Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
23:22
Энергетиктер: кыргызстандыктар электр кубатын чегинен аша колдонууда
18:57
Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бирикти
18:55
Кызыл зонада иштеген медиктердин компенсациясы эмнеге берилбей жатканы айтылды
18:54
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады
16:25
Кыргызстан 2024-2025-жылдары энергетикалык таңкыстыктан чыгат — президент
16:22
Нурдин Букуев Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыс болот
16:21
Психолог: өң-келбеттүү адамдарга жетекчилер көбүрөөк айлык төлөшөт
16:20
Президент таза шайлоо өтөрүн убадалап, кымбатчылык боюнча оюн айтты
Бардык кабарлар

ЖАШ СПОРТЧУНУН ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ

Интервью
2 963
0

ЖАШ СПОРТЧУНУН ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ

Дүйнөлүк аренада кыргыздын туусун бийик көтөрүп, атын даңазалап келе жаткан спортчулардан уучубуз кур эмес. Ошолордун бири грек-рим күрөшү боюнча улам жаңы ийгиликтерди жаратууда аракет кылып, дүйнөлүк мелдештерди багындырам деген Эрбол Бакиров. Жаш спортчу кандай ийгиликтерди багындырган? Башынан кандай кыйынчылыктарды өткөргөнүн биздин “Взгляд” гезити менен тең бөлүшту.

 

Эрбол БАКИРОВ: “СПОРТ-БУЛ АДАМДЫ ЖАКШЫ ЖАШООГО ТАРБИЯЛАЙТ”

ЖАШ СПОРТЧУНУН ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ

Грек –рим күрөшү менен машыгып жатканыма 5 жыл болду. Бул аралыкта  ийгиликтерге жетиштим. Спорттун бул түрүн тандап алганымдын себеби атам ушул түрү менен машыкчуу. Атамдын медалдарын көрүп менда чоң спортчу болом деп ниет  кылат элем. Үй-бүлөөдө сүйлөшүп олтуруп калган учурда атамдын айтуусу боюнча бир тууган  Адыл деген агасы машыгуучу залга  алып барган экен. Ошондон улам грек-рим күрөшүнүн орду биздин үй-бүлөөдө чоң деп эсептейм. Баардык нерсенин өзүнүн убагы болот дегендей өз орду менен кетип жатат. Биринчи ирет 6-классымда окуп жаткан учурда 2 ай машыгып, сыноочу турда 3-орунду ээлегем. Ошондо аябай сүйүнгөм.  Аракет кылып андан соң, 2016-жылы Кыргыз мамлекетинин чемпиону болдум. Азия чемпиондугунда 3 орунду алсам, Грузия мамлекетинин Тиблиси шаарында өткөн дүйнөлүк мелдеште дагы 3 орунду багындырып күмүш медаль алганы жетиштим.  16-жашымда “Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшүнүн спорт чебери” деген наам алдым. Ошондо менден өткөн бактылуу адам жок эле. Ар бир жеткен сыйлыктарыма менин машыктыруучу Алтын агайымдын мээнети, ата-энемдин колдоосу, ак-батасынын жардамы аркылуу жетишип олтурам . Күрөшкө чыгаар алдында менде коркуу сезими болот. Ал атааңдаштан эмес, кыргыз эленин үмүтүн актар бекем деген коркуу. Жеңишке жетишкен убакта  кубанып өзүмдү койорго жер таппай калам.  Чет жака чыкканда Кыргызстанды көп сагынам. Бардык нерсе кыйынчылык менен болот деген сөз туура экен.  Башында менда аябай кыйналдым. Машыгуу учурунда белимден травма алып жатып калган учурларда кездешкен. Ийгиликтин алдында ал нерселер эч нерсе деле эмес. Спорт-бул адамдын денесин гана тарбиялабай, кулк-мүнөзүн, адамга кылган мамилесин да кошо тарбиялайт.  Сергек жашоону кааласак спорт менен дос бололу. Бул жашоодо мээнет кылсак эле ийгилик өзү келээрине ишенем.  Бош убактымда китеп окуп, сүрөт тартууга аракет кылам. Себеби алар жан дүйнөнү тазалайт. Кээ бир учурда маанайым жок болуп калса музыка угуп эс алам. Азыркы учурда Юридикалык академияда окуп жатам. Спорт менен  жумушту чогуу алып кетүүгө аракет кылам. Алдыга койгон максаттарым көп, мен багындыруучу ийгиликтер алдыда. Буйруса ал күндөрдү да сиздерге сүйүчүлөп турам.

ЖАШ СПОРТЧУНУН ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ

Айнура ТУРАБАЕВА , апасы: “КӨБҮ АЙТЫП КАЛАТ “БАЛАҢ БААРДЫК НЕРСЕНИ УНЧУКПАЙ ЖЕҢЕТ” ДЕП.”

Жолдошум Максат экөөбүз 6 уулду багып чоңойттук. Баары тең бизге боорукер. Эрбол үй-бүлөөдө төртүнчү. Төрөлгөндө ушул жигит  эр жетилип элдин уулу болсун деген ниетте атын атасы койгон. Жаш чагынан эле аракетчил болчу.  Мага жардам берип, колумдан жумушумду алып аяп турат. Бир туугандарына күйүмдүү. Эс алуу күндөрү инилерин ойнотуп көңүлдөрүн алат. Көбүнчө өз убагы менен эс алып, тамактануусу керек. Анын баарын көзөмөлгө алып турабыз. Мүнөзү аябай токтоо, көбүрөөк тилдеп койгон убакта да мага тик караган эмес. Ар бир таанышынын көңүлүн алып, чоңдордон бата алууну жакшы көрөт. Кайгырып турса дагы, кубанып турса дагы билиндирбей бир калпта жүрөт. Көбү айтып калат “балаң баардык нерсени унчукпай жеңет” деп. Спорт жаатында жеткен ийгиликтеринин ар бирине кубануунун көз жашын төгө берем. Чет жака сапар тартканда кечке ойлонуп көңүлүм жай албайт. Дайыма кичипейил, камкор, жөнөкөй болсоңор айланаңарда жакшы адамдар көп болот деп айтып турабыз. Баланы тарбиялоодо аны айыптоо, опузалоо, коркутуу, уяткаруу - чыныгы жапайычылык деп айтат элем. Мындай тарбия баланы түздөп, ийгиликке жетишине түрткү болот деп көбү ойлошу мүмкүн. Бирок бул нерседен бала түнт боло баштайт. Уяткаруудан улам баланын каалоосу, активдүүлүгү жана кандай гана демилгеси болбосун, жоголот. Дайыма туура эмес кадамдары үчүн күнөөлөй берүүдөн улам баланын жашоого болгон кызыгуусу жоголуп, ал өзүн эч нерсеге жөндөмсүз адам катары сезет. Баланы коркутуу жакшы жыйынтык бербейт. Ошондуктан кыла албаса дагы сен күчтүүсүң сага ишенем деген сөздөрдү айтып туруу керек. Балдарыбыз бизди эмес, биз аларды түшүнүшүбүз керек. Себеби, биз бала болуп көргөнбүз, алар чоң болуп көрө элек.

ЖАШ СПОРТЧУНУН ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ

 

Алтынбек САЛАЕВ, машыктыруучусу: “ БУЙРУСА НАМЫСКА ЖАРАЙ ТУРГАН ЖИГИТ”

Эрбол мага 4-классында келген. Келгенде эле аракетчил бала эле. Бир максатты көздөсө ага жетүүгө бүт күчүн жумшайт.  Башынан көп эле кыйынчылыктарды өткөрдү. Кандай гана сөз айтпайын эң негизгиси  уга билет. Анан баса белгилеп кетчү нерсе  бир сөздү жигит. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде көптөгөн кыргыздын чыгаан спортчулары чыккан. Былтыркы жылы бизди кубанткан нерсе түштүк региону боюнча биринчи жолу Калы Сулайманов грек-рим боюнча дүйнө чемпиону болду. Буйруса, Эрбол ошолордун катарын толуктайт. Себеби ар бир кылган нерсесинде жоопкерчилик бар. Тартиби жагынан жакшы. Келечекте көйгөн максаттары көп, жетүүгө умтулат.  Мелдешке чыкканда атааңдаш күчтүү болот. Жеңишти багындыруу кыйын. Ошондуктан биз ар бир спортчуну колдоп, даярдагандан соң жыйынтыгын күтөбүз. Акыркы жылда кудайга шүгүр аракет аркылуу өзүнүн  жемишин берип келе жатат. Алган сыйлыгы булардыкы болсо, сыймыгы биздики болот.

ЖАШ СПОРТЧУНУН ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ

Марлен ТОЛКУНБЕКОВ,  досу: “МИҢ АСМАНГА ЖЕТСЕҢ ДА ДОСТУН ОРДУ БӨЛӨК БОЛОТ”

  Эрбол  экөөбүз эс тартып калгандан бери эле доспуз. Жаш кезибизде бири- бирибизге болушуп, тапкан нерсебизди бөлүшүп жүрчүбүз.  Ойноп жүрүп эле мектепке да чогуу барып, 11 жыл кантип өтүп кеткенин билбей калдык. Кээ бирөөлөр чыныгы досум жок дешет. Мен ошол адамдарга таң калам, бирөө менен  дос болуп аны түбөлүктүү сактап калуу өзүбүздөн. Мен өзүмдүн ишенген досум Эрбол. Ал өтө жөнөкөй инсан. Мен дайыма кандайдыр  бир маселени айтып калсам, түшүнүү менен кабыл алып өзүнүн оюн кошо билдирет. "Досту табуу оңой, сактап калуу кыйын" дегендей көп учурда жардамга досуң келет тура. Миң асманга жетсең да достун орду бөлөк болот. Азыркы учурда студент болуп, экөөбүз тең бир кесипти тандап  юрист болууну чечтик. Досторубуздун арасында Эрбол дайыма сый мамиледе болуп келет. Азия , дүйнө чемпиондугунда  жеңип келгенде да жөн гана күлүп колун көтөрүп эле койгон. Ишеним болгон жерде достук, сүйүү, үй-бүлөө да тынч болот. Ошондуктан  ишенимди дайыма сактап келебиз. Мындан кийин да миң жылдык достордон болобуз дейм.

 

ДАЯРДАГАН: Роза МАТМУСАЕВА, “Взгляд”

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно