Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
11:41
Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти
10:35
Милиция Атамбаевдин үйүнө чейинки жолду ачты
10:28
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
09:55
Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
09:51
Курсан Асанов Атамбаевдин тарапташтары менен сүйлөшүп жатат
09:27
Бишкек шаарында абал тынч
13:08
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
12:53
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
12:44
Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти
12:58
Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда
11:31
Ат-Башыда түндө жер титиреди
10:52
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
17:03
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
16:18
Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек
13:39
Москвадагы кыргыз мигранттары 43 күн жоголгон таиланддык кишини таап беришти.
13:19
Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет
17:19
Колу байланып, керебетке таңылган кыздын тагдыры эмне болду? Окуянын чоо-жайы
17:15
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
17:04
Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты
10:06
Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти
10:05
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
14:23
Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Айыбы эмнеде?
11:07
Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү
15:37
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди
10:27
"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты
12:39
Тоо койнундагы Көл-Төрдүн асмандан тартылган сүрөттөрү
11:37
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка чакырылды
11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
Бардык кабарлар

Аутист баланын атасы: чүрпөсүнүн дартын угуп таштап кеткен эркектерге айтарым бар

Интервью
37
0

 Анын экинчи баласы аутист. Мындай балдарды дарылап реабилитациялоого оңбогондой акча кетет. Маектеш ишкерликке өтүп, азыр сырттан велосипед алдырып, сатып жатканын айтты.

Мирлан Ишенов 3-августта аутист балдардын ата-энелерине маалымат жеткирүү максатында Бишкектен Ысык-Көлгө чейин веложүрүш жасаганы жатат. Иш-чаранын алдында ал жубайы менен Кыргызстан агенттигине келип уулунун дарты, аймактардагы элдин аутизм боюнча түшүнүгү тууралуу айтып берди.

— Уулуңардын дартын канча жашында кантип билип калдыңар?

Мирлан Ишенов: — Негизи өзүбүз Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айылында турабыз. Айылда тийиштүү адистердин жоктугунан балабыздын аутист экенин кеч билип калдык.

Касиет Унжурбаева: — Мындай учурга биринчи ирет кабылгандыктан, башында көп этибар алган эмеспиз. Балабыз үч жашка чыкты. Бирок сүйлөгөнү кечеңдеп, чакырсак келбейт, карабайт. Тынчсызданып Бишкекке алып бардык. Ал учурда үчүнчү балабыз төрт айлык болчу. Күн ысык. Жал кичи районундагы балдар ооруканасына барсак, ал жактын дарыгерлери ЗПРР деген диагноз коюшту. Ал психологиялык жактан жабыркаган дегенди түшүндүрөт экен. Кулагы укпай жатабы деп аппаратка салдырсак, "100 пайыз угат, кулагы таза" деп чыкты. "Жакшы болуп кетээр, сүйлөп калаар" деп кичинекей менен ысыкта кыйналбай кетип калдык.

 

Бир күнү кокустан эле Тоң районунун Бөкөнбаев айылында майыптыгы бар балдардын "Шоола көл" деген уюмунда иштеген Чынара эжеге жолугуп калдым. Ал киши балабызды көрүп эле "аутизмдин белгилери бар экен" деди. Адистер негизи мындай балдарды дароо билишет турбайбы. "Атайын бир тест бар, ошондон өтүп көр" деп сунуш кылды. Тесттен өтсөк балабызда аутизмдин белгилери бар болуп чыкты. Ошентип Чынара эженин сунушу менен Бишкектеги аутист балдар менен иштеген "Рука в руке" коомдук бирикмесине келип калдык. 

Кыргызстанец Мирлан Ишенов с супругой Касиет Унжурбаевой
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Мирлан Ишенов жубайы Касиет менен уулунун дарты, аймактардагы элдин аутизм боюнча түшүнүгү тууралуу айтып берди.

— Бул синдромду дарыгерлер төрөлгөндө эле аныктай албайт бекен?

К.У.: — Уулубуз төрөлгөндө жакшы эле болчу. Бир жарым жашында эжеси менен ойноп, чакырсак келчү. Аутист балдар негизи ойномок түгүл бирөөнү карай да албайт экен да. Андан кийин эле кыймыл-аракети, жүрүш-турушу өзгөрө баштады. Адистердин айтымында, аутизмдин белгилери үч жашка чейин билинет экен. Кээ бириники тубаса болот дейт. Мындай балдарды адистерге канчалык эрте көрсөтсөң, жыйынтыгы ошончо жакшы болот дешти.

Баса, биздин медициналык кызматкерлердин аутизм боюнча маалыматы өтө эле аз. Билбей эле ар кандай диагноз кое беришет. Райондук ооруканаларга барсаң, дароо эле шаарга жөнөтүшөт.

— Баланы реаблитациядан өткөрүп жатканыңыздарга канча болду? Жыйынтык барбы? Ысык-Көлдөн Бишкекке каттап турасыздарбы?

К.У.: — Аутист балдардын эң чоң көйгөйү — коомго кошулуу. Анткени булар бала менен ойной албайт, эч нерсеге кызыкпайт, ал тургай бирөөнү тиктеп карай албайт. Жашоого жөндөмү жок болот. Бирок ошонун баарын реабилитация аркылуу үйрөтсө болот экен. "Рука в руке" коомдук бирикмесинин сабактарына 2019-жылдын башынан бери келип жатабыз. Азыр уулубуз оюнчук ойногонду үйрөнүп калды. Уулубузга карап убактылуу Бишкектебиз. Бирок эки балам Ысык-Көлдө чоң энесинин колунда болгондуктан, ал жакка да тез-тезден каттап турабыз.

 

М.И.: — Аутист, Даун синдрому бар балдарды деле баарына үйрөтсө болот экен. Болгону ата-эне чыгынып, аракет кылышы керек. Азыр мындай балдардын ата-энелеринин көбү эле кайдыгер мамиле кылып, алар менен иштебей коюп жатат. Ден соолугу, акыл-эси соо балага деле эч нерсе үйрөпөсө, ошол бойдон калат. Ошол сыяктуу буларды жашоого жөндөмдүү кылып, өз алдынча болууга көндүрсө болот. Мындай балдарды өз алдынча кылууга убакыт, анан көп акча талап кылынат экен. 

Кыргызстанец Мирлан Ишенов с супругой Касиет Унжурбаевой и с сыном страдающим аутизмом
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Касиет Унжурбаева: аутист балдардын эң чоң көйгөйү — коомго кошулуу. Ушуну акыркыга коесузбу

— Чыгымыңыздар бир топ эле болуп жаткан экен да?

К.У.: — Ооба, каражат аз болсо баланы дарылатуу кыйын. Мисалы, биз бир күндө эки сааттык окууга жазылдык. Ага айына 17 500 сом төлөйбүз. Күнүнө төрт саат окута тургандардын акысы 35 миң сом. Андан да кымбат, адистери күчтүү борборлор бар. Ал жактарда акыны доллар менен алышат.

М.И.: — Реабилитация кымбат болгондуктан, мамлекеттик кызматты таштап башка ишке өтүүгө туура келди.

— Кайда иштечү элеңиз?

М.И.: — Буга чейин Тоң айыл өкмөтүндө иштечүмүн. Бирок уулумдун диагнозунан кийин жеке ишкерликке өтүүгө туура келди. Анткени айыл өкмөттө айлык аз, эч нерсеге жетпейт. 

Отец ребенка с аутизмом Мирлан Ишенов собирается пройти велопробегом от Бишкека до Тонского района Иссык-Куля
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Мирлан Ишенов: балабызды "Рука в руке" коомдук бирикмесине алып барганда ар кандай тагдырларды көрдүк. Көп аял баласын жалгыз дарылатып жүрөт. Көрсө, алардын күйөөлөрү балдарынын диагнозун укканда таштап кетиптир.

— Эмне жумуш кыласыз?

М.И.: — Дени сак жашоо, таза экология үчүн жан үрөгөн адаммын. Мындан улам автоунаага караганда велосипед сатууну туура көрдүм. Ал абаны булгабайт, адамдардын ден соолугун чыңайт дегендей. Бир жылдан бери чет өлкөдөн велосипед алдырып, Кыргызстанда сатам. Кардарлар кичинеден көбөйүп келе жатат. Буга чейин экомарафонго да катышкам. Анда жөө күлүктөр менен чуркаганча Ысык-Көлдүн айланасындагы таштандыны тазалап чыкканбыз.

— Баса, веложүрүш да өткөргөнү жатыптырсыз, иш-чара тууралуу да айта кетесизби?

— Негизи велосипед менен Бишкектен Ысык-Көлгө чейин жүрүш кылсамбы деп ойлонуп жүргөм. Анан жөн барбай аутизм боюнча элге маалымат тарата кетүүнү ойлодум. Анткени аймактарда көп адамдын аутизм тууралуу кабары жок. Айрымдар баласы көпкө чейин сүйлөбөсө "тили кеч чыгаар" деп жүрө берет. Мындан сырткары, кээ бир ата-энелер кайдыгерлик кылып аутист чүрпөсүн дарыгер, адистерге көрсөтпөйт. Аны канчалык эрте аныктап, убагында реабилитациядан өткөрсө, кийин бала коомго өз алдынча кошула алат. Ошондуктан Тоң районуна жеткиче аутизм тууралуу "Рука в руке" коомдук бирикмесинин маалымат баракчаларын таратайын деп чечтим. 

Кыргызстанец Мирлан Ишенов с супругой Касиет Унжурбаевой и с сыном страдающим аутизмом
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Касиет Унжурбаева: аутист балдардын эң чоң көйгөйү — коомго кошулуу. Ушуну акыркыга коесузбу

— Демек, аймактарда аутизм тууралуу маалымат аз турбайбы...

М. И.: — Биздин кошуна айыл аймакта бир эже долбоор жазып ушундай балдар менен иштешем деп имаратын салдырды. Бирок ал жакта иштей турган адис жок. Дарыгерлердин аутизм боюнча түшүнүгү аз. Бизге балким Чынара эже жолукпаса, уулубузду ар кайсы оорудан дарылатып жүрө бермекпиз. Мамлекет аябай эле аз көңүл бурат. Аймак эмес, Бишкекте бир дагы мамлекеттик борбор жок. Жеке борборго баласын алып барууга бардык эле ата-эненин кудурети жете бербейт, кымбат.

Балабызды "Рука в руке" коомдук бирикмесине алып барганда ар кандай тагдырларды көрдүк. Көп аял баласын жалгыз дарылатып жүрөт. Көрсө, алардын күйөөлөрү балдарынын диагнозун укканда таштап кетиптир. Эркектерге учурдан пайдаланып кайрылып кетет элем. Качан эле кыргыз өз тукумун бирөөгө таштап кетчү эле. Бала ооруса күнөөлүү кишини издебей, тескерисинче, ата-эне чогуу болушу керек да. Анын өмүрү, жашоосу үчүн чогуу күрөшүүсү кажет. Кандай бала болбосун аны коомго кошсо, өз алдынча жүрүүгө үйрөтсө болот. Кошулбай калса, ага деле кайгырбаш керек. Акыркы учурда кыйын кырдаалга дуушар болгон ата-энелерге психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, мотивация берген борбор ачсакпы деп ойлочу болдум.

 

К.У.: — Мен дагы бизге окшогон ата-энелерге кайрылып кетем. Бала аутист же тубаса шал болуп төрөлүп калса, андан уялуунун кереги жок. Ыйлап же чөгүп кеткенден деле майнап чыкпайт. Андан көрө аракет кылыш керек. Изденип, балага баарын үйрөтсө болоруна көзүбүз жетти. Үйрөнбөгөн бала болбойт. Жарык дүйнөгө алып келгенден кийин өзүбүз аракет кылбасак, бирөө жардам бербейт экен.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190802/1045268968/autist-balanyn-ata-ehnesi-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик