Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:26
Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Сапардын максаты
12:22
Президент өткөргөн онлайн кеңешмеде Боронов эки көйгөйдү атады
12:17
Өкмөт: "Ганси" базасында эртең дагы 400 кишилик оорукана ачылат
16:29
Коронавирусту кандай адамдар жеңил же симптому жок көтөрөт? Жаңы пикир
16:27
Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди
16:22
Коронавирустан айыккан 73 адам ооруканадан чыкты
16:19
Саламаттык сактоо министри менен орун басары Германияга учуп кеттиби? Расмий жооп
16:02
Өкмөт: дары-дармек сыртка убактылуу чыкпайт деген токтом бар.
16:01
Депутат бийликти алмаштырууга чакырык жасаганбы. УКМК иликтеп баштады
15:16
Жүрөк жылытат. Карыяга акча чогулткандар медиктерге да жардам берди
15:14
ТИМ: Россиядан кыргызстандык дагы 45 дарыгер учуп келди
15:09
Чет өлкөдөн дары-дармек алып келүүгө чектөө кирген эмес. Өкмөттүн жообу
14:10
Пандемия маалында Кыргызстандан Россияга учуп кетүүнүн жол-жобосу айтылды
12:50
Ак-Ордо, Ак-Босогодо жана Аламүдүн-1 кичи районунда күндүзгү стационар ачылды
15:26
COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди
15:23
Меджабдуу, дары-дармек сатып берем дегендер кайда кайрылса болот?
15:15
Боронов: элди чочуткан кабарларга маморгандар ыкчам жооп бериши керек
15:12
Баткен облусунун Лейлекте күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
Бардык кабарлар

Айтмамат КАДЫРБАЕВ, Ош шаарынын мэри: “ҮЧ ПРИНЦИП МЕНЕН ИШТЕП ЖАТАМ, МЫЙЗАМДУУЛУК, АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК, ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУУ”

Интервью
650
0

Айтмамат КАДЫРБАЕВ, Ош шаарынын мэри: “ҮЧ ПРИНЦИП МЕНЕН ИШТЕП ЖАТАМ, МЫЙЗАМДУУЛУК, АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК, ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУУ”Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы ишке киришкенде эл ишеним арттырбай, жакшы иштеп кетүүсүнө күмөн санап турган. Бирок кызматка дайындалгандан тарта көп ийгиликтерге жетип, шаарды өнүкүтүрүүгө жумшаган аракеттерин көзгө көрүнбөйт деп айтууга болбойт. Мэр болуп дайындалгандан тарта кандай иштерди аткарды, ага чейин өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекеттин өнүгүшүнө кандай салым кошту деген суроолорго жооп алуу максатында Айтмамат Тентибаевичти маекке тарттык.

 

- Айтмамат Тентибаевич, Кыргызстандын эң ири шаарларынын бирин жетектеп турасыз, Ош шаарын өнүктүрүү боюнча пландарыңыздын эң приоритеттүүлөрүн атап өтсөңүз.

- Мэрлик кызматка алгач киришкен күндөн тарта үч принцип менен иш алып барып жатам. Тактап айтканда мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана эл менен бирге болуу. Эгер мыйзамдуулук орнобосо, ачык-айкындуулук болбосо, эл менен бирге болуп,алардын ийгиликтери жана көйгөйлөрү менен жакындан таанышпасам Ош шаарынын 2017-2020-жылдарга чейинки өнүктүрүү программасы турмуштук жүзөгө ашпай калышы мүмкүн. Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, шаар тургундарынын жашоо тиричилигин жакшыртуу жана коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукту орнотуу, коомдук жашоодо деспоттук көрүнүштөрдүн, акыйкатсыздыктын алдын алуу жана болтурбоо мэриянын негизги максаты болуп саналат. Учурда мэриянын аппаратында коррупциянын бир да элементи жок деп колумду көкүрөккө коюп, коомчулукка тике карап айта алам. Командабыз жаш, ишенимдүү. Командалардын, же саясий кызыкчылыктардын тирешүүсүнө жол бербейм. Ишине кайдыгер жетекчилердин ордуна жаңыча ой жүгүрткөн, кызматына берилип иштеген таза жүрөк жетекчилер менен алмаштырганмын. Ош шаары өнүгүү жолунда. Келечектүү долбоорлор менен чоң-чоң курулуштар курулуп, шаарыбыз туурасынан да, бийигинен да өсөт. Күнүмдүк иш планымда камтылган көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация системаларын оңдоп-түзөө иштери, кышка карата даярдык камылгалары, шаар тургундарын социалдык жактан камкордукка алуу аракеттери үзгүлтүксүз улана бермекчи. Ал эми шаар тургундарынын коопсуздугун коргоо, улуттар аралык биримдикти сактоо милдеттери эң башкы пландагы маселе болуп саналат.

Айтмамат КАДЫРБАЕВ, Ош шаарынын мэри: “ҮЧ ПРИНЦИП МЕНЕН ИШТЕП ЖАТАМ, МЫЙЗАМДУУЛУК, АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК, ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУУ”- Ош шаарында туризмди өнүктүрүү боюнча кандай пландарыңыз бар?

- 3000 жылдык тарыхы бар байыркы Ош шаары өлкөнүн аймагында да, чет мамлекеттерде да өзгөчө кызыгууну жараткан, таанымал шаар. Шаардын так ортосунда жайгашкан ыйык “Сулайман-Тоосу”, “Ак-Буура” дарыясы менен атактуу. Чоңдугу боюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шаарлардын бири экени баарыбызга маалым. Оштун жери туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий жактан кыйла потенциалга ээ. Шаардагы азыркы инфраструктура дале болсо эл аралык стандарттарга ылайык келбейт, анткени бир нече ондогон жылдар мурда түзүлгөн туризм негизинен советтик туристтердин керектөөлөрүн канааттандырууга эсептелген эле. Бирок, туризм акырындап өсүп-өнүгүү жолунда. Туризм тармагына инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иш жүргүзүлүүдө. Айта кетсем, 2014-жылы шаарга 4,7 млрд сом инвестиция тартылган болсо, 2015-жылы инвестициянын көлөмү 5,2 млрд сомду түздү. Туризм чөйрөсүндөгү шаардагы чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, туризмдин материалдык-техникалык базасына жана анын инфраструктурасына көмөк берүү, туризмде рыноктук мамилелерди калыптандыруу үчүн туристтик тармактын өнүгүшүнө түрткү берүүчү бир катар жумуштар жүрүүдө. Ошондой эле, бир нечечет өлкөлүк шаарлар менен достук келишимин түзүп, тыгыз иш алып баруудабыз. Алардын катарында, Стамбул, Тараз, Санк-Петербург, Гуанчжоу шаарлары бар. Кызматташуунун негизинде, биздин адистер туризм тармагында, өнүккөн шаарлардын инфраструктурасы, улуттук маданияттын салтанаалары, рекламалык-маалымат чөйрөсүндөгү жетишкендиктер, туризмдин калктын социалдык-экономикалык абалына тийгизген таасирлери жөнүндө кеңири тажрыйба алмашууда. Мындан сырткары туризимди өнүктүрүү багытында шаарда бир нече форумдар, фетивалдар өтүп турат. Алардын катарында “Сулайман-Тоо-ынтымактын жана биримдиктин символу” фестивалын жыл сайын өткөрүлүп келет. Жыйынтыктап айтканда Ошто туризмдин тез жана пайдалуу өнүгүшүнө толук ыңгайлуу шарттар бар. Аларды азыркы базар экономикасынын шартына ылайык натыйжалуу жана айлана чөйрөгө зыян болбогондой таза пайдаланып, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк түзүп, келечекте өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүшүндө реалдык сектордун негизги тармагына айландыруу зарыл.

Айтмамат КАДЫРБАЕВ, Ош шаарынын мэри: “ҮЧ ПРИНЦИП МЕНЕН ИШТЕП ЖАТАМ, МЫЙЗАМДУУЛУК, АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК, ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУУ”- Көп улуттуу, сезимтал шаарда улут аралык мамилелер негизги корголуучу жагдай экенин тарых көрсөттү. Бул жаатта кайгылуу окуялардын кайталанбашы үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?

- Шаар элдеринин маселелерин, сунуштарын жакындан билүү максатында жылына эки ирет эл менен жолугушууларды өткөрүп келем. Шаарда болуп жаткан маданий, саясий иш-чараларга, коомдук-саясий турмушуна улуттук азчылыктын өкүлдөрү, жаштары активдүү катышып келет. Улуттар ассамблеясы да сыртта калбай майрамдык иш-чараларды, форумдарды, фестивалдарды, жарманкелерди өткөрүүдө көмөк көрсөтүшөт. Ар бир улут аз-көп экенине карабастан, мамлекеттик башкарууга катышуу укугуна ээ. Ошондуктан, бийлик тепкичтеринде, мамлекеттик кызмат орундарына улуттук азчылыктын өкүлдөрүн дайындоого маани берем. Мындайча айтканда, эч бир улуттун саясий жана жарандык эркиндиктерине чектөөлөр коюлбайт. Учурда шаарыбызда келечек ээлери улутуна карабай бир аянтта ойноп, элибиз өз ара достугугун, ынтымагын бекемдешүүдө. Акыркы жылдарда жетишкен эң чоң
ийгиликтерибиздин бири бул, элибиздин ынтымагы, биримдиги жана достугу деп айтсам болот.

- Иштегениңизге аз убакыт болду кайсы ири аткарылган иштерди атап өтөөр элеңиз?

- Ош шаары өзүнүн жаңы облигине, ажарына ээ болуп, жылдан-жылга турак үйлөрдүн, социалдык жана маданий обьектердин курулушу кучак жайып баратат. Шаар калкынын санынын өсүшүнө, 2014-жылга чейин бала бакчалардын имараттарынын сатылып кетишине байланыштуу шаардын орчундуу маселелеринин бири бул бала бакчалардын , орто мектептердин жетишсиздигин болуп саналат. Бул көйгөйдү чечүүнүн финансылык жана альтернативалык жолдорун тактап, натыйжада эки жарым жылда заманбап үлгүдөгү 6 бала бакча пайдаланууга берилди. Ошондой эле Касымбеков көчөсүндө Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаевдин каржылоосу менен “Жетиген” мектеп-лицейи жаңы окуу жылында пайдаланууга берилди.

Шаардыктардын маданияттуу эс алуусу үчүн буга чейин каралбай, айрымдары менчикке берилип кеткен 5 сейил бак реконструкцияланып, студенттер жалпы эле жаштар үчүн Wi-Fi орнотулуп, 22 балдар аянтчаларын пайдаланууга берилди.

Айтмамат КАДЫРБАЕВ, Ош шаарынын мэри: “ҮЧ ПРИНЦИП МЕНЕН ИШТЕП ЖАТАМ, МЫЙЗАМДУУЛУК, АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК, ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУУ”Калаа ичиндеги автотыгындарды азайтуу максатында шаар жана райондор аралык жүргүнчүлөрдү тейлөөчү менчик автобекет шаардын түндүк тарабындагы мамлекеттик автобекетке көчүрүлдү. Өткөн 2015-жылдагы эң чоң курулуш Новои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилди. Бул көпүрөнүн курулушу инфраструктурасын кошуп эсептегенде 699 млн. сомго бааланган. Көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акча каражатына “Курманжан Датка” жана “Туран” аймактык кеңештерин бириктирүүчү жаңы көпүрөнү жакында пайдаланууга берилди. Анын бүтүшү менен шаарды айланып келип окуп жаткан миңдеген студенттер менен калаа тургундары үчүн эң ыңгайлуу жол ачылды. Көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 73 млн.сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн.сомду түзүп, бул курулуштан да акча каражаты үнөмдөлгөн. Ага шаарда үчүнчү көпүрөнү куруу алдындабыз.

Көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу максатында Республикалык бюджеттен 83 млн.сом ссуда бөлүнүп, али Кыргызстанда колдонула элек 13 модулдук откана жана 17 отказан орноттук. 2014-жылы 54 көп кабаттуу үй, 27 жатакана жылуулук түйүндөрүнө уланган болсо, 2015-жылы 34 көп кабаттуу үй жылуулук түйүнүнө кошулду. Ал эми үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дагы 30 үйдү жылуулук менен камсыздоону пландаштырып жатабыз.

Шаардагы түнкү жарыктандыруунун сапатын жакшыртуу жана элдин коопсуздугун камсыздоо максатындагы тендердик баасы 42,3млн сомго бааланган электр энергиясын үнөмдөөчү 3миңден ашык светодиоддук лампалар менен шаардагы негизги көчөлөрү жарыктандырылды. Аталган лампалар эски үлгүдөгү чырактарга караганда 3 жарым эсе электр энергиясын үнөмдөйт. Башкача айтканда буга чейин шаарды жарыктандырууга жылына 14 млн сом сарпталып келсе, эми болгону 4млн.сом акча каражаты сарпталат. 2015-жылы шаарда 12 жарым км жол түнкү жарык менен камсыз болгон болсо, быйыл 175 км жол түнкү жарык менен камсыз болот. 2017-жылы шаардагы жайгашкан бардык 640 көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына да түнкү жарыктар орнотулат.

Шаарыбыз өткөн жылы эн таза шаар деп аталды. Мунун артында Ош-Тазалык ишканасынын жамаатынын чон эмгеги турат. Шаар тазалыгын камсыздоодон тышкары ишкана бюджетин, абонентердин санын көбөйтүү боюнча алгылыктуу аракеттер көрүлүүдө. Абоненттердин саны 2015-жылдын 31-августуна 201 322 адам болсо, 2016-жылдын 31-августуна 220 251 адамды түзүп, 18 929 адамга көбөйдү. Март айынан баштап шаардагы баардык көчөлөр, 640 көп кабатуу үйлөрдүн айланасы тазаланып, шыпырылып Ош-Тазалык ишканасынын көзөмөлүндө. Шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери мэриянын тыкыр көзөмөлүндө турат. 2013-жылы шаарга болгону 20 000түп гүлдөр Өзбекстандан алынып келип эгилген болсо, каражатты үнөмдөө максатында учурда кооз, асем гүлдөрдүн көчөттөрү күнөсканаларда өстүрүлүп жатат. Быйыл шаарыбызга 1 млн. түп гүл , 100 миң даана декоративдүү бадал жана дарак көчөттөрү отургузулуп, шаарыбыз ого бетер көркүнө чыкты.

Жогорудагылар менен катар билим берүү, саламаттыкты сактоо, жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөө, шаарыбыздын коммуникациялык абалын жакшыртуу, жолдорду оңдоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, маданият, спорт жаатында да ийгиликтерибиз көп.

Жакынкы аралыкта аткарыла турган жумуштардан, жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөө жаатында 30 автобус, 23 троллейбус сатып алуу, троллейбустук ДЕПОну жана линияларды оңдоо, Сай-Бою жана Тилеке-Баатыр кочосун бириктирген үчүнчү көпүрөнүн, Ак-Тилек кичи районуна 150 орундуу заманбап жабдуулары менен камсыздалган комплекстуу оорукананын, Орто Азия боюнча жок Футбол Академиясынын курулушун атап кетсек болот.

- Экинчи мөөнөткө калдыңыз, күттүңүз беле “калам”- деп?

- Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мага ишеним көрсөтөкөндөрдүн баарына терең ыраазычылык билдирем. Бул талапты катуу коюп кыска убакыттын ичинде жасаган эмгегимдин үзүрү болсо керек деп эсептеймин.

- Ош шаарынын мэрлиги кызматынан кийин өзүңүздү кайсы кызматтан көрөсүз?

- Бул да болсо жараткандын буйругу менен боло турган иш, алдын ала көз ачыктык кылбайлы.

- Маек курганыңызга чоң рахмат. Анда өлкө өнүгүшү үчүн күч кубаттуу иштей бериңиз деп тилек кылмакчыбыз!

Маектешкен:
Гулжан АЛТЫМЫШБАЕВА

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно