Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:58
Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты
22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
Бардык кабарлар

Насирдин Исановдун уулу Алмаз: атам элинин мекенчил уулу болгонун тарых далилдеди

Интервью / Тарых
317
0

Кыргызстандын тунгуч премьер-министри раматылык Насирдин Исанов өлкөнүн тарыхында толугу менен изилденбеген мамлекеттик ишмер бойдон калууда.

Насирдин Исанов эгемен Кыргызстандын түптөлүшүнө зор салым кошуп, кыргызстандыктардын сүймөнчүгүнө айланган. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болду. Бүгүнкү күндө анын жаркын элесине эл терең ызаат менен мамиле кылат. Исановго окшогон инсандарга калктын суусап турган учуру. Уулу Алмаз менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.

— Насирдин Исановдун теги тууралуу айтып бересизби?

— Атам 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында төрөлгөн. Чоң атам Исан Матмусаев райондогу №44 асыл тукум жылкыларды даярдаган заводдо бригадир болчу. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери эле. Кан майданда жаракат алган. Район эли сыйлап турчу. Тегеректеги айылдардын тургундары калыс деп ич ара маселелерди чечүүгө көп келишчү экен. Чоң энем Алима Матмусаева үй кожейкеси болчу. Атам төрт бир тууган эле, үч эркек, бир кыз. Улуу агасы менен карындашы каза болгон. Азыркы учурда эң кичүү акем Абдрашит чоң атамдын үйүндө жашайт.

Атам Көк-Бел кыштагында сегиз классты бүтүргөн. Андан кийин 9 жана 10-классты Папан айылындагы орто мектепте окуган. Күн сайын сегиз чакырым жол жүрүп мектепке барып келчү экен.

— Эмнеден улам курулушчу адистигин тандап алган экен?

— Мектепте атамдын математикага шыгы байкалат. Советтер Союзунун учурунда жаш мугалимдерди борбордон элетке жиберчү эмес беле. Ошондой мугалимдердин бири Кыдырмышев (анын ысымы эсимде жок) атамдын жана анын бир нече классташынын жөндөмүн көрүп, талантын өрчүтүүгө аракеттенип 1961-жылы Москвадагы Куйбышев атындагы инженер-курулуш институтуна тапшырууга кеңеш берген экен. Атам классташтары менен ушул жогорку окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүнүн инженер-куруучулук адистигине тапшырат. Элеттен келген балдарга абдан жардам бергиси келип, баарын "Айчүрөк" дүкөнүнө алып барып "бут кийим тандагыла, менден силерге белек болсун" дейт. Атам эмнегедир кызыл түстөгү туфлини тандаган экен. "Ушул өң жактыбы" деп агайы кайра-кайра сурап жатып алып бериптир. Балдарды өмүрүндөгү биринчи алыскы жолго агайы ушинтип узаткан экен.

— Адегенде Москвада абдан кыйналышса керек?

 

— Албетте. Жатаканадан орун табылбай, бир бөлмөгө 20 кишини жаткырышыптыр. Бөлмөгө сабак окуй турган парта батпай калат. Балдар керебетке отуруп астына фанера коюп сабак окушуптур. Экинчи жагынан орус тилин жакшы билбегендиктен, окуудан аябай кыйналышат. Күндүз курулушта иштеп, кечкисин сабак окушат. Ошондуктан бир жыл үйгө каникулга барган эмес экен. Бирок буга карабастан атам так илимдер боюнча биринчи жана экинчи сессияда "беш" деген баа алат. "Материалдын каршылык көрсөтүү" деп аталган эң оор сабактан "беш" алгандан кийин ага консультацияга москвалык студенттер келе баштайт. "Ошондо акыл менен бардык тоскоолдукту жеңсе болоруна көзүм жетти" деп мага көп айтчу. Үчүнчү курста атам курсташтары менен күндүзгү бөлүмгө которулуп, окуусун улантат. Мындан сырткары, ал ата-энеси менен бир туугандарына Москвадан акча жөнөтүп турган экен.

 

Насирдин Исанов с семьей. Фрунзе. 1980 г.
 

— Эмгек жолу кайсы жерден башталды?

— 1966-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган соң атам Ош шаарына кайтып келет. Ошол эле жылы энем Бүзыйнат да Ош педагогикалык институтунун биология факультетин бүтүрүп, экөө баш кошкон. Атам дароо жумушка киришет. Адегенде "Ошгорстрой" ишканасынын СМУ-5тин мастеринен баштап башкы инженер кызматына чейин жетет. Мындан сырткары, ал Ош шаарындагы политехникалык институттун филиалынын сырттан окуу бөлүмүндө "Материалга каршылык көрсөтүү" предмети боюнча сабак берчү экен. Мен билгенден бул убакытта батирде турган ата-энем материалдык жактан абдан кыйналыптыр. Жубайларга таята-таенем чоң көмөк көрсөткөнүн айтышчу. 1968-жылы 22-сентябрда улуу эжем Мария төрөлөт. 1974-жылы 27-июлда мен жарык дүйнөгө келдим.

Атамдын жылдызы талыкпас эмгектин аркасы менен жанды деп айтсам болот. Ал адистиги боюнча илимий макалаларды чыгара баштайт. Ош шаарындагы салынып жаткан объект тууралуу сын пикир жазып, аны Ош облусунун жетекчиси Султан Ибраимов окуп, өзүнө чакыртат. Атам пикирин айтып, өзүнүн терең көз карашы бар адам экенин көрсөтөт. Бул жолугушуудан кийин 1972-жылы Ош обкомунун идеология бөлүмүнүн инструктору болуп, 1974-жылы Токтогул ГЭСинин курулушундагы комсомол уюмунун жетекчилигине которулган. Ал жерде эки жыл партком болуп иштеген. Андан кийин Ош облусунун аткаруу комитетинин комсомолунун биринчи катчылыгына дайындалып, бул кызматта эки жыл иштеди.

— Апаңыздын үй-бүлөсүчү?

— Таенем Рабия Жуманазарова да Көк-Бел айылынын кызы. Ал эми таятам Агибай Коштаевдин теги Казакстандын Костанай аймагынан, бардар үй-бүлөнүн баласы экен. Ата-энеси орус тилдүү мектептен окутуптур. 1930-жылдары коллективизация учурунда үй-бүлө Кытайга качууга мажбур болот. Ал эми таятамды энеси Кыргызстан жакка качырыптыр. Себеби алар совет-кытай чек арасынан өтө албай калса, бардыгы репрессияланмак экен. Арабыздан бирөө аман калсын десе керек. Таятам Ноокат районунун Көк-Бел кыштагына жөө жалаңдап жетиптир. Анын билимдүү экенин баамдаган жергиликтүү жетекчилик айыл өкмөтүнүн катчылыгына дайындайт. Андан соң Ноокат районунда №44 асыл тукум жылкыларды даярдаган заводдун бухгалтери болуп иштеген. Дал ушул себептен улам жетекчилик Улуу Ата Мекендик согушка жиберген эмес экен. Бул кызматта таятам 45 жыл иштеди. Казак, кыргыз жана орус тилинде мыкты сүйлөчү. Абдан камбыл жана калыс эле. Таенем Рабия Жуманазарова айылдагы тың турган үй-бүлөнүн кызы болчу. Таятамдын зиректигин байкап таенемдин ата-энеси экөөнү үйлөнтүп койгон экен. Атам менен апам коңшу көчөдө өскөн.

— 1970-жылдардын ортосунда Насирдин Исанович Фрунзеге которулуп, акырындык менен республикалык масштабда иштей баштаган турбайбы?

 

— Ооба. Атам Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин курулуш жана шаардык чарбасынын бөлүм башчысынын орун басарынан баштап курулуш боюнча министрине чейинки баскычтардан өтөт. Кесипкөйлүгү менен мыкты уюштургуч сапаттарын көрсөтөт. Атамдын жетекчилиги астында борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянты, Тарых музейи, Өкмөт үйү жана башка административдик имараттар салынган. Ушул курулуштар жүрүп жатканына күбө болдум. Атам таң атпай жумушка кетип, түнкү саат 11де үйгө келип, чарчаганынан суй жыгылчу. Аны базар күнү гана көрчүбүз. Ошондуктан энем баш болуп ага бүт шартты түзүп берүүгө умтулчубуз. Көзүнөн нур чачырап турарын байкаар элек. Фрунзенин жаңылануусуна салым кошконуна абдан ыраазы болгонун көрчүбүз. Элибиз бекеринен адал эмгек нурдантат деп айтпаса керек. Бийлик менен байлыкка такыр кызыккан жок, башкалардан да ушундай сапатты талап кылчу. Күндөлүгүнө жазганынан айтып берейин. Кол астындагы бир кызматкерди башка жогорку жумушка которгон окшойт. "Биз сизди кызматка койгон жокпуз. Тек гана жумушка алып жатабыз" деген сөздү окудум.

 

Ал эми апам "Мугалимдер гезити" басылмасында жооптуу катчынын орун басары болуп иштеген.

— Сиздерге бош убактысында гана көңүл бөлө алчу тура?

— Оштон Фрунзеге которулуп келгенде бизге азыркы Жибек жолу менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинен төрт бөлмөлүү үй берилген. Кошуналарыбыз менен аябай жакшы мамиледе болчубуз. Үйдөгү шкаф, стол жана стулдарды атам экөөбүз жасаганбыз. Атам бул эмеректердин бардыгынын чиймесин өзү чийип, тактай менен фанераларды сатып алып, столярдык станокто жасаган. Техникага аябай жакын эле. Үй чарбасы боюнча бүт жабдыктарды сатып алып, бардык жумуштарды өзү жасачу. Бүгүнкү күндө да анын сатып алган жабдыктарын таберик катары сактап жүрөбүз. Байтик кыштагынын жанында дачабыз бар. Атам курулуш министри болуп туруп ошол үйдү, мончо жана жер төлөнү өзү салды. Жогорку кызматкер экенине карабастан күрөк жана балка кармап өзү үй салып жүрөт деп кошуна-колоңдун баары таң калчу. Көчөдө үйдү биринчилерден болуп баштап, акыркы болуп салып бүттүк. Кошуналардын көбү атама келип курулуш боюнча кеңеш сурашчу. Алма бакты да өзүбүз отургуздук. Ошентип жети жыл бою дем алышта дачага үй-бүлөбүз менен барып жүрүп, ушул үйдү салдык. Азыр ойлосом, атам ушинтип кара жумуш жасап ырахат алчу экен. Тамашакөй, жупуну жана колдо болгон нерсени абдан баалачу. Мени да эмгекке үйрөттү.

Борбор калаадагы физика-математикалык багыттагы №61 мектепте окуп жүрүп 4-класста электроникага кызыгып калдым. Атамдан башкасынын баары каршы чыкты. Ал мени колдоп, атайын бөлмө жасап, станок сатып берип, текчелерди жасап, электр жарыгын өткөрүп берген. Ал жерден микросхемалар менен электрондук платолорду жасачумун, биринчи радиомду чогулткам. Ошол маалда кичинекей балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында союздук илим жана техниканын "Жаш техник" аттуу журналы абдан популярдуу болчу. Журналдын станциясына барып техника боюнча тажрыйба топточумун. Ошол убакыт биздин үй-бүлөнүн эң бактылуу учуру экен.

— 1985-жылдан баштап СССРде кайра куруу саясаты башталды. Насирдин Исановичке таасири абдан билинсе керек?

— Ооба, өлкөдө чоң саясий өзгөрүүлөр башталганы байкалып турду. Эс тартып калган учурум эле. Атам ошол убакыттагы системанын айрым ыплас көрүнүштөрүнө каршы күрөшкөндүктөн жумушунда кысым күчөп, оор күндөр башталды. Буга карабастан ал Москвадан экономика илими боюнча "Курулуш комплекстер боюнча реформа жүргүзүү" темасында кандидаттык ишин коргоду. Илимий эмгек бийик тоолуу шартта гидроэлектростанцияларды чарбалык эсепке өткөрүүгө арналган. Ушул тармак боюнча Кыргызстан мол тажрыйбага ээ болгон. 1988-жылы атам көрүнүктүү мамлекеттик ишмер маркум Жумгалбек Аманбаев менен Ысык-Көл жана Нарын облустарын бириктирүү планын ийгиликтүү ишке ашырды. Бул жаңы аймактын борбору Балыкчы шаарына көчүрүлгөн. Балыкчыга атам өзү эле көчүп барып, баш көтөрбөй күнү-түнү иштеди. Кабинети да жок эле, автобазадагы бир бөлмөдө эмгектенди. Балыкчынын алдында экологиялык тозотту курдуртуп, пляжын тазалатып, үйлөрдү салдыртып, ишканаларды жандандырган. Бул максатта Москвадан каржы бөлдүргөн. Ушундай эмгеги үчүн ал эки аймактын элинин сүймөнчүгүнө айланды. Ошол маалда атамдын кеменгерлик сапаттары даана көрүндү окшойт. Бүгүнкү күндө да Ысык-Көл жана Нарын аймактарында атам менен чогуу иштеген кызматкерлер ал маалды кайра жаралуу доору болгон деп айтышат. Бул эмгеги үчүн "Ардактуу белги" жана "Эмгек Кызыл Туу" ордендери менен сыйланган. 1990-жылы атамды туу тутуп эки чөлкөмдүн Кыргыз ССРинин президенттигине талапкерлигин колдоп чыкканы ага көрсөтүлгөн терең ишеними болгон деп ойлойм.

Первый премьер-министр Кыргызстана Насирдин Исанов (слева), первый президент Аскар Акаев, спикер ЖК Медеткан Шеримкулов во время встречи с лидерами ЦА и Казахстана. Ташкент. 1991 г.
 

 

— Ошол убакытта сиз окуп жаткансыз да?

— Анда мен Новосибирск калаасында жайгашкан Академиялык шаарчадагы физика-математикалык мектебине которулуп, ийгиликтүү бүтүп калгам. 1991-жылы жайында Новосибирск мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетине сынаксыз өттүм. Ал дүйнө жүзүндөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. Бирок санаам тынчыбай ата-энемдин жанына баргым келди. Ошол маалда атам Кыргызстандын биринчи премьер-министри болуп дайындалган. Өлкөдө социалдык-экономикалык жана саясий абал курч эле. Анын үстүнө жаңы эле Ош коогалаңы басылган. Атам өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык күчүн жумшады. Ошол эле убакта ал Кумтөрдөгү алтын кени боюнча кылмыштуу топ менен күрөш жүргүзүп жатты. Биринчи кезекте "бул кен Кыргызстанга пайда алып келиши керек" деген пикири душмандарына жаккан жок.

— Кандайдыр бир жамандыкты алдын ала сезе алдыңызбы?

 

— Ооба, такыр санаам тынчыбай койду. Анткени ошол убакытта эжем Мария турмушка чыгып, ата-энем жалгыз калган. Экинчи жагынан бала кезимден хирург болууну самачумун. Бул максатымды ишке ашырыш үчүн Кыргыз медициналык институтунун дарыгерлерди даярдаган факультетине өттүм. Эжем да ушул жогорку окуу жайда окучу. Атамдын жанында жети ай болдум. Эжем менен жездемдин үйлөнүү тоюн берүүгө үлгүрүп калды. Тилекке каршы, 1991-жылы 29-ноябрда табышмактуу кырсыктан көз жумду. Ал Кумтөрдөгү алтын кендин курмандыгы болду. Ушундай кутумдун айынан атабыздан айрылдык. Шумкардай болуп асманга учканда куйтулар атып түшүрдү. Азыркы күндө да өлүмүнүн ачылбаган сырлары көп. Бир жыл бою үйдүн эшиги жабылган жок, эл тынбай куран окутуп келип жатты. Атамдын ашынан кийин апам менен кеңешип Түркиядан окууну чечтим.

 

  • Насирдин Исанов (второй слева) отдыхает с односельчанами. Ошская область, Ноокатский район. 1968 г.
  • Насирдин Исанов (первый справа) с семьей. Алматы-Аты. 1978 г.
 

— Ал жактан кайсы багытта билим алдыңыз?

— Бир жыл Анкара шаарында даярдоо курсунда окуп, 1994-жылы Орто Деңиз техникалык университетинин эл аралык мамилелер боюнча факультетине өттүм. 1999-жылы окууну ийгиликтүү аяктадым. Андан соң Түркиядагы Кыргызстандын элчилигинде референт болуп эмгек жолумду баштадым. Бирок 2000-жылы апамдын өтүнүчү менен Бишкекке кайтып, Тышкы соода жана өнөр жай, каржы министрлигинде иштедим. Андан кийин малайзиялык компания жана президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүндө эмгек жолумду улантып, тажрыйба топтодум. Эжем экөөбүз Бишкекте атамдын эстелигин орнотууга көп күч жумшадык. Бул иш-чарага анын үзөңгүлөштөрү аябай көмөк көрсөттү. Айкел тургузууга катуу каршылык болду. Бирок раматылык премьер-министр Николай Танаевдин жардамы жана кийлигишүүсү менен 2003-жылы борбор калаабызда атамдын эстелиги орнотулду.

2004-жылы өлкөнүн Малайзиядагы элчилигинде биринчи катчы болуп иштедим. Андан соң Японияда жаш лидерлерди даярдаган мектепке өтүп, аны ийгиликтүү аяктадым. 2005-2019-жылдары ар түрдүү долбоорлор менен эл аралык компаниялар жана Экономика министрлигинде эмгектендим. 2019-жылдан бери Экономика министрлигинин курамындагы экономикалык саясатты изилдөөчү институттун директору болуп иштеп келем.

Эки уул жана эки кыздын атасымын. Эжем Мария эки кыздын энеси. Ал Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо бөлүмүн жетектейт.

Бүгүнкү күндө да атам жөнүндө эл жакшы гана пикир айтканын угуп, демек, ал чынында эле өмүрүн мамлекет үчүн арнаган экен деп сыймыктанам. Анын өмүр баянын карап "алтынды дат баспайт", "жакшы жат болбойт" деген макалдардын дааналыгына ынандым. Атам Кыргызстандын нагыз мекенчил уулу болгонун тарых далилдеди.


https://sputnik.kg/society/20210815/1053549056/nasirdin-isanovdun-uulu-almaz-isanov-menen-maek.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик