Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
Бардык кабарлар

Сый кетти. Сергей Лавровдун Россия — АКШ алакасы тууралуу маеги.

Интервью
98
0

Соңку убакта Россия менен Кошмо Штаттардын мамилеси каатчылыкта экени анык: америкалык санкциялар биринин артынан бири салынып, дипломаттар чыгарылып, ага Россия тарап да чара көрүүгө аргасыз. Ал эми Вашингтон кайра-кайра Москваны "жазалоону” убада кылууда.

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров ушул таптагы эки тараптуу алакалар "кансыз согуш” маалындагыдан да начар экенин, эгер Америка "кызыл чийинден” өтүүгө аракет кылса, Россия кандай жооп кайтарарын түшүндүрдү.

— Мындан ары эмне болот? Окуя кандай нук алышы ыктымал?

— Эгер бул тек гана бизден көз каранды болгондо кадимки мамилеге кайтмакпыз, АКШдагы Россиянын дипломаттарынын ишин чектөө боюнча көрүлгөн чаралардын баарын жокко чыгаруу алгачкы кадам болмок.

Буга үндөш эле аракетибиз ага карата көрүлгөн чара болгон. Муну Байден кызматына киришери менен администрациясына сунуштаган элек. Бул тууралуу Блинкендин да эсине салгам. Барак Обама кызматынан кетерден эки-үч жума мурун баштап кеткендердин баары токтотулса, нормалдуу иш алып баруу үчүн көрүнүктүү кадам болмоктугун айткам. Россиялык менчиктин Вена конвенциясын бузуу менен камакка алынышы, россиялык дипломаттарды чыгарып салуу өңдүү ал кездеги аракеттер ошол менен токтоп калган жок.

Айтмакчы, биз бир топ сабыр кылдык, андай кадамдарга чара көрүүдөн оболу 2017-жылдын жай мезгилине чейин күтпөдүкпү. Анткени Трамптын администрациясы мурдагы кесиптештери кетип жаткандагы туруксуз көрүнүштөргө көңүл бурбай турууну өтүнгөн эле.

Анткен менен Трамптын администрациясы да жагдайды жөнгө сала албады, ошондуктан биз да жооп кайтарууга аргасыз болгонбуз. Бирок америкалыктар тим калган жок. Байдендин администрациясы да ошол нукта жол улап баратканына күбө болуп турабыз.

Инаугурациядан көп өтпөй Путин менен Байдендин баарлашуусунда, кийин мамлекеттик катчы Блинкен менен сүйлөшкөнүмдө деле Россия менен мамилеге терең сереп салынып жатканы, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында көп нерсе түшүнүктүү болору айтылган. Бирок ошол сүйлөшүүнүн корутундусу жаңы санкциялар болуп чыкты. Аларга жараша гана эмес, мурда биз далай ирет эскертип келгендей акыры ассиметриялык жооп кайтарууга аргасыз болдук.

 

Ал эми биздин алакалардын стратегиялык жактан алып карасак, Вашингтондогулар да биз сымал эле дүйнөдөгү стратегиялык туруктуулук үчүн жоопкерчилигин түшүнөт чыгар. Булар – РФ менен АКШнын, жарандарыбыздын турмушун, алардын байланыштарын, бизнес жүргүзүү жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну бир топ кыйынчылыкка тушуктурган гана эмес, сөздүн кеңири маанисинде эл аралык коопсуздукту олуттуу тобокелдиктерге кептеген көйгөйлөр.

Жо Байдендин ABC каналындагы дүң болгон маегинде айтылган пикирлерди кандай кабыл алганыбызды билесиздер. Кошмо Штаттардын президентинин жолугушуу өткөрүү боюнча сунушуна Путин кандай жооп кылганынан да кабардарсыздар. Биз туура эле кабыл алдык.

Мындай демилгенин бардык аспектилерин түшүнгүбүз келет, азыр аны талдоо менен алекпиз. РФ президенти федералдык кайрылуусунда белгилегендей, эгер АКШ үстөмдүк кылуу (суверен) позициясы менен аракет этүүнү токтотсо, эгер бир полярдуу дүйнөнү калыптандыруунун келечеги жок экенин аңдаса, батыш өлкөлөрү баш ийген кандайдыр бир түзүмдү жаратуудан жана бүтүндөй батыш лагери өз тууларынын алдына ар кыл континенттеги бөлөк өлкөлөрдү Кытай жана Россия Федерациясына каршы тукуруу аракеттеринен баш тартса, эгер АКШ акыры БУУнун Уставында жазылгандай суверендүүлүктү, территориялык бүтүндүгүн сыйлоо, мамлекеттердин ички иштерине жана суверендик теңдигине кийлигишпөө өңдүү принциптери тегин жерден жазылбаганын түшүнсө, жөн эле уставдык милдеттенмелерин аткарып, кызыкчылыктардын балансын таап, ошонун негизинде башка өлкөлөрдөй эле биз менен да өз ара сый диалог жүргүзсө... Антпесе колубуздан эч нерсе келбей калат. Президент өз кайрылуусунда так айткандай эле, эгер биздин кызыкчылыктарга жооп берсе, биз эң кеңири макулдашууларга даярбыз. Анан, албетте, буга чейин айтылгандай эле өзүбүз аныктай турган "кызыл чийинден” өтүүгө кандай гана аракет болбосун катуу чара көрөбүз.

— Алар муну түшүнүп, сюзерендик позициядан баш тартары канчалык реалдуу? Себеби үмүт — жакшы нерсе, бирок реалдуулук таптакыр бөлөк эмеспи.

— Үмүт артканым жок. Кандай шарттарда биз сүйлөшүүгө даяр экенибизди санадым.

— Эгер андай болбосочу?..

 

— Анда бул – алардын тандоосу. Демек, сиз айткандай, же "кансыз согуш”, же андан да начар шарттарда жашоого өтөбүз. Менимче, "кансыз согушта” чыңалуу болгон, албетте, анан калса абдан олуттуу, тобокелдүү кырдаалдар, кризистик жагдайлар көп эле түзүлгөн. Бирок ал кезде азыр бизде таңсыктыгы сезилип турган өз ара сый сакталган эле.

Жакында эле Ак үйдүн расмий өкүлү Россияга карата санкциялар улантыларын, алар Вашингтон болжогон эле натыйжаны берерин, санкциялар АКШ менен Россиянын мамилесиндеги чыңалууну төмөндөтүүнү көздөй турганын билдирди. Буга бир пикир айтуудан да алысмын. Мындай маанидеги билдирүүлөр Ак үйгө аброй алып келбей турганы баарына түшүнүктүү болсо керек.

— Дипломаттар начар иштейт, мамиле түзө алышпайт, биз өжөрлөнө беребиз, РФтин позициясы таптакыр ийкемдүү эмес, ошондуктан алакабыз начар деген пикирлерди да кулагым чалганы бар.

— Мындай пикирлерди мен да окуп калам, дагы жакшы бизде сөз эркиндиги бар, батыштын көп өлкөлөрүнө, ошол эле АКШдагыга караганда бизде кыйла корголгон. Оппозициялык интернет-ресурстарды, газеталарды окуйм, алар өз көз карашын билдирүүгө акысы бар. Аларда негизинен "Батыш менен тирешпесек, азыр бизде пармезан (сырдын түрү – ред.) да, чындап жетпей жаткан дагы көп нерселер болмок” деген ойлор камтылат. Эми бул тар, бир тараптуу көз караш. Түшүндүрбөй туруп Батышта азык-түлүк сатып алууга бөгөт коюлган кезде бул жооп катары көрүлгөн чара болгон. Тек гана биз сырттан сатып алууну токтотуп салдык, импорттун ордун толтуруу менен алектендик.

— Блинкен менен кезигериңизди болжоп турасызбы? Жолугушуу качан болушу ыктымал? Дегеле ал жакын арада ишке ашырылышы мүмкүнбү?

— Телефон аркылуу байланышканыбызда дипломатиялык этикетке ылайык мен аны куттуктадым. Кырдаалды баалоо боюнча пикир алмаштык.

Менимче, жай, достук жана прагматикалык баарлашуу болгон. Америкалык кесиптештер мамлекеттик департаментте өз штатын курап бүткөндө дипломатиялык миссиялардын иштешинен тарта стратегиялык туруктуулук жана башкаларга чейинки көптөгөн маселелер боюнча өз ара пайдалуу макулдашууларды издеп, байланыштарды калыптандырууга даяр болорубузду белгилегем.

Америкалык жана россиялык бизнес кызматташуусун кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу өткөндө эле Америкалык-россиялык соода палатасы бизге маалымдады. Ыңгайы келсе кайра сүйлөшүүгө мүмкүн болчу талаада кандайдыр биргелешкен көп тараптуу иш-чаралар болоруна токтолдук. Азырынча Кошмо Штаттар тарабынан эч кандай сигнал түшө элек.

 

Иш-чаралар календары жөнүндө айтсак, үч аптадан соң Россия Арктикалык кеңештеги төрагалык эстафетаны Исландиядан өткөрүп алмакчы. Рейкьявикте, билишимче, 20-21-майда министрлердин кезигүүсү пландалууда. Эгер америкалык делегацияны мамлекеттик катчы баштап келсе, анын кызыкдарлыгы болсо мен сүйлөшүүгө даярмын.

Арктикалык кеңешке эки жыл төрагалык кыларыбызды эске алуу менен исландиялык кесиптештерибизге алдыдагы министрлердин жолугушуусуна катышарымды кабарлагам.



Дагы: https://sputnik.kg/Russia/20210428/1052291413/sergej-lavrovdun-maegi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик