Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын жараны.
«Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2000-2002-жылдары Россияда мигрант болуп иштегени анык. Мэр Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина айткан Новосибирск шаарында мигрант болуп жашаган, бирок Россиянын жарандыгын алган эмес. Буга чейин Таалайбек Сарыбашов Алай районунун акими, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген», - деди А.Абсаттаров.
Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы мэр Таалайбек Сарыбашовдун жарандыгы боюнча текшерүү жүргүзүлө турганын билдирди.
http://www.turmush.kg/news:355798