Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:29
Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт
10:28
Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды
10:27
Аарылар адамдарды жүзүнөн тааный алары аныкталды
10:26
Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду
10:25
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
10:24
Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби
10:23
Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат
14:53
Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?
14:49
Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жол тандабас агып кетти. Видео
14:46
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
14:45
Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады
14:44
Азаматтар! КР кикбоксчулары Борбор Азия чемпионатынан алтын кур тагынышты
14:43
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
14:42
Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар
14:41
Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
14:41
WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду
14:40
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
14:39
КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот
14:38
Жүрөк "шуу" дейт экен! Мотоциклчен киши аз жерден калган видео
09:32
Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары.
14:26
Бишкекте унаа мамыны сүзүп, эки каттамдын троллейбустары ишин токтотту
14:22
Чүйдө ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
14:10
Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат.
09:38
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
09:13
Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян
15:04
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин
15:01
Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
15:00
Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды
14:55
Юстиция министри кызматынан бошотулду
14:51
Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды
14:49
Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты.
16:29
Кызыл-Кыяда туруктуу турак жайы жок үй-бүлөлөргө 25 батирлүү үй курулуп жатат
16:24
Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда
14:24
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду © Sputnik / Евгений Одиноков АЗИЯ
14:20
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
14:17
Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти
14:15
Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?
14:09
Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
14:04
Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
14:02
Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик
11:15
Кадамжайдын Миң-Чынар айылында тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду
11:11
Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду
11:07
Баткен районунда жарым жылда сүйүнчү пул алууга 993 адам катталды, - ЖААК
11:00
Баткендин Бужум айылында заманбап спорт зал курулуп жатат
10:54
Баткендин Көк-Таш айылында курулуп жаткан насостук станция 70 гектар жерди суу менен камсыздайт
Бардык кабарлар

Кыргызстанда канча мугалим жетишпей турганын министрлик айтты

Кыргызстан
66
0

Билим берүү жана илим министрлиги жетишпеген адистер кандай жол менен толукталарын түшүндүрдү.

Кыргызстанда мугалимдер тартыш экенин Билим берүү жана илим министрлиги Sputnik Кыргызстан агенттигинин сурамына берген жообунда билдирди.

2017-2018-окуу жылынын аягына карата өлкөдө 79 миң 963 мугалим иштеген. Быйыл жаңы окуу жылын утурлай 1960 жаңы мугалим талап кылынса 1745 жаш адис мектептерге бөлүндү.

Негизинен мугалимдердин тартыштыгы Чүй жана Жалал-Абад облустарында кездешет.

"Бөлүштүрүлгөн бүтүрүүчүлөр быйыл сентябрда жаңы иш орундарына барат. Ал эми 215 бош орун контракт менен окуп аяктаган бүтүрүүчүлөр толукталышы мүмкүн. Быйыл жогорку окуу жайда контракт менен окуп аяктагандардын саны 2,5 миң кишини түзөт", — деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Жаш адистерди аймактарга бөлүү аракеттери 12 жогорку жана 4 кесиптик окуу жай тарабынан такай аткарылып турат. Министрлик аймактарга иштөө үчүн бөлүнгөн ар бир жаш адис турак-жай менен камсыздала турганын маалымдады.

Андан сырткары, мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүү боюнча туруктуу аракеттер башталган.

Аймактарды өнүктүрүүнүн концепциясына ылайык, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 60 мектеп, Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 30 мектеп (ар бир райондо жана 20 чакан шаарда) жаңы окутуу методикаларын ишке ашыруу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана маалыматтык системаны колдонуу үчүн инновациялык-эксперименталдык аянтча статусун алат.

 

Мектептер заманбап жабдуулар менен камсыздалып (компьютер, проектор, сервер, тийиштүү эмерек), баштапкы мектептер менен негизги предметтердин электрондук китепканасы ишке кирет.

Кошумча иретинде өлкөдөгү 540 мектеп Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында ноутбук, роутер жана интернет тармагын колдонуу үчүн прожекторлор менен жабдылат.

"Бул мектептер аралыктан туруп квалификацияны жогорулатуучу курстардын платформасы болуп калат. Бул абдан маанилүү чечим, анткени буга чейин бюджеттен бөлүнгөн каражат норматив боюнча жалпы окутуучулардын 20 пайызына же 15-16 миң мугалимге жетиши керек болсо, болгону 3-4 миң гана мугалимге жетип келген", — деп министрликтен түшүндүрүштү.

Аралыктан туруп окутуу форматы квалификацияны жогорулатууда он эсе көп мугалимди камтый алат.



Дагы: https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20180810/1040559638/kyrgyzstanda-kancha-mugalim-zhetishpej-turganyn-ministrlik-ajtty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно