Бүгүн:

Акыркы кабарлар

20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
15:33
Абылгазиев доллардын курсу кандай болорун айтты
09:42
Кыргызстанда коронавирус билинбей жүрүшү мүмкүнбү? Министрдин жообу
09:41
Абылгазиев: вирустан улам экономика алсырайт, бирок элдин ден соолугу маанилүү
09:30
Вице-спикер Аида Касымалиева карантинге алынды
09:20
Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
15:18
Сапар Исаков төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болду
14:23
Кадырбеков: көчөдө кыйкырып аялдардын укугун кантип коргорун түшүнгөн жокмун
14:09
Айдоочуларга автоунаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилеби? Мыйзам долбоору
16:42
Кыргызстанда камактагы адамдар ачкачылык жарыялады
16:04
Мамэкотехинпекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды
14:24
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан
13:11
Бишкекте феминисттер маршынын катышуучуларын милиция кармап кетти.
14:54
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады
14:30
Бишкектин базарларын дезинфекциялаган каражаттар коопсузбу? Адистин жообу
14:29
Соцтармакта мактанган адамдардын көйгөйү эмнеде? Психологдун пикири
14:12
Бишкектин мектептеринде 1-класска канча орун бар?
11:47
Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми.
11:45
Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу
11:42
Эксперт: министрликтин идеясы китептеги каталарды жоюуга өбөлгө болот
11:24
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди
11:21
Базарлар дезинфекцияланды. Санэпидемстанциянын коронавируска каршы иш-чаралары
10:56
Азербайжанда акысыз окууга документтер кабыл алына баштады
10:31
"Кең-Булуң" менен "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекеттери жаңы режимде иштей баштады
10:05
Казакстан Кыргызстанга кине коюп ЕЭК менен ДСУга арызданды
15:23
Жээнбеков Кыргызстан латын тамгасына өтөр-өтпөсүн айтты
10:43
Абылгазиев: кыргызстандыктарга көп өлкөлөрдүн визасын алуу кыйындап бара жатат
Бардык кабарлар

ТАШ-КӨМҮР МИЛИЦИЯСЫНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ

Интервью
1 131
0

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад милициясы менен элдин ортосундагы мамиле чыңалып, элдин тартип сакчыларына болгон ишенимдери жогорулаган чагы. Аталган кызмат ээлери өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып жатканы да чындык. Бирок кемчиликтери да жок эмес экени тангыс. Ошондуктан мындагы маегибизде Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектен Бекмуратов менен андагы кызматкерлердин жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу сөз кылдык.

 

 

ТАШ-КӨМҮР МИЛИЦИЯСЫНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ- Бектен Зардарбекович, саламатсызбы? Алгачкы сөздү шаар калкынын коопсуздугунан баштасак?
- Ушул тапта Таш-Көмүр шаарынын аймагында коомдук абал туруктуу. Биз баарыбыз өз милдетибизди так аткаруу менен элибиздин коопсуздугун сактоодобуз. Ошол эле учурда 8 айдын жыйынтыгы менен 396 окуя кылмыш китебине катталган болсо, анын ичинен 71не кылмыш иши козголуп, баарысы тергелип, такталып, өткөн жылдан калган кылмыш иштерди кошуп жалпы 84 кылмыш ишти сотко өткөрүп бердик. Бактыга жараша анын арасында оор жана өзгөчө оор кылмыштар жок.

- Жогорудагы аталган кылмыштар негизинен кайсы багыттагылар? Анын ичинен ачылбай калган кылмыштарга токтолсоңуз.
- Анализдин жыйынтыгы менен бул жакта негизги кылмыш иштер уурулук болуп саналат. Аны биз эки бөлүккө бөлүп коёбуз. Бири батирдеги уурулуктар болсо, экинчиси короо жайдагы уурулуктар. Жалпысынан алганда үстүбүздөгү жылдын 8 айында жалпы 8 уурулуктун бети ачылбай калган. Өзгөчө талкуу жаратып, коомчулукта дуу болгон кылмыштар жок. Акыркы 6 жылдан бери биздин аймакта оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталбаган.

- Жакында эле интернет булактарында Таш-Көмүрдө аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланды эле?
-Ооба. Ошондой маалыматтар чыккан. Бирок ал маркум биздин аймакка тиешелүү эмес, болгону денеси бизден табылган. Анткени Сиздер жакшы билесиздер Таш-Көмүр шаары Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Ал табылган жансыз дене дагы дарыядан чыккан. Жыл башынан бери дарыянын ичинен 2 жансыз дене табылган. Ал эми биз алардын өздүгүн тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүп, киши колдуу болгон же болбогонун тактоо жана жакындарын табуу аракеттерин көргөнбүз. Сиз айтып жаткан маалыматтар да ошолордун бири.

- Өспүрүмдөр багытында кандай иштерди алып барып жатасыздар?
- Шаар аймагындагы калктын саны 39 966 болгон болсо, анын 20 512си жаш өспүрүмдөр. Алар менен жыл сайын ар кандай иш-чараларды өткөрүп, кылмыштуулуктун алдын алуу аны болтурбоо иштерин жүргүзүп келебиз. Ар кандай спорттук, аскердик, маданий сынактарды уюштуруп турабыз. Ошонун натыйжасында каттоого алынган өспүрүмдөр жок. Булардын баары менен иш алып барган 5 гана жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү кызматкерлер бар.

- Жыйырмадан ашуун өспүрүмдү кароого 5 кызматкер жетиштүүбү?
- Албетте жетишпейт. Ушул жагынан бизде бир аз кыйынчылыктар жаралат. Өспүрүмдөр менен иштөөгө дагы кызмат орундары керек. Бирок ошого карабастан биздин кызматкерлер жумушун өз нугунда, так аткарышкандыгына байланыштуу баары өз ордунда болууда.

- Шаарда диний абал кандай? Экстремизмге байланышкан аракеттерге каршы эмне иштер жүрүүдө?
- Таш-Көмүрдүн өзүндө экстремизм боюнча абал туруктуу. Бирок бул туруктуулукка Шамал-ды-Сай шаарчасы таасир берүүсү мүмкүн. Ушул тапта 33 киши хизбут-тахрир уюмунда каттоодо тургандар. Аларга жыл башынан бери 8 жолу тинтүү иштерин жүргүзүп, террористтик шек бар деген мазмун менен 4 кылмыш иши козголгон.
- Эмнеге Шамалды-Сай шаарчасы таасир берет?

- Анткени бул аймак кошуна мамлекет менен чектеш жана жашоочулары өтө сырдуу жашашат. Жыл башынан бери соттун чечими менен мындагы аймакка бир нече жолу тинтүү иштерин жүргүзгөнбүз. Натыйжасында экстремизмге байланышкан бир нече фактылар аныкталган.

- Ички булактар жергиликтүү тургундун наркотикалык зат өстүрүп жатканын кабарларды эле. Ал боюнча кылмыш иш козголдубу?
-Ооба. Акыркы 9 жылдын ичинде мындай факты алгачкы ирет катталды. Чын эле Сиз айткандай шаарда жергиликтүү тургун өз короосуна 70 түп баңги затын өстүргөнү анык. Бул боюнча тийиштүү тергөө жана иликтөө амалдары жүрүп,
ушул тапта сотко өткөрүлүп берилди. Жалпысынан жыл башынан бери баңги затын мыйзамсыз сактоо боюнча 5 факты табылган. Анын экөөсү өзгөчө оор салмакта болушкан.
- Кечиресиз, өздүк курамдын тартиби, жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу маалымат берсеңиз?

- Таш-Көмүш шаардык ички иштер бөлүмүндө жалпы 58 кызматкер эмгектенет. 8 айдын ичинде мындагы кызматкерлердин 12сине кызматтык тартиптик жаза берилген. Аларды экөөсү жумушка чыкпай койгондугу жана ону кызматтык тартипти так аткарбагандыгы үчүн. Кызматкерлердин үстүнөн кызматын так аткарбагандыгы үчүн 3 жолу сунуш келген. Этика комиссиясында 5 кызматкердин тартиби каралган болсо, жергиликтүү тургундардан 2 жолу арыз түшкөн. Эми алардын жетишкендиктери боюнча айтсам, жыл башынан бери 18 кызматкерибиз сыйлыкка ээ болушкан. Айрым учурларды гана эске албаганда ар бири өз кызматтарына так болгондугу үчүн шаарда коомдук абал туруктуу сакталууда.

- Көбүнесе милиция кызматкерлери батирлерге көчүп жашашат. Алган маяналары батирге жетпей калган учурлар да жок эмес. Айтайын дегеним Сиздерде да мындай көйгөй жок эместир?
- Эмнеге болбосун. Бар. Бизде 58 кызматкер эмгектенген болсо, алардын ичинен 40 кызматкер батирде турушат. Ошол себептен шаардык мэрияга 6 айдын жыйынтыгы менен тегеректеги жашоого ылайыктуу имараттарды батирге айландыруу боюнча смета түзүп, сунуштасак алар бул нерсени республикалык бюджет каржылай тургандыгын билдиришти. Жашоо шарттары деле жыргатаарлык эмес. Анткени баарысы өз шартына жараша батир алып жашашууда.
- Маегиңиз үчүн рахмат!

 

Маектешкен:
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА,
“Взгляд” Жалал-Абад

скачать dle 11.0фильмы бесплатно