Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:56
КРге эмчек рагын аныктаган алдыңкы аппарат алып келинди. Ал облустарды кыдырат
16:35
Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар
16:26
Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр
16:06
Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду
15:49
Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады
11:12
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
16:08
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды
16:03
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
15:32
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
15:18
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
10:12
Боронов жаңы ооруканалардын курулушунан шек санап, өзү көзөмөлдөмөй болду
10:10
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина алып келинди
Бардык кабарлар

Уйлар кандын рагына кабылып айлабыз кеткен. Бишкектик окумуштуу менен маек

Интервью
70
0

Болгону асыл тукум мал алып, аны туура багуу жолдорун үйрөнүш керек.

Мындай оюн Sputnik Кыргызстан редакциясына Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун Бодо малдар бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев айтты. Баса, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков дагы уй чындан эле үй-бүлөгө жакшы киреше алып келерин кеп кылган.

Мындан улам 50 жылдан ашык уй багуу тармагын изилдеген окумуштуу Кыдырмаевден канткенде уй эттүү дагы, сүттүү дагы болорун, андан кантип пайда көрүү керектигин сурадык.

— Азыр көпчүлүк фермерлер сүттү көп берет деп аябай акча жумшап, чет өлкөдөн уйларды алып келип жатат. Кыргызстанда мурда багылган уйлар сүттүү эмес беле?

— Мурда Кыргызстанда уйлар кандай сүт бергенин айтсам, азыркыларга жомоктой сезилиши мүмкүн. Советтер Союзу учурунда Кыргызстан сүт саап алуу боюнча 15 өлкөнүн ичинен 5-орунга чыккан. Мен Сокулук районундагы "Тажрыйба" чарбасын жетектечүмүн. Ал жакта "Ала-Тоо" тукумундагы уйлар багылчу. Алгач ар бир уйдан күн сайын 32-35 литр сүт саап алчубуз. Кийин илимдин жардамы менен бир уй күнүнө 50 литрден сүт бере баштаган. Бул рекорддорубузду Москвада көрсөтүп, бүткүл союз менен тажрыйба бөлүшкөнбүз. Өткөндө интернеттен бир жаңылык окудум, кайсы бир өлкөдө Голштин породасындагы уй 51 литр сүт берип, рекорд койду деп жар салышыптыр. Биздин уйлардан ондогон жылдар мурун эле ушунча сүт алчубуз.

 

— Азыр сиз айтып жаткан "Ала-Тоо" тукумундагы уйлар барбы?

— Бар, бирок көпчүлүгү "майдаланып" кеткен. Бул тукум 1950-жылы жергиликтүү инектерди швец жана кострома уйларынын букалары менен аргындаштырып чыгарылган. Сүттүү дагы, эттүү дагы. Тоо, талаа шартына ыңгайлашкан. 1990-жылдары колхоз-совхоз тараганда, мал үлүшкө берилип кетпеди беле. Ошол уйлардын тукуму элдин колунда. Бирок ал асылдыгын сактап калыш үчүн таза кандуу бука менен аргындашышы керек. Ал эми көбүрөөк сүт алуу үчүн жайыттын чөбүнөн тышкары, короодо витаминдүү тоют жеши керек. Мунун баары болмоюнча сапатты сактап калуу мүмкүн эмес. Муну бардык эле жарандар биле бербейт. Айылда таң атпай бадага кошуп ийишет, ал ар кайсы жагынан айдоо болуп калган тар жайытта курсагы тойсо тойду, тойбосо жок, күнгө какталып, акактап келет. Жемди деле күндө берип жаткандар саналуу гана. Мындай шартта чака-чака сүт алам деп үмүт кылбаш керек. 

Доктор сельскохозяйственных наук, профессор Адашбек Кыдырмаев во время беседы
© SPUTNIK / ЭРКИН САДЫКОВ
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун Бодо малдар бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев

— Азыр чет өлкөлөрдөн алып келген уйларды баккандар "бара-бара сүтү азайып кетти" же "торпок кезинде алгам, кийин кыйратып деле сүт берген жок" деп айткандар бар. Ошондо буларга багуусу жарашпай жатабы?

— Анысы дагы бар. Бирок негизги себеп дүйнө жүзү боюнча сүттүү уй катары белгилүү Голштин породасындагы уйлар биздин тоолуу шартта жакшы жашай албайт. Мисалы, Чүйдүн Байтик айылынан тартып эле дем алуусу кыйындап, кычкылтек жетишпей калат. Эми Кыргызстандын башка тоолуу аймактарын элестетип көргүлө. Анан, албетте, өзүнө жетиштүү нерселерди ала албаса, сүт азаят да. Экинчиден, бул уйлар үч тууттан кийин "иштен чыгып" калат, бул фермерге деле пайда алып келбейт. Ал эми өзүбүздүн күрөң уйлар 10дой музоо тууп берет.

— Акыркы жылдары малдын жугуштуу ооруларына байланыштуу сыртка мал этин тыңгылыктуу чыгара албай келебиз...

— Мурда биздин уйларда жугуштуу оорулар таптакыр жок болчу. Кийин ар кайсы өлкөлөрдөн каалаганын алып келип жатышып, көп оорулар пайда болду. Шарп, бруцеллёз сыяктуу ооруларды мындай коёлу, лейкоз илдети айланы кетирген. Башкача айтканда, бул кандын рагы. Андан кутулуу үчүн жуктуруп алган жана алардын жанындагы уйлардын баарын жок кылууга туура келген. Андан соң фермалардагы алар турган жыгач полду алып, астындагы жерди жарым метрден казып салышкан. Мунун баары эмне деген убаракерчилик? Малдын өзүн өрттөп салышчу. Ошентип рак илдетин араң жеңишти окшойт.

— Жогоруда сиз малдын асылдыгы бузулбаш үчүн таза кандуу бука керек деп жатасыз. Бул жаатта абалыбыз кандай?

— Бирин-серин асыл тукум букаларды баккандар бар. Бирок баары бир өкмөттүн деңгээлинде колдоого алынып, каражат бөлүнмөйүнчө бир нерсе кылуу оор. 1957-жылы Кыргызстанда жасалма уруктандыруу боюнча асыл тукум станциясы түзүлгөн. Кийин ал каралбай калды. Ошону менен иш калып калбасын деп өзүм 2013-жылы жасалма уруктандыруу боюнча биотехнологиялык борбор ачтым. Чет элден инвестор таап, Германия, Индонезия, Россиядан жабдуу алдык, адистерди окуттук. Аймактарга урук жеткирип жакшы иштей баштаганбыз. Бирок өкмөттөн колдоо жок иштөө кыйын экенин дагы бир жолу айтып коюшум керек. Улам-улам букаларды алмаштырып туруу зарыл. Асыл тукум бир бука эле 100 миң сом турат.

 

— Айыл чарбасын көтөрөбүз деп айтылганы менен турмуш жүзүндө анчалык деле көп иш жасалбаганы баарыбызга белгилүү. Мындан аркы пландарыңыз кандай? Өзүңүз пенсия курагында экенсиз, билгендериңизди жаштарга үйрөтүп жатасызбы?

— Жаштар бул тармакка жологусу келбейт чынында, анткени айлыгы аз. Анүстүнө биздин биотехнологиялык борбор Бишкектен 30 чакырым алыстыкта, ким эле ал жакка күнүгө барып-келип иштегиси келсин. Айлыгынын баары эле жолго кетип калбайбы. Чындап эле мал жаатындагы илимге кызыккан жаштар аз. Мисалы, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун мен иштеген бөлүмүндө 5-6 гана киши бар. Анда эң улуусу 86 жашта, андан кийин эле мен 77демин.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200208/1047007783/uj-baguu-boyuncha-adistin-keneshi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик