Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:46
Чек ара чырынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 36 турак жай салына баштады
16:37
Марипов 99 жаштагы ардагерге жолугуп, Жеңиш күнү менен куттуктады.
14:25
9-май — каармандыктын символу. Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күн менен куттуктады
14:24
Кыргызстандыктарды 5 өлкөнүн президенттери Жеңиш майрамы менен куттуктады
14:18
Бишкекте Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием болду.
14:12
Ташкул Керексизов дүйнө салды
12:48
Чек ара чырынан жабыркап ооруканага түшкөндөргө ID-карта жасалууда.
12:39
Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?
15:28
Түркстан — Бишкек — Түркстан аба каттамы ачылмай болду
15:26
COVID-19: медиктерге компенсация төлөө үчүн 243 млн. сом бөлүндү
15:21
Кыргыз-тажик чек арасын бөлчү чийин кайсы тилкелерде сызыла турганы айтылды
15:12
Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт
15:01
ЖК “Кумтөрдү” башкарууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Шарттары
15:00
Жапаров “Головной” суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоо тапшырмасын берди
16:51
Лейлекте аскердик шаарчанын курулушу башталды
16:50
Ташиев тажик делегациясынан кечирим сураган эмес. УКМК чуулуу видео тууралуу
16:49
Кыргызстан менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол курат. Аны Тажикстан колдонот
16:14
Марипов: министрлер кабинети өзгөчө кырдаал абалында күнү-түнү иштейт
16:07
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө
10:54
Кыргызстанга мобилдик клиникасы бар атайын унаалар алынат.
10:32
Памирден келген 44 этникалык кыргызга Кыргызстандын паспорту берилди.
15:52
Мурдагы билим берүү министри, илимпоз Аскар Какеев көз жумду
14:33
Ташиев: чек ара маселеси боюнча май айында Өзбекстандан делегация келет
10:40
ИИМ: АУЦАнын президенти баңгизат боюнча кылмышка шектүү катары суралууда
12:36
Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды
15:28
Жогорку Кеңеш баш прокурордун 2020-жылдагы ишин жактырды
14:47
Саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголобу? Башкы прокурордун жообу
14:34
Парламент Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду
13:24
Кемпир-Абад суусактагычы жээгиндеги айылдарды чөктүрүүдө
17:55
Статистика комитети Кыргызстан элинин саны канчага жеткенин айтты
18:02
ТИМ Кыргызстанга 9 өлкөнүн жарандарын визасыз киргизүүнү демилгеледи.
18:02
Садыр Жапаров жугуштуу илдеттер ооруканасындагы "кызыл зонага" барды. Сүрөттөр
17:59
Депутат Садиков шайлоого келбеген жарандарды жоопко тартууну сунуштады
17:58
УКМК: Матраимов 20 млн. сомдук батирин мамлекетке өткөрүп берди
15:53
Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды.
16:24
Кайрымдуулук кылалы. Жапаров Орозонун башталышы менен куттуктады
16:23
Канча малы бар адам зекет бериши керек. Муфтияттын түшүндүрмөсү
16:21
Окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат. Токтом өкмөттө каралууда
15:22
Новиков адам уурдоодо ыкчам реакция кылуу алгоритмин иштеп чыгууну сунуштады
15:20
Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлуу тиркеме иштелип чыкты
12:38
Пакистан Кыргызстанга 1,4 тонналык гумжардам берди.
12:33
Токмокто участкадан тышкаркы 3 тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты
11:51
Жапаров: эл жаңы Конституцияны колдоп берсе бир катар мыйзамдар өзгөрөт
17:01
Кыргызстанда алгачкы жолу ректорлордун эл аралык форуму өтөт
17:01
"Торугарт", "Эркеч-Там" жана Sinopharm боюнча сүйлөштү. Марипов кытай элчисине жолукту
Бардык кабарлар

Тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 факты

Интервью / Видео
166
0

 Ушундай улуу касиеттин учугун улаган айтылуу манасчы учурда 37 жашта.

Мындан улам агенттиги бүгүнкү күндүн көзгө басаар манасчысы, кечээ эле "Манас" эпосун 14 саат 27 мүнөт айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 фактыны сунуштайт.

Касиеттүү үй-бүлөдөн. 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. 12 бир туугандын тогузунчусу. Дөөлөтбек деген ысымды атасы ыйгарган. Качкын Сыдыков 1941-жылы туулуп 2006-жылы көзү өткөн. Апасы Мейрамгүл Сыдыкова 1946-жылы туулган, Казакстандын орто жүздүү Найман элинен болот. Манасчынын чоң энеси эгиздерди, үч эм, төрт эм төрөп, 33 баланы жарык дүйнөгө алып келген. Ошондой эле тайлары дагы кыргызчылыкты карманган касиеттүү адамдар. 

Известный манасчи Доолот Сыдыков со своей семьей
© ФОТО / СТУДИЯ "КЕНЧ"
Манасчынын жубайы режиссёр Ырыс Окенова чыгармачыл инсан. Үй-бүлө Эрболот, Байнур, Каган аттуу уулдарды жана Адеми аттуу кызды тарбиялашат

Билими. Айылда орто мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып, аны 2011-жылы бүтүргөн.

Улуу өнөрдү аркалашы. Сыдыковдун манас айтып калуусуна эки нерсе түрткү болгон. Биринчиден, чоң аталары "Манас" айткан инсандар эле. Экинчиден, 12 жашында түшүндө аян алып, улуу өнөргө сүңгүгөн. Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет.

Жөө күлүк болбой калган манасчы. Сыдыковдун айтымында, чоң атасы астына аргымак салдырбаган жөө күлүк адам болгон. Атасы да жаш кезинде бир айылдан экинчи айылга жылаңайлак каттаган шамдагай адам эле. Дөөлөттүн "эгер улуу өнөрдү аркалабаганымда спорттон ордумду тапмак белем" деп айтаны бар. "Бала кезде спортко абдан кызыгып жүрдүм, бу жөө күлүктүк канда бар. Азыр жай турмуш менен спортко убакыт таба албай жүрөм" дейт манасчы. 

Манасчы во время Манас айтуу
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет

Жеке жашоосу. Манасчынын жубайы режиссёр Ырыс Окенова чыгармачыл инсан. КТРКнын маданият бөлүмүндө эмгектенет. Сыдыков жубайы менен бир берүүдө ал манас айтып, Ырыс айым алып баруучу болуп калып таанышкан. Үй-бүлө Эрболот, Байнур, Каган аттуу уулдарды жана Адеми аттуу кызды тарбиялашат.

Эмгек жолу. 2010-2011-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназияда мугалим, 2011-2012-жылдары Улуттук консерваторияда "Манас таануу" боюнча окутуучу, 2012-жылдан бери Коомдук телерадиокорпорацияда редактор, алып баруучу, сценарист, 2014-жылдан бери "Саякбай манасчы" коомдук фондунун мүчөсү болуп эмгектенет. 

Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова и манасчы Доолот Сыдыков
© ФОТО / СТУДИЯ "СИНЕМАРТ ПРОДАКШ"
Сыдыков жубайы менен бир берүүдө ал манас айтып, Ырыс айым алып баруучу болуп калып таанышкан

Кароо-сынактардагы жеңиштери. "Башканы коюп Манасты айт" сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракеси — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.

Жарым күн тынбай манас айтып. Дөөлөт Сыдыковдун ысымы мындан бир нече күн мурун эл арасына чагылгандай тарады. Ал 2020-жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, 14 саат 27 мүнөт манас айтты. "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин жанына айнектен жасалган, бийиктиги беш метр боз үйдөн (атайын жай) Дөөлөттүн айтуусундагы "Манас" жарым күн жаңырып турду.

Эпосту тыным албай узак убакыт айткан бул окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болду. 

Манасчы мындай демилге менен элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөгөн.

Окумуштуулар феноменин текшерип... Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын окутуучулары Сыдыков жарым суткадан ашык убакыт манас айткандан кийин анын феноменин изилдөөгө киришти. Адистер манас айтууга чейинки жана кийинки абалындагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу максатында эки жолу кан анализин алып, атайын лабораторияга жиберишкен. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20201114/1050430617/manaschy-doolot-sydykov-faktylar.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик