Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

Түгөлбай КАЗАКОВ: “БИЗДЕ ЭКИДЕН УРУШКАН ЫРЧЫЛАРДЫ ЖӨНГӨ САЛЧУ КОМИССИЯ ЖОК”

КРнын Эл артисти, обончу, композитор Түгөлбай Казаков бир жылдан бери маданият жана маалымат министри болуп иштеп келе жатат. Чыгармачылыктын ийне-жибине чейин мыкты билген бул инсан министрликке келгенде көпчүлүк чыгармачыл инсандар үмүт артышты эле. Ошол үмүттөр канчалык деңгээлде ишке ашып жатканын, делеге маданияттагы оош-кыйыштар тууралуу агай менен маектештик.

 – Агай, сиз маданият министрлигине келгениңизде "маданиятты түшүнгөн адам келди”дешип, чыгармачыл адамдарда кубаныч болгон. Алардын ишеничин актоо үчүн кандай аракеттерди кылып жатасыз?

– Маданият кызматкерлери жакшы кабыл алса, муну "аванс" деп түшүнүү керек. Бул жакта жасай турган иш аябай көп экен. Мисалы, айылдагы китепканаларга киши кирбейт дешет. Эгерде ал китепканада жаңы китептер болбосо, гезит-журналдар жатпаса эмнеге кирет? 1996-жылдан бери жаңы китеп сатып алганга каражат бөлүнбөй калган. Биз ошону былтыр чуркап жүрүп мыйзамга киргиздик. 2018-жылдан баштап ошолорго акча бөлүнөт. Андан сырткары китепканалардын баарына интернет киргизүү керек, ошол жерден каалагандар китеп, журнал, интернет карай беришет. Ошондой эле 1986-жылдан бери райондук маданият үйлөрүнө автоунаа бөлүнгөн эмес, алар жөө жүрүшөт. Алардын маселесин чечүү үчүн учурда Кытай Эл Республикасы менен: «80 авто- унаа бергиле», - деп сүйлөшүп атам. Анан да маданият кызматкерлеринде эч качан пансионат болгон эмес. Биз муну алдык, болгондо да азыркы тил менен айтканда «крутой» пансионат алдык. 1985-жылдан бери аларга арналып үй курулбай калган, президентке сунуштасам колдоп, тендерге кетти. Эми буюрса, курула баштайт, бул үйлөр маданият тармагында 10 жылдан ашык иштеп жүргөн, жалаң үйү жок кызматкерлерге берилет. Азыр бир топ иштерди жасап алдык. Искусство университети, консерваториянын мугалимдеринин, филармониянын, опера жана балет театрынын артисттеринин айлыгын көтөрдүк. Эми жалпы системанын айлыгын көтөрүүнү сүйлөшүп атабыз. Мен келгенде ушул төрт максатты көздөгөм, буюрса, чечилип атат. Менин ыраазы болгонум: келгенимден бери канча сунуш бердим, алардын баарын президент да, премьер-министр да колдоп берди.

– Баштаган ишиңиз жакшы экен, жакында жаңы президент келип орун алмашуу болуп кетсе аягына чыкпай калбайбы?

– Менимче, жакшы иштеп жатса, иши жакшы болуп көзгө көрүнүп жатса эч ким тийбейт болушу керек. Аны алмаштырганда эмне. Анан да бул мамлекеттик кызмат деген убактылуу нерсе, ага келсең сүйүнүп деле, кетсең күйүнүп деле кереги жок. Болгону убактылуу келип милдеттерди аткаруу керек.

– Министрлик кызматка мурда эле келсеңиз болмок, бул жолу кандайча сунушталып калдыңыз?

– Мен 1996-жылы маданият министринин биринчи орун басары болуп турган кезде бизде коррупция башталган. Коррупциянын маданият тармагында башталышы мен үчүн чоң сокку болду. Кеткен акчаларды кайра ордуна алып келем деп коллегияга алып чыгып, аягында кайра өзүм күнөөлүү болуп калдым. Анан отставкага кетип калгам. Бул жолу мен министрлик тууралуу ойлогон эмесмин, теледе өзүмдүн «Улутман» берүүмдү уюштуруп жүргөм, оюмдун баары аталган берүүдө эле. Былтыр жайында премьер-министр чакырып сунуш киргизди. «Менин жашым өйдөлөп калды, кеңешчи болуп берейин, жаш жигиттерди коюш керек го», - деп жакшы эле айттым. Бирок ушундай чечим болгонун айтканынан макул болуп келдим.

– Азыр шумдуктуудай ырлар чыгып жатат, өзүңүз да угуп жатсаңыз керек. Андан улам көпчүлүк көркөм кеңеш керек деген ойлорун айтышат. Сиз бул жагына кандай көңүл буруп жатасыз?

Көркөм кеңешти түздүк, Кудай буюрса, сентябрдан баштап ишке кирет. Алар биздин мамлекеттик мекемелерге: филармония, опера балет, Кыргыз драма театры, Спорт ордосуна концерт коём дегендердин репертуарын карайт. Эгерде ырлары, обондору көркөм кеңештен өтсө ырчы концерт коё алат. Теле-радиого да көркөм кеңеш керек. Мен өмүр бою айтып келе жатам, дагы айтам, биз бир нерсеге көңүл бурбай атабыз. Кичинекей балдар эмнени укса, алардын табити ошого карата калыптанат. Эгерде жалаң жаман музыка угузсаң, кийин алар жаман музыкалардын деңгээлинде калып, жакшы музыка укпай калышат. Андыктан иргебесек болбойт.

– Азыр айрым ырчылар эки-экиден урушуп жатышат, социалдык тармактарда "Маданият министрлиги аларды тыйып койбойбу?” деген ойлорун айткандар болот. Сиздерде аларды тескей турган комиссия барбы?

– Бизде андай комиссия жок. Ал эки жеке адамдын, алардын ар биринин өзүнүн деңгээлине байланышкан маселе. Эгерде маданият өкүлүнүн маданияты жок болсо, ажылдап көчөдөгү түркөй, билимсиз, уятсыз аялдардын деңгээлине түшүп кетсе, анда анын эмнеси маданият өкүлү? Маданият адамдары элге маданиятты көрсөтө турган болушу керек. Андайды көрсөтө албаса, маданияттын кишиси эмес, адашып келген киши. Биздин мыйзамдар боюнча эч ким тыюу сала албайт. Азыр сөз эркиндиги деген бар, эркиндиктин бардык түрүн ачып алганбыз.

– Жаштарга Эмгек сиңирген артист наамы берилгенде нааразы болгондор болот, наам маселесине кандай карап жатасыз?

– Мен мурунтан эле «наамды берсе, жаш кезинде берсин» деп ойлоп келем. Чыгармачыл адамга ал стимул берет, наамдын урматын көрүшү керек да. Мисалы, Асанкул Шаршеновго алтымыш жашка келип, пенсияга чыкканда беришти. Ошол куракта алып эмне кылат, үйүндө карап олтурабы? Ошол нерсе сахнада жүргөндө берилсе чыгармачылыгына эргүү бермек. Кыргызстанга таанылдыбы, элдин баары угуп жатабы, демек, аны сыйлаш керек.

– Өткөндө Самара Каримова Сулайман-Тоо музейине жетекчи болду деген жарлык чыгып, кайра ырчы баш тартпадыбы. Сиздер музейдин эмгек жамаатынын сунушу болгонун айттыңыздар. Демек, эмгек жамааты сунуш кылса, ал адамдын тажрыйбасына карабай коюла береби?

– Биз эмгек жамаатыбыз менен эсептешебиз. Алар мурдагы жетекчи менен иштешпей атышат. «Ким келсе ишиңер жакшы жүрөт?» - деп биз сурайбыз да. Алар кат жазып: «Самара Каримованы алып келип бергиле”, - дешти. Биз макул болсок интернетте асман түшүп кеткендей ызы-чуу болбодубу. Ал окуган билими боюнча административдик жумуштарга жарай турган эле экен. Мисалы, мен ал документтердин баарын карабайм, бизде атайын кызматтар бар. Алар карап: «Жарайт», - дешкен. Ошентип ызы-чуу болгондо Каримова өзү баш тартты. Азыр Ош облустук администрациясында иштеген, кесиби мугалим адам сунуш кылынды.

– «Улутман» берүүңүз эмне болду?

– Аталган берүүнүн миллиондогон көрүүчүлөрү бар. Андыктан ара-чолодо тартып жатам.

– Канча неберелүү болуп калдыңыз?

 

– Бул кызым 27 жашында каза болуп калбадыбы (маңдайында турган кызынын сүрөтүн карап). Ушул кызым бир бала таштап кеткен, биздин колубузда төрөлүп, ошол неберем чоңоюп 10-класска көчтү. Калган балдарым өз алдынча болуп кетишкен, азырынча бир эле неберем бар.

– Кызыңыздын сүрөтүн майдайыңызга коюп олтуруу сиз үчүн оор эмеспи?

– Билбейм, мен маңдайыма коюп, күн сайын көрүп жүрүп көнүп калгам. Катып койсом кызым таарына тургандай сезиле берет, көрүшүп олтурганым жакшы. Күн сайын эртең менен келем, көрүшөбүз, сүйлөшөбүз, кечке маңдайымда турат. Мен иштей берем.

– Жубайыңыз азыр эмне менен алек?

– Ал Кыргыз радиосунда эле иштеп атат. Биздин үй-бүлө демократиялык үй-бүлө, андыктан жубайымдын иштөөсүнө эч качан бут тоскон эмесмин. Биз баш кошкондо да ага: «Сен фамилияңды өзгөртпө, ар бир ата-эне менин атымды ушул алып жүрсө деп коёт. Анын атын өчүрбө», - деп өз фамилиясында калтыргам. Ар бир маселени башынан акылдашып чечебиз, бизде эч ким эч кимди башкарбайт.

– Өмүр бою чыгармачылык менен жүргөн адамсыз, ал эми үйдөгү чарба иштерине кандайсыз?

Бир жолу Ош базардагы чарба дүкөнгө кирсем Мар Байжиев сантехникалык буюмдарды алып жүрүптүр. Мен да алып: «Мар Ташимович, сиздердин үйдүн сахтехниги сизсизби, экөөбүз окшош экенбиз», - деп күлгөнбүз. Мен үйдөгү иштин баарын жасайм. Сантехник дегенди чакырбайм. Менде баары бар, эмерек жасасам да болот. Жубайым бакчага абдан жакын, эмне тиксе баары жакшы өсөт. Кымындай бакчабызда баары бар. Ал эми кой сойгондон кичине кезимден бери каччумун, ушул күнгө чейин качам. Анткени койдун өлгөнүн карап тура албайм. Башка нерсенин баарын үйрөнүп алышым мүмкүн, бирок кой сойгон, этин жиликтеген менин ишим эмес.

– Ашканада кандайсыз?

– Мен кичинемде улуу байкем армияга кетип, ортончу агам окууга кетип, апам экөөбүз эле калдык. Ошондо мен камыр жайгандан баштап шырдакка чейин жасагам. Апам кээде ооруп төшөккө жатып калат, андайда камыр жууруп, жайып, чабаты жасачумун. Кийин студент кезде да тамак жасап жүрдүм. Азыр ашканадан алысмын.

– Учурда обон жазасызбы?

– Мен обон жазууну 1989-жылы токтотком. 90-жылдан кийин театрда спектакль коюлуп, ошого: «Бир ыр жазып бер”, - деп кыйнашканынан жазып бергем. Мен өзүмдү-өзүм башкара алам, эгерде бир нерседен кеттим деп кетсем кайра келбейм. Обон жазууну эмнеге токтоттум? Өмүр бою жыйнаган көрөңгөң бир бийиктикке алып барат. Анан токтоп, кайра ылдый көздөй түшө баштайт, ошо кезде токтотуш керек. Болбосо иренжитесиң, сахна - жаштыктын иши. Мен дагы кечирээк 38 жашымда кеттим.

– Маегиңизге рахмат, агай, ишиңизде ийгиликтер болсун!

Динара Чокоева, "Леди.KG"


скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 5-09-2017, 13:16
0
812

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх