Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:28
ТИМ: Стамбулдагы экс-консул Сопоков мыйзам алдында жооп берет
14:17
Кыргызстан менен Япониянын беттеши учурунда көчөлөр жабылат. Тизме
11:04
Бишкектин чок ортосундагы ири дүкөн түрттүрүлдү.
10:25
Нур-Султандын бир бөлүгүндө эки суткадан бери жарык жок. Токаев үн катты
09:37
ФСБ: "Ислам мамлекети" борбор азиялык согушкерлер Афганистанда плацдарм курууда
09:35
Бишкектеги жарылуудан жабыркагандардын абалы, кайсы ооруканага түшкөнү айтылды
09:34
"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татымдын жарылган учуру видеого түшүп калды
09:30
Бишкекте ракка кабылган балдарга чогулган акчанын миң долларын уурдап кетишти
09:47
Аткаминерлердин аккаунтуна эмне кызыктар жарыяланат? Рейтинг
15:29
Жээнбеков Усубалиевдин атын Бишкектин бир районуна берүүнү сунуштады
14:44
Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлар.
15:44
"Биртууганчиктеги" актёр жол эрежесин бузганы үчүн айып төлөөгө даяр
15:37
"Биртууганчиктеги" актёр унаасы менен аялдамадагы элди аралап кетти. Видео
15:20
Кыргызстанда электр кубатын колдонууга лимит коюлат.
15:17
Бишкектин бир катар көчөлөрүнө канализация киргизилип жатат
12:56
Бишкек ТЭЦинде түндө эмне күрү-гүү болду? Энергетиктердин жообу
12:22
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолугуп, чек араны талкуулашты
13:24
Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолугуп жатат.
13:18
Кыргызстан Афганистан менен маданий, гуманитардык байланышын күчөтөт
13:00
Абылгазиев менен Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасын талкуулашты
16:55
Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү.
16:47
Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды
14:26
Белоруссия Кыргызстандын картошкасын сатып алды
14:14
Жээнбеков Бишкектеги кылмыштарды онлайн-көзөмөлдөө системасын көрдү
14:13
Тамак-аш коопсуздугуна Ветинспекция коркунуч жаратып жатабы? Депутаттын сыны
13:42
Бишкекте тез жардам унаасы жеңил машина менен кагышты. Видео
12:19
"Жөө күлүк" тасмасы Минскиде өтчү фестивалга чакырылды
11:17
Жээнбеков Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине катышты. Сүрөт
12:56
Беш киши каза болду. Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу
12:42
Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылды
10:51
Москва көчөсүндөгү кесилиштер качан ачылат? Мэриянын жообу
13:32
Министр: мектептерди ысык тамак менен камсыз кылууда таза суу көйгөйү бар
13:24
Эл каттоочу адистер даярдыктын биринчи этабынан өттү
13:14
Жээнбеков япон парламентарийлеринен күтүлбөгөн белек алды
11:41
Бишкектин тротуарлары жапырт оңдолот. Кайсы көчөлөрдө жумуштар жүрөт
12:06
Студент кыз таксиде баратып жаш келинди төрөтүп алды. Казакстандагы окуя
12:10
Мэрия автотыгынды азайтуунун айласын тапты. Багыты өзгөрө турган жол
10:37
Атамбаевдин жактоочусу кылмыш куугунтугун токтотууну өтүндү. Соттун жообу
16:06
520 миң доллар пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жазасы жеңилдеди
16:01
Милиция: Бишкекте адашып кеткен эне үйүнө аман-эсен жеткирилди
15:54
ИИМ Фарид Ниязовдун тергөөчүлөргө карата арызына жооп берди
15:07
Иш издегендерге кулак кагыш. Компаниялар кызматкер караштырат
16:53
Милиция жардам сурайт! Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу изделүүдө
16:44
Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр
11:49
Баңгизат жасоо үчүн 1,5 тонна күкүрт кислотасын ташып бараткандар кармалды
Бардык кабарлар

Кыргызстандагы 16,5 тонна таштандыдан пайда көрүүнүн жолу. Кызыктуу маек

Интервью / Аналитика
92
0

Миллиондогон тонна акыр-чикир канчалаган айдоо жерлерин ээлеп, элдин саламаттыгына гана тургай, өлкөнүн экологиясына зыянын тийгизүүдө. Үйүлгөн таштандыны жок кылып, анын аркасы менен өлкөнү электр энергиясы менен камсыздоого болорун эколог айтып берди.

Кыргызстандын маалымдамасы

Кыргызстанда 406 таштанды жайы бар, бирок 107сине гана уруксат берилген. Серепчилердин маалыматы боюнча, таштанды таштоочу жайлардагы жалпы масса 16,5 миллион тоннаны түзөт, бул 1 633 Эйфель мунарасы же планетадагы эң ири жаныбар болгон көк киттин 137синин салмагына барабар. Жыл өткөн сайын көлөмү улам жарым миллион тоннага көбөйүүдө.

***

Эколог Сергей Криворучко бир нече жыл ичинде өлкөнү таштандыдан арылтып, электр энергиясын алууга боло турган долбоор тууралуу айтып берди.

Член МАНЭБ Сергей Криворучко во время беседы
© SPUTNIK / ЖООМАРТ УРАИМОВ
Эколог Сергей Криворучко

— Көз карандысыздыкка жетишкен отуз жылга чукул убакыттан бери таштанды көйгөйүн дегеле чече албай келебиз. Сиз кандай жолун сунуштаар элеңиз?

— Таштанды таштоочу жайда көбүнесе органикалык эмес заттар — синтетикалык материалдар, лак-боёк өндүрүмдөрүнүн калдыктары, кездеме, дөңгөлөк, кагаз жана башкалар бар. Алардын арасындагы таш, айнек, батарея, металлдан башкасынын баары мыкты отун болуп саналат. Башкача айтканда, тиричиликтеги катуу калдыктарды (ТКК) таштанды катары эмес, пайда алчу сырье катары карасак болот.

Бул калдыктарды жок кылуунун эң натыйжалуу технологиясын иштеп чыктык, пиролиз менен электр энергиясын алууга болот. Калдыктарды бөлүү процесси мындайча жүрөт: таштанды бөлүнүп чыккан газды кайталап жагуу менен анча чоң эмес температурада иштетилет. Мында экологияны булгаган заттар пайда болбойт. Бул жабдыктардын экологиялык коопсуздугу жетишерлик жогорку деңгээлде. Колдонула турган жаңы ыкмалар түтүндүн жагымсыз жытын толук жок кылат, ал эми фильтрлери алмаштырылбай, өзүн-өзү тазалоочу механизмге ээ. Мунун баары станцияларды тейлөө акысын кыйла арзандатат.

Мындай ыкманын натыйжасында электр энергиясы иштелип чыгып, трансформаторлор аркылуу жалпы түйүнгө берилет. Анан калса, анын иштелип чыгышына дайрадагы суу кирген маал, шамалдын жетиштүүлүгү, пайдалуу кендин болушу же инсоляция өңдүү аба ырайы, же климаттык шарттар таасир этпейт. Бул — биздин долбоордун негизги артыкчылыгы, мында таштанды отун болуп берет.

Мешки заполненные, стеклянной тарой на мусорном полигоне близ Бишкека
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Бишкектеги таштанды полигону

Sputnik Кыргызстандын маалымдамасы

Тиричиликтеги катуу калдыктар (ТКК) негизинен желим баштык, бөтөлкө жана ар кыл буюмдардан түзүлөт. Калганы — тамак-аш калдыктары, металл буюмдары жана таштандынын бөлөк түрлөрү, анын ичинде кагаз, картон жана желим буюмдар. Булардан сырткары, мындай станцияларда медициналык калдыктардын, эски пестицид жана башка заттардын айрымдарын кайра иштетүүгө болот, өлкөдө азыр андай тажрыйба жок. Завод үчүн кынтыксыз "отун" — ондогон жылдардан бери сакталып турган эски полигондордун калдыктары.

***

— Бирок маңызында бул ири жылуулук электр станциясы (ЖЭС) го?..

— Анчалык чоң эмес. Биз калдыктарды иштетүүнүн чакан линиясын сунуштап турабыз. Өлкө боюнча ушундай чакан заводдорду кылдаттык менен бөлүштүрүп, электр энергиясын колдонууда сезондук күч келүүсүн жөнгө салууга болот.

Маселен, Ысык-Көлдө электр энергиясына күч келген жайкы убак курорттук сезондогу тиричилик калдыктардын көбөйгөн маалына туш келет. Жайкысын жаңы чыккан таштандынын эсебинен энергия алып, ал эми кышында электрди пайдалануу күч алганда Чолпон-Ата, Балыкчы, Каракол жана башка жерлердеги үйүлгөн акыр-чикирди кайра иштетсек болот. Дал ушул себептен, таштандыны кайра иштетүүчү алгачкы заводду Ысык-Көлдө куруу пландалууда.

 

Мындан тышкары, эски жана жабык таштанды полигондорун тазалоо жер таңкыстыгынан куткарып, айдоо жерлерин чарбага кайтарат. Эски полигон жана таштанды таштоочу жайларды жок кылуу Ысык-Көлдөгү санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык абалды жакшыртып, аймактын туристтик жагымдуулугун арттырат. Балыкчы — Ысык-Көлдүн айланма энергетикалык тутуму жана облустун өнөр жай борбору туташтырылган энергетикалык "бөлүштүргүч түйүн". Анан калса, Ысык-Көл облусу 100 пайыз энергодотацияда турат, башкача айтканда, өз энергетикалык кубаттуулугу жок. Ал эми көмүр жагуу менен Ысык-Көлдөгү электр энергиясын иштеп чыгуу андай жылуулук электр станцияларынын экологиялык коопсуздугунун төмөндүгүнөн улам майнапсыз.

 
 
 
 
 
© SPUTNIK / АКЫЛБЕК БАТЫРБЕКОВ
Өмүрлөрдү алган айнек тоо. Жалал-Абад облусу

Sputnik Кыргызстандын маалымдамасы

Республикада таштанды таштоочу жайлар 600 гектар жерди ээлейт, алардын 506 гектары айыл чарба багытындагы категорияга кирет.

***

— Балыкчыга таштандыны кантип жеткирүү керек? Бул аябай кымбат эмеспи.

— Логистиканы иштеп чыкканбыз. Мисалы, күңгөй жээктеги Бостери жана тескейдеги Кажы-Сай айылдарынан автомобилдик транспорт менен Балыкчыдагы топтоо жайына жеткирилип, ошол жерде кайра иштетилет. Ал эми күңгөйдөгү Корумду жана тескейдеги Тамга айылдарынан тиричилик калдыктарын автомобиль менен Караколдогу чогултуу пунктуна жеткиришет. Ал жактан таштанды эң арзан жана коопсуз транспорт болгон баржа менен Балыкчыдагы пунктка жөнөтүлөт. Айтмакчы, мындай логистика Ысык-Көлдүн кемечилик тармагынын да өнүгүшүнө чоң түрткү болмок.

Ушундай эле система, маселен, Нарын үчүн да актуалдуу. Шаарда чоң таштанды полигону бар, ал эми андан анча ыраак эмес жерде Нарындын жашоочулары үчүн электр энергиясы өткөрүлгөн жогорку вольттогу линиялар жайгашкан.

— Сиз айткандай бул долбоор ишке ашып кетсе, бир завод бүтүндөй облусту таштандыдан тазалап коё алабы?

— Ооба. Мындай технология бир эле ири завод эмес, бир нече чакан өндүрүштү калкынын саны азыраак пункттарда да курууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын маалымдамасы

Бишкектеги таштанды полигонунун аянты — 27 гектар, долбоорлонуп жаткан жаңы полигондуку — 30 гектар. Суткасына "Тазалык" ишканасы 500-600 тонна таштанды чыгарат. Борбор шаарда таштанды топтогон 20 (так саны белгисиз) жеке ишкана бар. Күн сайын таштанды ташыгыч унаалар 300-400 ирет каттайт. Жылына баш калаадан болжол менен 320 миң тонна таштанды жыйналат.

***

 
 
 
 
 
© SPUTNIK / АКЫЛБЕК БАТЫРБЕКОВ
Бишкектин таштанды жайынын асмандан көрүнүшү

— Демилге жакшы, бирок майнап чыгабы? Генераторлордун кубаттуулугу канчалык?

— Эң эле жөнөкөй орнотмо саатына эки тонна таштанды иштетип, 2ден 3,5 мегаваттка чейин энергия иштеп чыга алат. Мындай көлөм менен Бишкектин 7-кичирайонун толугу менен электр энергиясы менен камсыздап коюуга жетет. Долбоордун өзгөчөлүгү анын ийкемдүүлүгүндө. Заводдун бир линиясына керектөөгө жараша ага мындай үч генераторду туташтырууга болот. Электрдин көлөмүн көбөйтө турган болсок, саатына жанагыдай эле 2 тонна акыр-чикир кайра иштетилет.

Мисалы, Кыргызстандын түндүгү үчүн 3,5 мегаваттык кубаттуулуктагы эки генератордон 60 линия орнотсок болот. Экологиялык жактан таза эмес көмүрдү гана жакпастан, жылдан жылга арбып келе жаткан таштанды талаалары тазаланып, улам түшкөн калдыктар жок кылынат.

Sputnik Кыргызстандын маалымдамасы

"Чыгышэлектр" ААКтын маалыматына таянсак, 2019-жылдын январынан июнь айына дейре электр энергиясын керектөө Ысык-Көл облусу боюнча 557,6 миң, Нарында — 335,5 миң мегаваттка жеткен. Ысык-Көл облусунун тургундары суткасына 101 мегаватт жакса, ал эми Нарында 51 мегаватт чыгымдалат. Балыкчы шаарында абоненттер 236,8 мегаватт-саат электр энергиясын пайдаланат.

Кыргызстандын борбор калаасында 2019-жылдын июнь айында "Түндүкэлектр" ААКтын абоненттери 158,2 миң мегаватт-саат электр энергиясын, Чүй облусунда 141,7 миңдин тегерегинде, ал эми Таластын жашоочулары 19,1 миңден жогору өлчөмдө сарптаган.

Сутка сайын "Түндүкэлектр" абоненттери үчүн Бишкекте орточо 6 миң мегаватт-саат электр энергиясы жумшалса, бул көрсөткүч Чүй облусунда 4,4-4,5 миңдин айланасында, Талас облусу боюнча — 600, ал эми Талас шаарынын өзүндө – 150.

***

Страны мира. Киргизия
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Бишкектеги таштанды полигонунун аянты — 27 гектар, долбоорлонуп жаткан жаңы полигондуку — 30 гектар. Суткасына "Тазалык" ишканасы 500-600 тонна таштанды чыгарат. Борбор шаарда таштанды топтогон 20 (так саны белгисиз) жеке ишкана бар. Күн сайын таштанды ташыгыч унаалар 300-400 ирет каттайт. Жылына баш калаадан болжол менен 320 миң тонна таштанды жыйналат.

— Долбоордун кирешелүүлүгүнөн шегим бар. Электр энергиясы арзан оокат эмес, андай шартта завод кантип пайда көрөт?

— Туура айтасыз. Өлкөдөгү электр энергиясына тарифти жогорулатуу, менимче, орунсуз. Ошондуктан иштелип чыгышы арзан түшкүдөй кылып эркин экономикалык аймакта шарт түзүлүп, жеңилдиктер берилиши абзел.

Мындай аймак бар, завод куруунун негизги шарттары дээрлик сүйлөшүлдү.

Андан сырткары, бул долбоор менен мамлекет алектенгени туура, себеби эң бай деген коммерциялык уюмдар да мындай долбоорду ишке ашырууга жөндөмсүз, кантсе да баары бир экологияны сактоо жана таштандыны жок кылуу өкмөттүн мойнундагы иш эмеспи. Мындай учурда электр энергиясынын өндүрүлүшү эң мыкты кошумча киреше болуп берет. Бирок өкмөт тарабынан кепилдик берилбесе, иштелип чыккан электр энергиясын тиричилик калдыктарын жок кылуучу заводдордун өндүрүшчүлөрүнө да, электр станцияларына да сатып берүүгө мүмкүн эмес.

 

Баса, долбоор CASA-1000га да колдоо болуп берет, себеби суунун тартыштыгы шартында энергия иштеп чыгуу азая түшөт. Анан да электр энергиясынын экспорттук баасы инвесторго кыска убакыт аралыгында мындай линияга коюлган завод курууга кеткен чыгымын актап алууга шарт түзөт.

Мында эң башкысы биз эки иштен бир иш бүтүрөбүз: таштандыны жок кылабыз, жерди бошотобуз, электр энергиясын алабыз жана экологияны түзүк абалга келтиребиз. Тилекке каршы, өкмөт тараптан буга азырынча жооп жок, долбоорду ишке ашырабыз деген эки жылдан берки аракеттен майнап чыга элек. Дагы бир ирет кайталайын, долбоор өнөктөш катары мамлекеттин катышуусу менен гана ийгиликке жете алат. Ал эми биз өз кезегинде технологиялык чечимдер менен камсыз кылып, аны толук коштоп турабыз.

Работа завода по переработке пластмасс Пларус
© SPUTNIK / ИЛЬЯ ПИТАЛЕВ
Желимди кайра иштетүүчү "Пларус" заводу

— Долбоордун наркы канча?

— Замандын өлчөмү менен орнотмолордун наркы абдан эле пайдалуу, бир линиянын баасы 4-6 миллион еврого чейин жетет. Бирок жакшы бир чечим бар — бул линиялардын өндүрүшү үчүн завод куруу. Баштапкы инвестициялар 25-30 миллион евродон ашпай тургандыгы күтүлүүдө. Биздин эсеп менен ал төрт жылдан алты жылга чейин акталат. Насыякорлор менен эсептешип алган соң түптөлүп калган "Тазалык" – "Электр түйүндөрү" тандеми киреше ала баштайт.

Завод айына орточо 2-2,5 линия өндүрө алат, демек, жылына 24-30 линия алабыз. Башкача айтканда, эки жыл ичинде завод Кыргызстанды чакан линия менен камсыздап, андан ары башка өлкөлөргө да экспорттоого кирише алат. Айтмакчы, биздин коңшулар Өзбекстан менен Казакстандын долбоорго кызыгуусу күч, мындай заводдорду өздөрүндө да курууга ниеткер.

Бөлөк өлкөлөр таштандыдан кантип арылат?

Германияда жылына кайра иштетилген 45 миллион тонна таштанды атайын заводдордо өрттөлүп, калкка да пайда келтирет.

Газ турбиналары электр энергиясын иштеп чыгып, ал эми тазалоодон кийинки чыккан газ жылуулук үчүн колдонулат. Чыгындылары атмосферага атайын чыпкалар аркылуу гана таралат. Мындай заводдор экологиялык жактан таза деп таанылган.

Японияда да иштелип чыккан калдыктар өрттөлөт, ал эми таштанды өрттөөчү заводдордун тазалоочу курулмалары ушунчалык эффективдүү, андай чакан ЖЭСтердин тегерегиндеги бакчалардын жыпар жыты аңкып турат.

Электр энергиясы жергиликтүү электр ишканаларына сатылат, алтургай, күлү да керекке жарайт, андан келечеги кең райондор курулуп жаткан бүтүндөй бир арал салып коюшат.

18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик