Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Эки жыл мурда баары бүттү дегем... WBA ASIA чемпиону Акжолдун рингдеги жолу.

Интервью
852
0

Профессионалдуу бокс дегенде эле рингде атаандашын боорго согуп боортоткон Орзубек Назаров менен океандын ары жагына Kid Diamond каймана аты менен таанылган Алмазбек Раимкуловду элестетебиз. Бул мушкерлердин спорттук карьерасы жыйынтыкталгандан бери кыргыз боксу тунжуроого кабылгандай туюлган.

Акыркы жылдары кыргыз мушкерлери Россиядагы профессионалдык мелдештерде ийгилик жаратууда. Алардын бири— Акжол Сулайманбек уулу. Рингде 11 ирет профессионалдуу беттеш өткөрүп, анын экөөсүндө WBC Asian Boxing Council Continental жана WBA ASIA чемпиондук курларын багындырып, эч ыза тартып көргөн эмес.

— Акжол, сиз тууралуу маалымат жазганда рингде жеңилбеген Акжол деп сыпаттап жүрөбүз. Сурайын дегеним, утулбас сапатыңыздын сыры эмнеде?

—Бардыгы даярдыктан көз каранды. Бизге атаандаштар тууралуу 2-3 ай мурда айтылат. Алардын интернеттеги беттештерин көрүп, оң жана терс жактарын издештирип чыгабыз дарингде ошого жараша чабуул жасайбыз. Мен иштешип жаткан промоутерлик компаниянын машыгуу залында дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчулар бар. Алар менен машыгуу чоң тажрыйба. Маселен, мен спорттон тышкары иш кылбайм. Эки маал машыгам, туура тамактанам, убагында уктайм. Антпесе болбойт. Машыгуу биз үчүн— жумуш.

— Промоутерлик компания менен келишим түзгөнгө чейин Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону аталып, эл аралык мелдештерде жеңүүчү болдуңуз эле. Курама командадан кетишиңизге эмне түрткү болду?

—Боксчу болуу бала кезден көксөгөн кыялым. Телевизордон Майк Тайсон, Костя Цзю, Мэнни Пакьяонун беттештерин көрүп шыктандым. Кыргызстанда бокс профессионалдуу деңгээлде өнүккөн эмес. Мындан ары өсүш керек экендигин түшүнүп, тааныш байкем Айбек Мусаев аркылуу промоутерлик компанияларды издештире баштадым.

2016-жылы Екатеринбургда RCC Boxing Promotions компаниясына токтолдук. Ал жактагылар келишим түзгөнгө чейин эки беттеш уюштуруп берди, баарын уттум. Машыгууларды көрүп, мурдагы жетишкендиктериме абай салышты. Акыры купулуна толсом керек, катарына кошуп алышты.

— Компаниянын кандай талаптары бар?

—Келишим беш жылдык. Шарт боюнча алар уруксат бербеген мелдештерге катышканга болбойт. Россиянын атынан, бирок Кыргызстандын желеги менен чыгам. Ар бир өткөргөн мелдешке каражат төлөп беришет. Так суммасын айтпай эле коеюн, кудайга шүгүр, жашаганга кенен жетет. Мындан сырткары, тамак-аш, батир, медициналык кызмат менен камсыздап беришкен.

— Профессионалдуу бокс менен спорт сүйүүчөлөр арасындагы бокстун айырмачылыгы эмнеде?

—Спорт сүйүүчүлөр арасында беттешүүгө үч раунд гана берилет. Шоу деген түшүнүк жок. Ал эми профессионалдар арасында 12 раундга чейин. Мен учурда 10 раундга чейин күч сынашам. Бул убакытта кылдаттык менен иштейбиз. Башында эле ыкчам чабуулга өтүп күчтү кетиргенге болбойт. Акырындык менен атаандашка карап тактика коебуз.

— Рингдеги кайсы окуялар эсте калды?

—Оор салмактагылар арасында нокаут менен жеңүү көп болот. Биздин жеңил салмактагылар техникалык нокаут же упай менен утат. Акыркы беттешим мен үчүн оор болду. Атаандашым 16 беттештин жарымынан көбүн нокаут менен жеңген. WBA версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 14-орунда турган мушкер.

2014-жылы спорт сүйүүчүлөр арасындагы эл аралык турнирде казак мушкерин нокаутка учуратканым эсимден кетпейт. Мүмкүнчүлүк болсо нокаут менен уткан жакшы. Жаракат албайсың, күчүң кетпейт. Рингде аое болбошу керек, сен аны урбасаң, ал сени урат.

Жалпысынан 11 беттеш өткөрсөм, ошонун сегизинчиси даоор болду. Салмак кууш үчүн көп убакыт жумшап эс алганга мүмкүнчүлүк болбой калган. Биринчи раундда уктап кеткендей эле болдум. Атаандашым Евгений Смелов эки жолу нокдаунга (соккудан жыгылуу же капталга кыйшаюу) учуратты. Профессионалдуу бокста кол каптар дажука болот. Көрүүчүлөр беттеш ушуну менен бүттү деп ойлогон. Кийинки раунддарда болгон күчүмдү жумшап, орус мушкерин упай менен жеңдим. Ошол мага чоң сабак болду. Мындан кийин жакшы эс алып чыгам деп өзүмө сөз бердим.

— Профессионалдуу спортчунун жолунда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

—Башымдан көп нерсе өттү. Ар кандай адамдарга туш келдим, алдандым, өкүндүм, сүйүндүм дегендей. Мектепти бүткөндө Ысык-Көл облусундагы дене тарбия окуу жайында билим алдым. Беш жыл ичинде машыктыруучу Бейшебек Сабатаровдон көп нерсени үйрөндүм.

Биздин убакта бокста атаандаштык күч эле. Кыргызстандын чемпионатында Медер Мамаев аттуу жигитке дайыма утулуп кала берчүмүн. Ошолорго тырышып жатып эле чыйралдык. Профессионалдуу боксчу болом деп борбордо, Ысык-Көлдө, Москвада эле жүрө берчүмүн. Өкмөттөн айына 15 миң стипендия алчумун. Машыктыруучум кошумча 10 миң сом берээр эле. Бул акча дажетчү эмес.

2016-жылы жайкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунан өтпөй калгам. Үмүтүмдү үзүп, ушуну менен баары бүттү го деп ойлодум. Себеби кийинки оюнга чейин дагы төрт жыл бар эле да. Ата энем да "шагың сынып калат деп айта албай жүргөнбүз, спортту токтотуп эле койбосуңбу" дешкен. Көп өтпөй тааныштарым аркылуу Россияга барып, RCC Boxing Promotions компания менен келишим түзүп, жолум ачылып кетти. Ал жакта калып, жашап, чемпион болуп калам деп ойлогон эмесмин.

— Кайрадан Олимпиада оюндарына катышайын деген ниет барбы?

—Жок. Артка кайткым келбейт. Азыркы беттештерим Олимпиададан дажогору.

— Дүйнө жүзүндө ММА популярдуу спорттун түрүнө айланганы талашсыз. Эрежесиз уруштан дагы өзүңүздү сынап көрөйүн деген ой барбы?

—Ооба, элге шоу, кызуу кандуу беттеш, аеосуз кармаш жагат. ММА ар тараптуулукту талап кылат. Күрөштөн аксап калам го. Анын үстүнө каалоом деле жок. Профессионалдуу бокстан деле шоу тартууласаң болот.

— Спортто дагы канча жыл болоюн деген планыңыз бар?

—RCC Boxing Promotions компаниясындагы келишимим бүткөндөн кийин кайрадан ушул эле жак менен иштешким келет. Чемпиондук курлардын бардык версиясын утсам дейм. Негизи рингде 40 жашка чейин болоюн деген планым бар. Андан кийин топтогон тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүп машыктырчуучулукту аркалайм.

— Кайсы мушкерлерди кумир тутасыз?

—Башынан эле Мэнни Пакьяону кумир тутам. Күчтүү, өжөр, анан мен дагы ал сыяктуу рингде сологоймун. Негизи жашоодо оң кол менен иш кылам. Машыктыруучум Анарбек Нурматов залга барганда сол кол менен тууралап койгон.

— Социалдык тармактарда өз атыңыз менен эмес, Kg.Fighter ысымы менен катталгансыз. Бул сиздин рингдеги каймана атыңызбы?

—2013-жылдан бери ошентип жүрөм. Жок, каймана атым жок. Күйөрмандарым "сени Акжол Сулайманбек уулу деп атоо узун, айтыш кыйын, каймана ысым таппайсыңбы" дешет. Мосвкалыктар "Уулу" деген каймана аты го деп, "оо уулу, кел сүрөткө түшүп албайлыбы" дешет. Анан күлүп, фамилиям деп түшүндүрөм.

— Ата-энеңиз сиз менен абдан сыймыктанса керек?

—Мени ушул даражага жеткирген ата-энем. Спорттогу биринчи күйөрмандарым десем болот. Беттештеримди калтырбай көргөнгө аракет кылышат. Мен рингде сокку жеген учурда апам көрбөй, сыртка чыгып кетип калат экен. Кантсе даэне да. Өздөрү Баткенде дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенишет. Беш бир туугандын кенжесимин. Үч кыз, эки уулбуз.

— Бала кезинизде тентек белениз?

—Абдан. Улуу агаларым балдар менен мушташтыра берчү. Ошол убакта эле калайдан медаль жасап тагынып, өзүмдү белгилүү боксчулардай элестете берчүмүн.

— Үйдүн кичүүсү экенсиз. Үйлөн деп жатышабы?

—Үйдөгүлөр деле сыртта өз алдымча жүргөнгө көнүп калышты. Он жылдан бери өз курсагымды тойгузуп көчөдө эле жүрөм. Сүйлөшкөн кызым бар, буюрса ушул күздө үйлөнөм.

— Кыргызстанга бат-баттан эле келип турасызбы?

—Машыктыруучулар ден соолукка жараша эс алууга убакыт берип турат. Ошого карап үйдөгүлөргө келип жардамдашып кетем. Азыр орозо кармоо үчүн келдим. Айылдын абасы менен тамагынан өтөөрү жок.

— Кийинки беттешиңизди качан көрө алабыз?

—Күз айларына пландалган. Атаандашым азырынча



Дагы:https://sputnik.kg/sport/20180506/1039019272/mushker-akzhol-menen-maek.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно