Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:42
Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздарга 420 китеп жөнөтүлдү
14:14
Өзбекстандын учагы Бишкекке коно албай калды.
13:45
Шаардын чок ортосундагы кыймылды азайтуу үчүн 520 автобус алынмай болду
16:45
Быйылтан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган сабакты гана окуп баштайт
11:05
Коомго аралашсын. Майыптыгы бар балдарды жалпы мектепте окутуу сунушталууда
11:04
Бишкек: аэропортто Кытайдан келгендер коронавируска текшерилип жатат
10:59
Өзбекстандын парламенти өлкөнүн премьер-министрин бекитти
10:58
Эми Кыргызстандын бардык жараны мал-мүлкү тууралуу отчет берет. Жаңы мыйзам
10:44
Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектөө каралып жатат
10:31
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулат
10:09
Онкологиялык ооруларды шарттачу жаман адаттар тизмектелди
10:07
ЕАЭБ алкагында жеке жана юридикалык тараптарга бирдиктүү каттоо системасы киргизилет
16:48
Интернетте бала кулчулукка "сатылып" жатат. Бишкек милициясы иликтей баштады
16:46
Саймаити чуусу: Улуттук банк шектүү акча которуулар тууралуу 14 жолу кабарлаган
15:16
"Ата, сиз өлбөңүз!". 30 баланы канатына калкалаган үй-бүлөнүн ак жарыгы
15:45
"Кыргызстандыктар жардам берген". Бишкекте Ленинград блокадасы эскерилди
15:34
Матраимовдор ЖМКларга койгон доосун сотсуз чечүүгө ыктап жатат
15:29
Курсан Асановдун жубайы кайсы иш боюнча суракка чакырылып жатканы айтылды
15:07
Жээнбеков учурдагы артыкчылыктуу багыттарды санап өттү
14:56
Жээнбеков быйыл балдарга эмне себептен өзгөчө көңүл буруларын түшүндүрдү
14:25
Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды
14:23
Апрель революциясы тууралуу ролик тартууга сынак жарыяланды. Шарт-талабы
11:40
Өзбекстан жаратылыш газын экспорттобой калышы мүмкүн.
12:57
Бишкекте окуучулардын коопсуздугу үчүн мобилдик колдонмо иштелип чыкты
12:53
Бишкекте эки жол тандабас кагышып кеткен кырсыктын видеосу
12:49
Жээнбеков "Казакты" бошоткон судья Айнура Сулайманованы кызматтан кетирди
12:42
Өзгөндүн Прогресс айылына жеке ишкер бала бакча куруп берди.
10:10
Президент Жээнбековго бир жылда 15 миңден ашуун киши кайрылган
09:54
Кыргыз-казак чек арасында 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолду
09:29
Кош бойлуу аялын таштап кеткен. РФ акыйкатчысы эгиз кыздуу болгон энеге жардам берди
09:22
Юлдуз Усманованын ордуна ырдаган эркек. Чуулуу концерттеги
09:11
Жол чырак жасап баштайт. Мэрия быйыл Бишкекте болчу өзгөрүүлөр тууралуу айтты
12:59
Жээнбеков: мыйзамсыз берилип кеткен парктын жерлери мамлекетке кайтарылат
12:22
Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды
11:03
Көп кабаттуу үйдө дубалдын кыры менен чуркаган наристенин жүрөк титиреткен
10:47
Адвокат: Атамбаев жолун тосконуна карабай сот залынан чыгып кетти
16:57
Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды
14:59
УКМК: Солтон-Сарыдан алтын уурдаган канал аныкталып, шектүүлөр колго түштү
14:18
Кыргызстандын кайсы жеринде жашагандар насыяны көп алат. Статистика
11:21
Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады
11:14
Бишкекте үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон келин изделүүдө.
11:06
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
10:49
Министрлик: жогорку окуу жайларга болгон талап катуулайт
10:46
Садыр Жапаров абактан азыр чыкпайт. ЖАМК себебин түшүндүрдү
10:43
"Ак-Жол" өткөрүү жайынын курулушу январдын аягында башталат
Бардык кабарлар

Министрге картошка тапшырган Карымшаковдон депутат Икрамов интервью алды.

Интервью
31
0

Саясатчы менен кабарчы мамлекеттин тагдырына таасирин тийгизип жаткан маселеден тарта жеке жашоо, "ак жоолук" туурасында кеп салды.

Тазабек Икрамов: — Саламатсыздарбы, Sputnik Кыргызстандын окурмандары, угармандары. Бүгүн Эламан мырза менен маектешебиз. Ошентип бүгүн мен журналисттин ролундамын.

Эламан Карымшаков: — Саламатчылык.

— Эламан, сиз Sputnik Кыргызстанда иштеп, жаш болсоңуз да бүгүнкү күндө өзүңүздү тааныта алдыңыз. Кубаттарлык аракеттерди жасап жүрөсүз. Чү дегенде эле сурайынчы, кийинки максаттарыңыз кандай?

— Рахмат. Журналистикага аралашканыма өтө көп деле боло элек. Кыргызстанда учурда коррупцияга каршы күрөш болуп жатпайбы. Жалпыга маалымдоо каражаттары төртүнчү бийлик экенин чындыгында эле айгинелеп жаткандай көрүнөт. Басым жасай турган нерсем — ушул жактан салым кошсом дейм. Казсаң эле ар кыл жагдайлар, мыйзамды аттап өткөн учурлар, бюджетке кол салгандар, коррупциялык схеманы түзгөндөр чекесинен көрүнө берет экен. Мындайларды көргөндө чынын айтсам, чыдабай кетем. Бизде, ЖМКларда, аларга чара көрүү укугу жок болгондон кийин баарын факты, далилдер менен элге жар салып, "ушул адамдар элдин эсебинен байып, акчасын жеп жатат, казынага кол салып жатат" деген таризде чыныгы жүзүн көрсөтүп берүү максатым. Андан аркы кадам, чара көрүү, жазасын берүү — укук коргоо органдарынын иши. Кыскасы, менин азыркы багытым ушундай, эч жакка кетпейм, Кыргызстанда болом.

Т.И.: — "Жаштын тилегин берет" демекчи, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошом деп жатыптырсыз, бул өтө жакшы көрүнүш. Өзүңүз айтмакчы, саясат, ага аралашкан коррупция болуп жатат. Чындыгында муну менен бир адамдын жалгыз күрөшүүсү кыйын нерсе. Андыктан мамлекеттик жакшы нукка буруу, келечегин жакшыртуу үчүн жалпы эле салым кошууну башташыбыз керек.

Учурдан пайдаланып айта кетсем, кээде мыйзамды алып чыкканда аны терең түшүнбөй, келечекте өлкөгө пайдасы тиеби же жокпу деген жактарын карабай маалымат жазып жиберген мезгилдер болот. Элди дүрбөлөңгө салган, биздин экономикага зыянын тийгизген учурлар бар.

Э.К.: — Кээде такталбаган маалыматтар кетип калышы мүмкүн. Ал эми жеке өзүмө келе турган болсом, маалыматты алгандан кийин аны тактап, текшерип, экинчи тарапты укмайын чыгарбайбыз.

Сиз да мисал келтирип кетпейсизби, кайсы учурда маалыматтык айдыңда утулуп калдыңыз эле?

Депутат ЖК Тазабек Икрамов и журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков во время интервью, в рамках проекта интервью наоборот
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Өзгөчө маек" рубрикасында журналисттин ролунда болду.

 

Т.И.: — Сиздин ордуңузда менмин да, суроону мен узатып жатпаймбы (күлдү). Кайра эле журналисттигиңизге өтүп кеттиңиз окшойт. Менин утулуп калган жерим жок. Ар бир чыккан учур, берилген суроолор мен үчүн пайдалуу. Өзүмдү оңдоп-түздөп кетүүгө түрткү берген нерсе. Суроону бүгүн сизге мен берем.

Кепти уласак. Кезегинде Америкады "Улуу депрессиядан" кийин "Америка кыялы" деген түшүнүк пайда болду. Алардын экономикасы көтөрүлдү. Улуу державага айланды. Келечекте Кыргызстанды кандай болсо деп кыялданасыз?

Э.К.: — Менин пикиримде, Америкага, Россияга окшошубуз керек, Швейцария болушубуз керек дебеш керек. Кыргызстан башкача. Маселен, бирөөгө окшошом деп аны туураганды каалабайм. Мен башкача жаралгам, жан дүйнөм, менталитетим башкача. Азыр журналистмин, ушу тапта дипломат же бизнесмен боло албайм, алардай иштеп кете албай калышым мүмкүн. Анын сыңарындай, өзүбүздө болгон нерсени багып, өстүрүп алып чыгышыбыз керек. Биздин мекенде баары бар. Жеке оюмда, бир гана жакшы башкаруу керек. Аны баарылап, жаштар демилгелеп кетсе болот. Азыр балким олку-солку болуп тургандыр, бирок Кыргызстандын жаркын келечеги бар деп ишенем. Жакында да бул темада колумнистика жаздым. Биз башка жакты кыялданып, башка өлкөгө кетели да, ошолордой жашайлы дебей, тескерисинче, калып, Кыргызстанды өзүбүз өнүктүрүшүбүз керек. Ошол эле учурда башка тараптан келип жаткан чоочун менталитеттеги адаттарды, "жаңычылдыктарды" сиңире бербей, керектүүсүн алып, өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды сактап калышыбыз өтө зарыл.

 

Баланча кыйын, түкүнчө атактуу айтты деген чет жердегилердин оюн биздин ата-энебиз айылда күнүгө айтып, мээбизге куюп, чоңойткон эмеспи. "Бирөөгө жаман айтпа", "артынан сүйлөбө", жаман жолго баспа", "нанды тебелебе", "улууларды көрсөң салам айт", "сууну кор кылба" деген сөздөрдүн тарбиялык күчү канчалык.

Маегибизди өңүтүн бир аз башкага жакка бурсак. Жана сиз жогоруда премьер-министр 10-15 жылдык программасы менен келиши керек деп айтып калбадыңызбы. Биздегилер 1 же 1,5 жыл иштеп, программа эмес өздөрү кетип калып жатпайбы.

Журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков во время интервью с депутатом ЖК Тазабеком Икрамовым
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Эламан Карымшаков.

Т.И.:— Ошондой болуп жатат...

Э.К.: — Жок дегенде беш жыл иштесе болот беле? Иштин көзүн жаңы таанып, эми киришкенде кетип калууда. Бир суроо, эмнеге эле премьер-министрлерди кетире бересиздер? Ошондо шайлаган деле, кетирген деле өзүңүздөр болуп калып жатасыздар...

Т.И.: — Биз кетирген жокпуз. Анын баары жалпы... Ошондуктан айтып жатпаймбы. Жаңы өкмөт башчы келечекте экономиканы кандай көтөрөбүз деп өзүнүн программасы, командасы менен келиши лаазым.

Эми мен суроомду узатайын.

Сиз айыл чарба министри болуп калдыңыз дейли. Кыргызстан ЕАЭБге мүчөбүз да. Дыйкандар өстүргөн продукцияны ошол өлкөлөргө кантип экспорттоп, сатат элеңиз. Бул жаатта кандай иш алып бармаксыз?

Э.К.: — Бул багытта көп тажрыйбам жок, аны сырттан көрүп-билип жүрөбүз. Биринчи кезекте экспорт маселесин дыкаттык менен чечүүгө кам уруп, ЕАЭБ боюнча иштеген тараптар менен ишти алып барат элем. А негизи мал чарбачылыгын көтөрүш керек дейм. Эт, сүт багытындагы жакшы тукумдуу малды көбөйтөт элем.

Анан дагы бир нерсе — айылдагы дыйкандар кандай продукцияны өстүрүүнү алигече так билбейт. Бул жагынан сабатсыз. Маселен, мен айылда туулуп-өстүм. Картошка айдап, өстүрүп чоңойгом. Биз үрөндү, урукту кантип тандашты билчү эмеспиз. Жылына бир эле жерге айдай берип, кыйналып, күндүн ысыгында белди бекчейте иштеп, чаап, отоп, машакаты арбыганы менен күзүндө түшүм аз болуп калчу. Ошентип мээнет, кеткен чыгым өзүн актаса актады, актабаса жок. Жерди которуштуруу, жер семирткичтерди туура пайдаланууну, жакшы ыкмаларды колдонгонду билчү эмеспиз. Өзүм бул көйгөйлөрдү көрүп-билип калгандыктан, ушул жагынан жардам берүүнүн аракетин көрмөкмүн.

Депутат ЖК Тазабек Икрамов во время интервью с журналистом Sputnik Кыргызстан Эламаном Карымшаковым
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
"Сиздин ордуңузда менмин да, суроону мен узатып жатпаймбы (күлдү). Кайра эле журналисттигиңизге өтүп кеттиңиз окшойт", — деди Икрамов журналист Карымшаковго

Т.И.: — Сиз жалпы айттыңыз, ошол маалда министр картошканы өткөрө албай, чирип жатат дедиңиз (кеп Карымшаковдун министрдин кабинетине картошка көтөрүп киргени боюнча кетти — ред.). Анын ордунда болсоңуз, чет өлкөгө кантип сатмак элеңиз.

Э.К.: — Ооба, министрге айткан кептин себеби башкада эле. Алар башында Өзбекстанга баланча тонна сатабыз, өстүрө бергиле деген таризде дыйкандарга сунуштаган. Анан күз келди, баары бышты...

Т.И.: — Эми сиз өткөндү айтып жатасыз. Бир мамлекетке картошканы ал деп мажбурлай албайбыз да. Ошонун жолун сиз кантип тапмак элеңиз?

Э.К.: — Башка мамлекетке өткөрүүнүн кандай жолу бар. Биз ошол жактагылар менен сүйлөшмөкпүз. Базар баасы арзан болуп калды дебедиби. Министрге барган себеп, "токтоп тургула, кетет, өтөт" деп кайра-кайра убада бере бербедиби. Негизи сатуу Айыл чарба эле эмес, Экономика министрлигинин да мойнунда. Мунун айыбы убада бергени жана дыйкандарды ишендирип койгону болду. Биз сүйлөшүүлөр так деңгээлде болбой калгандыгына басым жасадык. Өзбекстан десе, аны карап отура бербей, башкаларга да экспорттосок болмок беле деген ой. Чындыгында бүгүнкү күндө мамлекеттик машинага караганда, ишкерлердики тезирээк кыймылдайт.

Т.И.: — Бирок сиз туура эле маселе көтөргөнсүз, бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлиги жакшы деңгээлдеги иш алып барбай жатат.

Эми суроону башка тармак боюнча узатайын. Билим берүүнүн кайсы түрүн өнүктүрүп, адистерди даярдап, керек болсо чет жакка иштеп кете алгыдай кылып, тагыраагы, кайсы кесиптерди окутууга көбүрөөк көңүл коюп, басым жасасак деп ойлойсуз?

Э.К.: — Маалыматтык технология жаатындагы, IT-адистерин, программисттерди окутууга көңүл бурушубуз керек деген пикирди карманам. Азыр санариптешүү маалы, бардык нерсе жаңы технологияга байланыштуу болуп калбадыбы. Ушул жааттагы адистердин арбын болушуна аракет кылганыбыз оң болот деген ойдомун. Сөзүм куру болбос үчүн айта кетсем, иним 9-классты аяктаган соң Оштон Бишкекке алып келип, "IT-тармагында билим ал, ушул келечектүү багыт" дедим. Алар жакшы адис болуп чыкса, мекенибиздин керегине жарап, элдин жашоосун жеңилдетүүгө салымын кошот деген ишеним бар. Андан сырткары, туризм жаатындагы адистерди даярдоо зарыл. Жакшы адис Кыргызстанды дүйнөгө сулуулугу, кооздугу менен таанытууга салым кошот эле деп ойлойм.

 

Негизи билим берүүгө басым жасашыбыз керек. Мен өткөндө бир маалыматты угуп алып абдан кейидим. Биздин айылда адатта "А" жана "Б" класстарында орто эсеп менен 20дан, экөөндө биригип 40 окуучу билим алат. Улам өйдөлөп, тагыраагы, 9-класска барганда балдардын саны кескин кыскарып, бир класс болуп уюшулуп, 20-25тей окуучу калат. Себеби колледждерге, башка тараптарга билим алганы кетет ж.б. болот. Анан ошондой класс быйыл 11ди бүтөт. Алардын ичинен беш-алтоо мындан ары окубайм деп чечип, Жалпы республикалык тестирлөөгө кирбептир. 16сы жалпы тестке барып, ошонун жарымы эле нормативдик баллга жетиптир. Демек, ошондо биздин айылдан Жалпы республикалык тестирлөөдөн 8-9 эле окуучу өтүптүр. Бул мени кейитти... Ушул сыяктуу мектептер көп да. Андыктан учурда мектептерде билим берүүнү жакшыртуу маселеси курч турат. Андан сырткары, мугалимдердин билимин жогорулатып, кайра даярдоодон өткөрүү маселеси жаралды деген ойдомун.

Депутат ЖК Тазабек Икрамов и журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков во время интервью, в рамках проекта интервью наоборот
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
"Биз үрөндү, урукту кантип тандашты билчү эмеспиз. Жылына бир эле жерге айдай берип, белди бекчейте иштеп, чаап, отоп, машакаты арбыганы менен күзүндө түшүм аз болуп калчу", — дейт талаада иштеген күндөрүн эстеген журналист Карымшаков.

Т.И.: — Эң туура айттыңыз, учурда аталган тармакка көңүл буруу зарыл. Анан буга кыргыз тилин да кошуп кетээр элем. Мамлекеттин тилин, маданиятын жана салтын жоготкону жан кейитерлик көрүнүш. Анда мамлекеттүүлүк жоголот. Бүгүн Бишкек шаарында кыргыз тилине болгон мамиле боюнча сиздин пикириңизди уккум келип турат. Келечекте башкалар да үйрөнө турган деңгээлге кантип көтөрсөк болот?

Э.К.: — Биринчи кезекте ал үйдөн, ар бир ата-эненин тарбиясынан болот го. Андан соң кыргыз тилинин өнүгүүсүнө мамлекет тарабынан шарт түзүлүшү зарыл. Кыргыз тилин билбесе жөнөкөй мамлекеттик кызматта иштей албайт, иш кагаздарын жазганды үйрөнүш керек деген талап коюлса, өнүгөт деген ойдомун. Муну мыйзамдаштыруу сиздердин, депутаттардын, колунда деп ойлойм. Мен көрүп турган бирден-бир жол ошол. Балким сиз да айта кетерсиз, балдарыңыз кайсы тилдүү мектепке барат, кайсы кесипти тандайт деген ойдосуз?

Т.И.: — Балдарым Бишкек шаарындагы мектептерден окуйт. Негизинен орус тилдүү. Кызым түрк билим берүү тармагындагы мектептен билим алат. Негизи үйдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Балдарым 2-3 тилде сүйлөйт. Ал эми бул тема боюнча жалпылап айтсам, 4-5 тил билген тааныштарым бар. Албетте, бул сонун, бирок эң биринчи иретте эне тилди билүү керек. Антпесе уят.

Кабарыңыздар болсо, өкмөткө сунуш берген элем. Бүгүнкү күнү мамлекеттик кызматта иштегендер кыргыз тилинен тест тапшырат. Ошону сунуштап киргизген автор негизи мен болом. Азыр ага дагы толуктоо киргизүү туурасында ойлор бар. Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө бир топ акча бөлүнөт. Ал каражат кайда кетип, кандай натыйжа берип жаткандыгын эч ким билбейт.

Эламан мырза, эми жеке өзүңүзгө байланыштуу суроолорду берсем. Окурмандарга деле кызык болсо керек. Журналистикага кантип келип калдыңыз, себеби резюмеңизди карасам, адистигиңиз башка экен?

Э.К.: — Мен Ош облусунун Алай районун чекесиндеги Талдык айылында туулгам. Атамдар дыйканчылык кылышат. Кийинчерээк ата-энем бир топ кыргызстандыктар сыяктуу эле миграция агымына кошулуп, Россиянын Екатеринбург шаарында иштешти. Чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. 6-7 жашымда эле алар "колуңа жугуп калбайт, эмгек кылып үйрөн" деп тарбиялады. Ата-энем алгач 2-3 жылда бир келчү, кийин биздин кубанычыбызга жыл сайын келе баштады. Ошентип жүрүп бой жеттим. Бишкекке келем деген ой деле жок болчу. Органда иштесем деп жүргөм. Апам Бишкектен билим ал деп сунуштады. Дайыр Асанов атындагы аскер окуу жайына тапшырууну пландап, 30га жакын документ даярдадым. Акырында теория жактан экзаменден өтпөй калып, маанайым абдан түштү. Тагдыр экен, Кыргызстан эл аралык университетинен экономика жаатында адистикке ээ болдум. Чыгармачылыкка мурда эле кызыгуум бар эле. Бир нече басылмалардын, ЖМКлардын сынагына катышып жүрдүм. Ошентип журналистикада, Sputnik Кыргызстан агенттигинде иштеп калдым.

Журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков во время интервью с депутатом ЖК Тазабеком Икрамовым
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Аткаминерлерди бурчка такап, суроо берип көнгөн Эламан Карымшаков интервью берген деле оңой эмес экендигин жашырган жок.

Т.И.: — Окуп бүткөн экономист кесибине караганда жан дүйнө бул жакка, журналистикага тарткан экен да?

Э.К.: — Ооба. Журналистикага келгенден кийин ал кесипти окуп алганыма канааттандым. Себеби экономика боюнча материалдарды даярдаганда жардамы тийип жатат.

Биз азыр маектешип жатпайбызбы, баары бир суроо узата берет окшойм. Сиз азыр Жогорку Кеңештин депутатысыз. Сиздин азыркы турушуңузга билимиңиз жардам бердиби же жөндөмдүүлүкпү?

Т.И.: — Кандай айтсам... Ар бир алган билимдин, окуган нерсенин зыяны тийбейт экен. Анан чөйрөң да өзүнүн таасирин тийгизет. 3-дипломумду жакында эле алдым. Өзүмө керектүү деген нерсени окуп жатам. Биринчи Дене тарбия институтун бүттүм. Кийин Юридика академиясын сырттан окуп аяктадым. Кечээ жакында ТИМдин алдындагы Дипломатия академиясын бүтүрдүм. Үч дипломдун ээсимин. Бирок буга карабастан, баары адамдын жөндөмүнө жараша болот го. Алдыга чыгып бир нерсени жасаганым, уюштуруучулугум бар. Ийгиликтериме кудайдан берген жөндөм көбүрөөк жардамчы деп ойлойм.

Э.К.: — Мен грек-рим күрөшүнө кызыгам, кээде күрөшүп да калам. Сиз да өткөндө ийгилик жаратып келдиңиз, куттуктайм. Спорт сиздин жашоонун бир бөлүгү окшобойбу?

Депутат ЖК Тазабек Икрамов и журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков во время интервью, в рамках проекта интервью наоборот
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Маектин соңунда депутат Тазабек Икрамов журналист Эламан Карымшаковго ден соолук жана ак жоолук каалады.

Т.И.: — Рахмат! Ар бир жетишкендигим, ийгиликтүү кадамым спортко байланыштуу. Кичине чагымдан азыркыга чейин спорт менен машыгам. Спорт — тазалык, спорт адамдын мүнөзүн калыптандырат, эркин бекемдейт. Ден соолук үчүн пайдасы көп. Күнүнө машыкпай калсам, өзүмдү оор сезип кетем. Жумасына эки сааттай машыгып, ошол жерден кадимкидей рахат алам. Улуулар айткандай, биринчиси ден соолук, экинчиси ак жоолук дейт эмеспи. Андыктан сага да ушуну каалайм. Азыр сен бойдок жүрөт экенсиң, сага ак жоолук болсун, үйлөнүш керек.

Э.К.: — Азыр оюма койсо бойдок бойдон жүрө бергим келип жатат. Канча жашта үйлөнгөн жакшы болот экен?

Т.И.: — Эми ар кандай болот. Негизи эртерээк үйлөнсөң, турмушка көз караш башкача болот. Келечектеги жашоого аракет эртерээк башталат. Балалуу болгондон кийин дагы акыл кошулат. Менин жеке пикиримде, бойдок жүргөндө башкача жашоо менен жашаган сымалсың. Үй-бүлөлүү болуу өзүңдүн кичинекей мамлекетиңди куруу деген түшүнүк. Менимче, үй-бүлөлүү болбой туруп, мамлекетке пайдалуу нерсе жасаш деле кыйын болуп калат.

Ал эми маектин соңунда өлкөбүзгө, Кыргызстанга пайдасын тийгизген инсан болушуңа тилектеш экенимди белгилеп кетейин.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20191224/1046588502/tazabek-ikramov-elaman-karymshakov-ozgocho-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик