
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен районунун чек аралаш айылдарында жумушчу сапары менен болду. Жумушчу сапардын жүрүшүндө Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн Көк-Таш, Таш-Тумшук, Көк-Терек, Арыктын-Асты, Миң-Өрүк, Паскы-Арык, Үч-Дөбө айылдарында жана Уч, Жайылма участкаларында болуп, элдин турмуш-шарты жана социалдык обөекттердин абалы менен аанышып, жергиликтүү калктын суу, электр энергия жана чек ара маселелерин жеринде көрүп келди.
Ыйгарым укуктуу өкүл коюлган маселелердин үстүндө жергиликтүү бийлик областтык бийлик менен биргеликте чек аралаш аймактарды өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландарды түзүп, ыкчам иш алып баруу зарылчылыгын айтты. Ошондой эле, област жетекчиси А.Халмурзаев аймактын туруктуу өнүгүшү үчүн тынчтык, ынтымак жана биримдик болушу керектигин баса белгилеп, кошуна мамлекеттин эли менен достук мамилени чыңдоо максатында маданий, спорттук иш-чараларды уюштурууну, элдик майрамдарды чогуу белгилөөнү жергиликтүү бийликке тапшырды. Мындан сырткары област жетекчиси Самаркандек базарында болуп, эт жана өрүктүн баасы менен таанышты. Жергиликтүү тургундар област бийлигинен өрүктү экспортоо, баасын сапаты боюнча жогорулатуу, маселелерин айтышты. Коюлган маселелер боюнча А.Халмурзаев өздүк көзөмөлүнө алып, чечип берүүнү колго алаарын белгиледи.