыртат. Эгер көнүгүүлөрдүн көмөгү тийбесе, атайын каражаттарды ичирген оң. Айтмакчы, балага туура эмес эмчек салуудан да ичине жел турат, бала ашыгып оозуна салат да, сүттү эмгенде аба жутуп алат.

 

— Ымыркайга эне сүтүнөн бөлөк эмне берүүгө болот, маселен, малдын сүтүн берген туурабы?

— Эненин сүтү аркылуу бала бардык зарыл микроэлементтерди жана пайдалуу заттарды алат, андыктан суу, шире жана чай берүүнүн кажети жок. Кээ бир аялдар өзүнүн сүтү баланы тойгузбай жаткандай көрүп, уй, эчки же жасалма сүт бере баштайт. Андай кылыштын кажети жок! Малдын сүтүндө казеин камтылат, аны организм начар сиңирип, аллергия кылат, жетиле элек бөйрөктөргө күч келтирет.

— Эмчек сүтүнө тойбой жаткандай сезилгенде эне эмне кылууга тийиш?

— 35 жылдан бери иштейм, аялдын сүтү чыкпаганын көрө элекмин. Эгер ал көз жарса, анын сүтү балага жетишерлик өлчөмдө болот. Жогоруда айтып өткөндөй, төрөттөн кийинки үч күн ууз сүт келет. Аз болсо да анын курамы өтө топуктуу. Ууз сүттүн 5-10 миллиграммы да ымыркайды тойгузат. Аны көкүрөккө көбүрөөк жакындатып, башкысы, туура эмизүү керек. Кошумча тамак берип же жасалма сүт бериштин зарылдыгы жок. Кээде тажрыйбасыз энелер сүтүм суюк, көгүш түстө деп даттанышат. Эненин сүтү эч качан суюк болбойт. Андан тышкары, анын курамында баланын акылынын өрчүшүнө жооп берген таурин белогу бар. Эмчек ээмп чоңойгон баланын мектеп курагында IQ көрсөткүчү жасалма сүт менен чоңойгон наристелерге караганда жогору. Ошону менен бирге эле жасалма сүт ичип өскөндөр суукка көп урунуп, ар кыл инфекцияларга тез кабылат.

 

Кандай гана болбосун, алтургай, эне сасык тумоого же башка ооруга кабылса да, баланы эмчектен чыгарбоо керек. Андай күндөрү да эмизүү зарыл, анткени аялдын организминде баланы коргой турган антителолор иштелип чыгат.

— Маститтин алдын алуу үчүн эмне кылуу?

— Эң орундуу суроо, себеби дал ушул оору менен кайрылган аялдардын саны арбын. Кайдан угушканын билбейм, бирок айрым энелердин арасында улам эмизген сайын эмчектин үрпүн жууп туруу керек деген жаңылыш пикир бар. Андай кылбаңыздар! Эртең менен турганыңызда гана бир жолу жылуу суу менен сүртүп коюу эле жетиштүү. Үрптүн тегерегинде бактерициддик заттарды иштеп чыккан бездер бар, андыктан кайра-кайра жууштун кажети жок. Эмизип бүткөндөн кийин калган сүттү саап коюу зарыл. Эгер калып калса, ал катуулап, маститке алып келет. Сүттү кантип сааш керек? Адегенде укалап, андан кийин жылуу компресс коюп туруп сааңыз. Эгер аял колу менен саай албаса, дарыканада сүт саагычтардын түрү сатылат. Мастит — бул эмчек безинин сезгениши. Ал туура эмес эмизүүдөн, же эмчектин үрпү кесилген убакта жаралат. Кесиктер аркылуу инфекция кирип, ириң пайда болот. Мастит эненин этин ысытып, аябай оорутат. Ага да моюн бербей укалап, сүттү кандай болсо да чыгаруу керек.

Эч нерсе жардам бербесе, аялдын абалы начарлап кетсе, акыры ага антибиотик жазылып же операция жасалат.

— Ымыркайды качан күнгө алып чыгууга болот? Күн нурунун кандай пайдасы бар?

— Мени түйшөлткөн дагы бир суроону узаттыңыз. Кыргыз аялдары ырым-жырымга ишенип, ымыркай менен 40 күн эч жакка чыгышпайт. Аны төрөлгөндөн кийин, экинчи суткадан кийин эле жок дегенде 15-20 мүнөт таза абага көтөрүп чыккан оң. Бул баланы чыйралтат, эң башкысы — күн нурунун таасири менен баланын организминдеги билирубин деңгээли жөнгө салынат, дал ошондон улам баланын териси сары түстө болот.

 

— Бала жаткан бөлмөнүн температурасы кандай болууга тийиш?

— Негизи жаңы төрөлгөн баланын дене табы чоңдордукуна караганда жогору — 36,5-37,5 градус. Ошондуктан бала уктаган бөлмөдө температура 25 градустун чегинде, бирок бала ара төрөлгөн болсо, анда 28 градуста кармаган дурус.

Дагы бир жолу кайталайын, баланын чың ден соолукта чоңоюшу үчүн өзүңүз эмизиңиз, бул ымыркайды коргоп, иммунитетин бекемдейт. Дал ушул жол аркылуу узак жылдарга бала менен тыгыз жана сезимтал байланыш түптөлөт. Сак-саламат, сулуу, акылдуу, өнөрлүү балдар — улут сапатынын көрсөткүчү. Ал эми эркектерден үй-бүлөсүн коргоону өтүнөр элем.

Маек "Биз — ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул — ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлөнү жоопкерчилик менен куруу, ошону менен бирге эле кош бойлуулукту, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо боюнча аялдар менен эркектердин маалымдуулугун арттырууну көздөйт. Белгилүү кыргызстандыктардын ата-энелик милдетин кантип аткарары тууралуу, ошондой эле ушул багытта кеп-кеңеш, сунушун аябаган адистер (акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдор) менен маек курабыз.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190606/1044590026/daryger-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик