Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
Бардык кабарлар

Өкмөт мүчөлөрү кайдан окуп, эмне кесипке ээ болушкан? Тизме

Кыргызстан / Аналитика
245
0

Кыргызстанда көпчүлүк адамдар диплому бир бурчта чаң басып жатканын, жашоого таптакыр эле башка чөйрөдөн тыйын табарын моюнга алышат.

Айыл чарбасы өлкөнү өргө сүрөөчү тармактардын бири болуп саналганына карабастан, бир жарым жыл мурун депутаттар өкмөттүн бир да мүчөсүнүн айыл чарба жаатында билими жоктугуна нааразы болушканы эсибизде.

Sputnik Кыргызстан редакциясы өкмөт мүчөлөрү кайсы билимге ээ экендигин тактап көрдү. Маалыматтар министрлер кабинетинин сайтынан жана башка ачык булактардан топтолду.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ПРАВИТЕЛЬСТВА / АЛИШЕР АЛИЕВ
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев — Константин Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун 1994-жылы агроном адистиги боюнча аяктаган. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин бүтүргөн.

Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов во время присяги
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРАВИТЕЛЬСТВА / САБЫР АИЛЬЧИЕВ
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов — 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунан инженер-куруучу адистигин, ал эми 2011-жылы Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясынан юриспруденция адистигин алып чыккан.

Вице-премьер-министр КР Жениш Разаков
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ПРАВИТЕЛЬСТВА / АЛИШЕР АЛИЕВ
Вице-премьер Жеңиш Разаков

Вице-премьер Жеңиш Разаков үч жогорку билимге ээ. 1990-жылы Ленинград аскер-механикалык институтунун прикладдык механика жана автоматика факультетин аяктаган. Андан соң, 2002-жылы, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, ошондой эле КР ИИМ академиясын да сырттан окуп бүтүргөн. Ачык булактарда адистиктердин аталыштары аталган эмес.

Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова — 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2000-жылы КМУУнун алдындагы Магистратура жана аспирантура борборун аяктап, юриспруденция боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров во время присяги
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРАВИТЕЛЬСТВА / САБЫР АИЛЬЧИЕВ
Вице-премьер Замирбек Аскаров

Вице-премьер Замирбек Аскаров Ош мамлекеттик университетинен география мугалими (1999-жыл), Финансы жана кредит (2004-жыл) адистиктери боюнча эки багытта жогорку билим алып чыккан.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси-министр Шамиль Асымбеков 1986-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун Экономика жана айыл чарбасын уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.

Министр иностранных дел Кыргызской Республики Чынгыз Айдарбеков
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков — 1998-жылы Эл аралык мамилелер (бакалавр) адистиги боюнча Кыргызстандын эл аралык университетин бүтүрүп, эки жылдан кийин ушул эле окуу жайдан юриспруденция багытында магистр даражасын алган. Андан соң Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган.

Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев во время встречи с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев — 2000-жылы КМУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.

Руководитель аппарата конституционной палаты верховного суда Марат Джаманкулов в рабочем кабинете
Юстиция министри Марат Жаманкулов

Юстиция министри Марат Жаманкулов — 2000-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинен юриспруденция адистигин алып чыккан. 2014-жылы Мамлекеттик башкаруу академиясынан Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда адамдык ресурстарды башкаруу багытында магистр даражасына ээ болгон.

Кандидат на должность министра финансов КР Бактыгуль Жээнбаева на внеочередном заседании ЖК
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖОГОРКУ КЕНЕША
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева — Кыргыз мамлекеттик университетин эки ирет — 1982-жылы жана 1989-жылы аяктап, прикладдык математика жана экономист адистиктерин алып чыккан.

Министр экономики Кыргызстана Олег Панкратов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Экономика министри Олег Панкратов

Экономика министри Олег Панкратов — 1992-жылы Педагогикалык институтун физика, информатика жана эсептөө техникасы боюнча бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция багыты боюнча аяктаган.

Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Нурбек Мурашев
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРАВИТЕЛЬСТВА / САБЫР АИЛЬЧИЕВ
Айыл чарбасы, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев

Айыл чарбасы, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев — Ош технологиялык университетинен коммерция жана менеджмент адистигин алган.

Министр чрезвычайных ситуаций Нурболот Мирзахмедов во время присяги
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРАВИТЕЛЬСТВА / САБЫР АИЛЬЧИЕВ
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов — 2004-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева
© SPUTNIK / ЖООМАРТ УРАИМОВ
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун, кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн.

Министр здравоохранения Кыргызстана Космосбек Чолпонбаев
© ПРЕСС-СЛУЖБА МЭРИИ ГОРОДА БИШКЕК
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1985-жылы Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтунун фармацевттик факультетинен фармация адистигин алып чыккан. Экинчи жогорку билими — юрист (2011-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган).

Заместитель министра культуры, туризма и информации, глава Департамента туризма Азамат Жаманкулов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов — 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин ишкана менеджменти адистиги боюнча аяктап, ал эми 2011-жылы Кыргызстандын эл аралык университетинен финансы багытында жогорку билимге ээ болуп чыккан.

Экс-депутат Жогорку Кенеша Улукбек Кочкоров и Кандидат в президенты КР на теледебатах на канале КТРК
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров — 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин финансы жана насыя адистиги, кийин 2003-жылы укук таануу багыты боюнча аяктаган. 1997-жылы КР УКМКнын жогорку курстарын окуган, төрт жыл өткөндөн кийин Россиянын ФСБ академиясында кесибин өркүндөткөн.