Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

“ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫНАН КӨПТҮ ҮМҮТТӨНӨБҮЗ”

Интервью
2 325
0
Бакыт АКМАТОВ, “Апаз Жайнаков” атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын директору:

“ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫНАН КӨПТҮ ҮМҮТТӨНӨБҮЗ”


“ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫНАН КӨПТҮ ҮМҮТТӨНӨБҮЗ”
Кыргыз эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымын алып жүргөн Баткен облустук музыкалык драма театрына быйыл 10 жыл толот. Бул жылдар аралыгында театр көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып, бир топ ийгиликтерди жарата алды. Ар ортодо чек аралаш аймактардагы элдин достугун бекемдөө максатында коңшу Тажикстандык кесиптештери менен көптөгөн иш-чараларды уюштуруп келишет.

- Бакыт Суюнбекович алгач театрдын ачылуу тарыхына көз чаптырсак.
- Биздин театр 2006-жылы 18-апрелде маркум Кыргыз Эл артисти Апаз Жайнаков агабыздын демилгеси жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюшулган. Жаңы ишти баштоо кыйын, улантуу оңой эмеспи, театрды түптөө, ишин жолго салуу түйшүктөрүн театрдын алгачкы директору А.Жайнаков агабыз ишке ашырган. Кийин Апаз агабыз кайтыш болгондон соң, 2013-жылда театрга анын ысмы ыйгарылган. Бүгүнкү күндө театрдын репертуарында 19 спектакль бар. Кыргыз элине белгилүү болгон Кыргыз Эл артисти, режиссер Замирбек Сооронбаев, Ысык-Көл областындагы Касымалы Жантошов атындагы драма театрынын башкы режиссеру Давлес Нургазив, режиссер агаларыбыз Акылбек Абдыкалыков жана Мансур Парпиев агайлар биздин театрдын өсүшүнө көптөн-көп салым кошуп келүүдө. Россия өлкөсүнүн Уфа шаарында түрк тилдүү элдер ортосунда болуп өткөн фестиваль 2012-жылы ийгиликтүү болду.

“ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫНАН КӨПТҮ ҮМҮТТӨНӨБҮЗ”- Быйылкы жыл биздин өлкөдө “Тарых жана маданият” жылы деп жарыяланды. Бул багытта сиздерде кандай иштер жүрүүдө?
- Биз үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ч.Айтматовдун “Жамиля” повестинин негизинде режиссер Д. Нургазиев даярдаган “Жамиля” спектаклын көрүүчүлөргө койдук. Ушул эле спектакль менен Ош шаарында болуп өткөн театрлар таймашына барып, жеңиш менен келдик. Ошондой эле ушул жылдын сентябрь, октябрь айларында Ош шаарында Тарыхый спектаклдардын фестивалына карата Жеңишгүл Өзүбекөванын “Кайран гана энең Каныкей” аттуу спектаклына кызуу даярдык көрүп жатабыз.

- Театрдын кадр маселеси жөнүндө айтсаңыз?
- Кадр маселеси курч бойдон калууда. Жалпысынан театрда 75 кызматкер эмгектенет, анын ичинде 48и артисттер, 10у административдик топ, 5 кичи топ, 5 техникалык кызматкерлер. Бизде профессионал артисттер жетишпейт, көпчүлүгү талантты сүйүп баалап, сыйлагандар. Эң көп айлык маяна алган артисттерибиз 4 же 5 миң сом алат. Көптөгөн таланттуу жаштарыбыз маянанын аздыгынан башка өлкөдөн жумуш издөөгө

“ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫНАН КӨПТҮ ҮМҮТТӨНӨБҮЗ”
Уфа шаарында түрк тилдүү элдер ортосунда болуп өткөнфестивалдын катышуучулары.

аргасыз болууда. Буга чейинки облустагы өкмөттүн өкүлү Ж.Разаков менен биргеликте кадр маселесин чечүүнүн аракетин жасап, атайын келишимдин неизинде 4 окуучуну Бишкек шаарындагы исскуство окуу жайына бюджетик негизде окууга өткөрдүк. Алар бүгүнкү күндө экинчи курста окуп жатышат. Андан тышкары театр ичи заман талабына жооп бербейт, имаратка муктажбыз. Бүгүнкү күндө биз пайдаланып жаткан имарат 1980-жылы жер титирөөдөн кийин айылдык типте курулган клуб болгон. Заманбап театрдын имараты болуш үчүн театрдын ар бир кызматкери үчүн атайын бөлмөлөр, гримм бөлмөсү, атайын техникалар болушу керек. Быйыл “Тарых жана маданият” жылы дегенден көптү үмүттөнүп турабыз. Биздин иштөө үчүн шартыбызды оңдоого мамлекет колдоо көрсөтсө жакшы болмок.

“ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫНАН КӨПТҮ ҮМҮТТӨНӨБҮЗ”
“ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЯТ ЖЫЛЫНАН КӨПТҮ ҮМҮТТӨНӨБҮЗ”
“Достор” спектаклынан сүрөттөр.

- Бидин аймакта актуалдуу болгон чек ара маселелерине байланыштуу да спектаклдерди коюп келесиздер. Бул аракетиңиздер канчалык натыйжасын
берди?

- Ооба. 2015-жылдын август айында “Маданиятта чек ара жок” урааны менен кыргыз- тажик элдеринин достугун чагылдырган Табылды Актандын чыгармасына таандык режиссеру КРнын Эл артиси Замирбек Сооронбаевдин “Достор” спектаклин элдерге сунуштадык. Реалдуу турмуштан алынган
спектаклди артисттерибиз мыкты чеберчи лик менен аткарып, көрүүчүлөр арасында менимче жакшы пикир жаратты.




Заманбап театрдын
имараты болуш үчүн
театрдын ар бир
кызматкери үчүн
атайын бөлмөлөр,
гримм бөлмөсү, атайын
техникалар болушу
керек.


- Биздин аймактын элинин театрга болгон кызыгуусу кандай?
- Өткөн жылы Баткен жергесинде болуп өткөн VII республикалык театралдык фестиваль болуп, Фестивалга Бишкектен жана республиканын бардык облустарынан келишкен театрлардын спектаклдары көрүүчүлөргө тартууланып, Баткен элинин театрга болгон кызыгуусу артты. Ошондой эле Баткен облусунун аймагында элдердин театрга болгон кызыгуусун арттыруу максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруп келебиз. Алсак, 2015-2016-жылдардагы окуу жылында мектеп окууучуларына Ч.Айтматовдун “Жамиля” повестинин негизинде даярдалган “Жамиля” жана Гүласал Алиеванын “”Сүт ак” спектаклдарын окуучуларга тартууладык. Бул саамалык жаңы окуу жылынын башталышы менен кайра дагы уланат.

- Келечекке койгон пландарыңыздар болсо керек?
Албетте. Кадр маселесин толуктоо биринчи максатыбыз. Элдин театрга болгон кызыгуусун арттыруу, ар кандай дүйнөлүк фестивалдарга катышып Кыргыз элин, анын ичинде Баткен облусун атын дүйнөгө таанытуу үчүн талыкпай эмгектене бермекчибиз.

Динара КУРБАНБЕКОВА,
Баткен
скачать dle 11.0фильмы бесплатно