Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары!
Соңуна чыгып келе жаткан 2016-жыл “Тарых жана Маданият” жылы катары бардык мекендештерибиздин эсинде калды. Сандаган кылымдар катмарында башынан нечендеген оош-кыйыш тагдырларды өткөрүп, тарыхы менен санжырасынын, улуттук маданияты менен салтынын көрөңгөсүн бөксөртпөй келген улуу элибиз “Тарых жана Маданият” жылын кубануу менен кабыл алды.
Облусубуздун чарбалык, экономикалык, социалдык тармактарында алгылыктуу өсүштөр болду. Айрыкча, “Жалал-Абад-Балыкчы” альтернативдүү автомагистралынын курулушу өз нугунда жүрүп жатышы баарыбызды кубандырууда. 11-декабрдагы жергиликтүү Кеңештерге шайлоолордо жана Референдумда облусубуздун эли жарандык активдүүлүгүн өзгөчө көрсөттүңүздөр.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү 2017-жылда “Ош-Бишкек” автомагистралынын “Барпы-Маданият” аралыгындагы бутпөй калган 67 км жолунун курулушун баштоо, “Жалал-Абад аэропортунан Бишкекке жумасына 3 рейс авиакаттам жүргүзүүнү ишке ашыруу сыяктуу бир катар ири социалдык экономикалык приоритеттүү жумуштарга инвестиция тартууну пландап жатабыз.
Урматтуу облусубуздун тургундары! Кирип келе жаткан жаңы 2017-жылды кубанычтар менен тосуп алыңыздар! Жаңы жылыбыз бакубатчылыктын, ынтымакчылыктын, бардык тарабынан төп келишкен жылы болсун! Жараткан баарыңыздарга жакшылыктарды ылоолосун! Аруу тилектериңиздер ишке ашсын!
Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ,
КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлү