Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Венера АБДУРАСУЛОВА: “БАЛДАР БИЗДИ КӨРҮП ӨСӨТ, БИРИНЧИ ӨЗҮБҮЗДҮ ТҮЗДӨӨБҮЗ ЗАРЫЛ”

Венера АБДУРАСУЛОВА: “БАЛДАР БИЗДИ КӨРҮП ӨСӨТ, БИРИНЧИ ӨЗҮБҮЗДҮ ТҮЗДӨӨБҮЗ ЗАРЫЛ”

 

Баланын алгачкы билим алуусу  бала бакчадан башталат. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик 22 бала бакча болсо, андан сырткары жеке менчик 6 бала бакча да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 4 230 бала мамлекеттик бакчада, 350 бала болсо менчик бала бакчада тарбия алышат. Ошонун ичиндеги шаардагы №4 “Алтын балалык” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму ачылганына аз убакыт болгонуна карабай жетишкен ийгиликтери арбын. Бул жөнүндө бакча  жетекчиси Венера Абдурасулова  “Взгляд” гезитине учкай маек курду.

 

 -Венера айым, Саламатсызбы? Бакчанын ушул таптагы ишмердүүлүгүнөн кеп баштасаңыз?

 

 -Саламатчылык. “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү уюму 2016-жылы 1-февраль айынан тарта балдарды кабыл алып, тарбиялай баштаган. Негизи бакча 50 балага ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө балдардын саны  65. Учурда эки тайпа бар, эки тарбиячы эмгектенет. Быйылкы жылы 18 баланы мектепке даярдап жөнөттүк. Бакча курулуп жатканда баары жаш бөбөктөргө ылайыктуу курулган. Ичи таза, ата-энелер ыраазы болуп кетишет. Ачылганыбызга аз убакыт болгонуна карабай балдардын сабак окууда, шыгында биринчи келген күнүнө салыштырмалуу чоң эле өзгөрүү болду. Быйыл ыйман, адеп, маданият жылы болгондуктан балдарга сабак өтүүдө көбүрөөк ошол нерселерге басым жасап жатабыз. Андан сырткары ЖМТРК телеканалынын “Келечек” студиясы менен тыгыз иштешип, көрсөтүүлөргө чыкканы аракет кылып жатабыз.

Венера АБДУРАСУЛОВА: “БАЛДАР БИЗДИ КӨРҮП ӨСӨТ, БИРИНЧИ ӨЗҮБҮЗДҮ ТҮЗДӨӨБҮЗ ЗАРЫЛ”

 

 -Жогоруда айтып калдыңыз 65 бала тарбияланат деп, бакча өзү 50 балага ылайыкташтырылган болсо балдардын түшкү эс алуусунда кыйыечылыктар жаралбайбы?

 

-Туура сыйымдуулугунан бир аз ашып кеткен. Балдар эс алууда эч кандай тоскоол деле болбойт. Эс алуучу бөлмөлөрүндө жайгашкан керебеттер балдарга ылайык, атайын ылдыйыраак алынган. Көбүнчө балдарды өз убагы менен эс алдырууга басым жасайбыз. Себеби, баланын ден-соолугу жана салмагы өз ордунда болот. Ал эми ар бир майрамды балдар менен белгилеп, ата-энелерди чакырып, балдар өз өнөрлөрүн, таланттарын көрсөтүшөт. Жаш бөбөктөргө эч качан урушуп же токмоктоп жеткире албайсың. Аларды мактап, жакшы сүйлөп койсоң гана түшүнүп сүйүнүп калышат. Мен да тарбиячы эжекелерине айтып калам “Балдар бизди көрүп өсөт, биринчи өзүбүздү түздөп, тыкан жүрсөк балдарда ошол нерсеге үйрөнөт” деп. Биринчи тарбия үй-бүлөөдө. Бала үйдө башка, бакчада башка болот. Биздин жумуш оор жана кызыктуу. Эки баланы кароо канча кыйын болот, ээ? А бул жерде ар бирине жетишип жок дегенде 30 баланы карашат. Ар биринин өзүнүн мүнөзү болот. Бири маанайы жок келсе, бири күлүп келет. Ошонтип күндүн кантип өткөнүнда билбей калабыз.

Венера АБДУРАСУЛОВА: “БАЛДАР БИЗДИ КӨРҮП ӨСӨТ, БИРИНЧИ ӨЗҮБҮЗДҮ ТҮЗДӨӨБҮЗ ЗАРЫЛ”

 

-Бакчаны чоңойтуу боюнча инвестиция тартуу пландарыңыз барбы?

 

-Буйруса максатыбыз бар. Бирок, жакын арада дей албайм. Азыркы күндө  бизде жылытуу системасы жок. Ошол нерсе көйгөйлүү жагыбыз. Тийиштүү жактарга кайрылып жатабыз. Бала бакчаны ачууда жергиликтүү бийлик бир канча жолу жардам берди. Инвестиция тартуу маселесине токтолсок “Meхicoго” инвестиция тартуу боюнча балдарга ылайыктуу ажааткана куруу тууралу проект жазып, ал жерден утуп чыкканбыз. Бирок, ажааткана жергиликтүү жашоочулардан 25 чарчы километр алыс болушу шарт экен. А бизде андай алыстык балдардын сыртта ойноочу жайына, бакчанын оң жагы жол жакка туш болуп бул иш убактылуу токтоп турат. Бирок, сөзсүз түрдө ишке ашат.

 

-Башка бала бакчадан айырмачылы барбы?

 

- Айырмачылыгы өттө деле чоң эмес. Башка бакчадай эле балдарды тарбиялап жатабыз. Өзгөчөлүгү менин оюмча башкаларда окутуу системасында интерактивтүү доска жок. А бизде окууга көңүл бурууну талап кылам. Көбүнчө жомокторду айтып, көрсөткөнү аракет кылабыз. Жаш бөбөктөр айтканга караганда, бир нерсени көрсө ошол нерсени тез кабыл алат. Кыргызстандын келечеги үчүн ар бир бала билим алууга тийиштүү. Бакчага келген бала менен келбеген балдардын айырмачылыгы өтө чоң болот. Азыркы күндө баары эле мигрант болуп чет жерде иштеп жатышат. Ал эми балдары чоң ата, чоң энелеринде калып бакчага баруу мүмкүнчүлүгү жок болгондорду кездештирип  жатабыз. Келечекте мыкты инсан болушу үчүн жашынан мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

 

Даярдаган: Роза МАТМУСАЕВА, “Взгляд”

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 12-07-2017, 14:17
0
184

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх