Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:15
Картошка кайгысы: дыйкандарды мукураткан министрлик качан кыймылдайт?
15:57
Бишкекте балаты жана белек саткан жайлар ачылды
16:01
ЖК комитети каржы министрине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды
14:43
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
14:41
Бишкекте дүйнөгө аты чыккан артисттер "Тоска" операсын коёт
10:35
Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
10:34
Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду
15:52
Сооронбай Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады
15:49
Көз сүйүнөт! Бишкектин чок ортосунда "дельфиндер" пайда болду.
14:06
Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт
14:39
Кыргыз телесине 60 жыл! КТРК мааракесин белгиледи
14:36
Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу
14:29
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
14:18
Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж
14:13
Бишкектеги Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлду
11:18
Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео
16:09
10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту
16:03
Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы
10:20
Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды
14:22
Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет
13:36
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
13:07
Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды
10:14
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
16:10
Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда
11:56
Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө
11:25
Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти
11:24
"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды
10:05
“Делбиримде” Аселди аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды
16:18
Бишкекте адамдарды тоноду делген 18 жаштагы балдардын үйүнөн баңгизат табылды
16:27
Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
16:07
Нарындан Аксыга жер которгон маралдардын абалы айтылды. Сүрөттөр
15:57
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
15:48
Депутат Кыргызстанга эли визасыз кирген өлкө санын 55ке жеткирүүнү сунуштады
13:45
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти.
10:36
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
10:35
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин эки айга камакка алынды
11:49
Жүзгө жакын сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат
11:33
Жаңы жылга карата башкы аянт кантип кооздолот
09:35
Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады
09:34
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
15:28
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
15:18
УКМК: Бишкек мэриясы 2017-жылды тосуу үчүн шаарды кооздоодо мыйзам бузган
14:05
Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады
11:04
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
17:30
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат.
Бардык кабарлар

"БАЛДАРДЫ УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАНЫН НЕГИЗИНДЕ ТАРБИЯЛАЙБЫЗ"

Интервью
347
0

Суусар Осмонова 2016-жылы Каратай айылында бала-бакча ачууну демилгелеп, үй-бүлөөсү, тиешелүү инсандардын колдоосунда алгачкы жолу "№1-Бөбөктай" жеке менчик балдар бакчасын ачкан. Өткөн жылдын сентябрынан бери аталган балдар бакчасы Адилбек Султанов деп аты өзгөртүлгөн. Демилгелүү айым үч перзенттин энеси, жети неберенин чоң энеси.

Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Каратай айылындагы Адилбек Султанов атындагы балдар бакчасы өткөн жылдын сентябрь айында ишке берилген. Буга чейин Каратайда "№1-Бөбөктай" жеке менчик балдар бакчасы иштеп келген. Белгилей кетсек, маркум Адилбек Султановдун үй-бүлөөсү, айылдаштары анын атын өчүрбөө максатында, үй-бүлөөсү менен жашаган үйү бош тургандыктан бала-бакча үчүн беришип, ысымы ыйгарылган. Андан соң, айылдагы 2016-жылы ачылган "№1-Бөбөктай" жеке менчик балдар бакчасы бул жерге көчүп киришкен.

Мен Алай тарапка кетчү, кан жолдун боюнда жайгашкан Каратай айылындагы бала-бакчадагы иш-чарага катыштым. Андан соү, мекеменин жетекчиси Осмонова Суусар Араппаевна менен бала-бакчанын ишмердүүлүгү боюнча баарлашып кайттым.

 

Жогоруда айтканыбыздай, аталган райондун Нариман айыл өкмөтүндөгү Каратай айылында бала-бакча алгачкы жолу 2016-жылы жеке менчик болуп ачылган. Айылда Союздун кезинде да бала-бакча болбогонун айтышат айыл тургундары. Айылдагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Суусар Осмонова 2016-жылы аталган айылдагы жарандын бош турган үйүн сурап алып, оңдоп-түзөп, бөбөктөр тарбияланчу мекемеге айландырган. Ошентип айылдагы көптөн бери сөз болуп келген көйгөйлөрдүн бири чечилген. Эми минтип кайрадан ушул эле айылдагы башка имаратка көчүп кирип отурушат.

 

Алгачкы жолу мекеме ачуудагы документ иштерин бүтүрүү, дегеле балдарды кабыл алып, аларды тарбиялай баштаганга чейинки иштер оңой болбогонун, ал жолдорду басып өтүшкөнүн айтат Суусар Осмонова. Эми жаңы имаратка көчүп киришти, бирок, дале болсо кемчиликтер бүтө элек экен. Башында кыйынчылыктар менен ачылган бала-бакчаны балдары менен кошо башка жерге көчүрүп, жетпегенин улаштырып, жайгаштыруу да чынында оңой эмес. Жоктон барды жаратып, анын кыйынчылыгын көтөрүп улап кетүү, бакчадагы балдарын келечеги менен иштөө бардык адамдын эле колунан келе бербейт. Бул жааттан алганда Суусар Осмоновада билим, көрүүгө, жөнөкөйлүк, мээримдүүлүк жетиштүү.

Аталган бала-бакчада 60 бала тарбияланат. "Эшигин көрүп төрүнө өт" демекчи, бала-бакча эшигинен төрүнө чейин таза жана тыкан. Мекеменин жетекчиси аракет кылып чуркап жүрүп, республикалык бюджетке өткөрүп алышкан. Тамак-ашы баары жакшы. Балдардын табитине жараша витаминдүү азыктардан тамак бышырылып берилет. Тамак-ашка айыл өкмөтү ар бир бала үчүн 200 сомдон акча бөлүп берет жана ата-энелер айына белгиленген акча каражатын чогултуп беришет. Мындан тышкары, айыл өкмөтү бала-бакчанын эшик алдыны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берген жана бала-бакчанын имаратына ай сайын аренда төлөп турат. Балдар ойноочу аянтчасы да бар. Кышындасы электр-энергиясы менен жылытылганына карабай, балдар үшүбөй, жылуу болот. Бала-бакчада азырынча бөлмөлөр жетиштүү.

 

Суусар Осмонова бакчага кабыл алууга балдар кезекте турганын, андыктан дагы бир тайпа ачууга аракеттенип жатышканын маалымдады. Бөбөктөр тарбияланган мекемеде тарбиячылар, ашпозчу, музыкант, кароолчу жана башка кызматкерлер болуп баары 16 адам иштешет. Эмгектенгендер дээрлик ушул айылдын тургундары жана жакынкы айылдардан келип иштегендери бар. Жогорку билимдүү жана атайын мектепке чейинки билим алган эжекелер балдарга билим, тажрыйбаларын беришет. Балдардын ден-соолугун карап, аларды текшерип, мээрим төккөн, тажрыйбалуу медайым Сыдыкова Жамила бала-бакча ачылгандан бери иштеп келатат.

 

Жетекчинин айтуусунда, азыркы учурда бала-бакчада компьютер, стол, стул, шкаф сыяктуу эмеректер жетишпейт. Андыктан айыл өкмөткө, тиешелүү жерлерге кайрылып жатышканын маалымдады. Балдар менен аралашып, тарбиячылары менен биргеликте балдарга кам көрүп, чуркап жүргөн жөнөкөй айым Суусар Осмонова тарбиялоо менен бирге балдардын коопсуздугу эң маанилүү экенин белгилейт. Ал бала-бакча чоң жолдун боюнда болгондуктан, ар бир баланы ата-энесинин колуна салмайынча тынч кете албастыгын айтат.

Ал эми бала-бакчанын усулчу-тарбиячысы, жогорку билимдүү педагог, отуз жылдык стажы бар Тагаева Азия балдардын башкы тарбиясы бала-бакчадан башталарын айтат. Мектептен айырмаланып бала-бакчада тарбия биринчи орунда экенин баса белгиледи. Бала-бакчалар үчүн жеңил, ыңгайлуу "Балалык" программасынын негизинде, элдик, улуттук педагогиканы туу тутуп иштеп жатышканын кошумчалады усулчу эжеке.

 

Ошондой эле, жогорку билимдүү педагог, отуз эки жылдык стажга ээ, жогорку тайпанын жетекчиси Жолчуева Шарапат жылдык иш-план түзүлүп, анын негизинде иш-чаралар өтүлүп тураарын айтат. Мектеп курагына жете электердин аң-сезимин өстүрүү, алардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, дүйнөгө болгон көз карашын туура калыптандыруу дал ушул бактылуу балалыктан башталат.

Бала тарбиясы менен иштөө оңой эмес, түйшүктүү. Бала-бакчанын жетекчиси жамааты менен биргеликте баардык аракеттерин балдардын татыктуу тарбиясы үчүн жумшаарын айтат. өмүрлөрүн бала тарбиялоого арнаган ынтымактуу жамаатка ийгиликтерди каалайбыз.


скачать dle 11.0фильмы бесплатно