Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:56
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
15:18
Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү
15:11
Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты
11:19
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
14:26
Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады
14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
Бардык кабарлар

Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди. Маектин видеосу

Кыргызстан
101
0

Маңдай терине күйгөн дыйкандар тээ күздөн бери эле баанын көтөрүлбөй жатканына нааразы болуп келишет. Алардын айтымында, бир гектар аянтка эгилген картошканын жалпы чыгымы 100 миң сомдун тегерегинде болот. Буга жердин ижарасы, жер семирткич, техниканын акысы кошулат. Эгер үрөнү жок болсо, бир гектар жерге килограммын 20-30 сомдон 3 тонна үрөн сатып алышы керек. Ал эми андан 30дан 50 тоннага чейин түшүм алышат.

Кыргызстанда эң көп картошка өстүргөн аймагы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну Адилет Асанбаев быйыл эки гектар картошка айдаган. Анын 6-7 ай ичинде төккөн тери 50 миң сомго гана бааланыптыр.

"Быйыл 100 тонна түшүм алгам. Таза, чоң картошкаларды ылгап 50 тоннасын 5 сомдон сатып алышты. Калганы турат эми. Эки гектар жерге 200 миң сомдук чыгым кеткен. Ошондо мен быйыл пайда көрбөй калдым. Жазында өкмөт "Казакстан менен Өзбекстанга мынча тонна экспорттойбуз" деп ишендирип картошка эгүүнү сунуштаган. Эми минтип артка кетип отурабыз", — деди дыйкан.

Ысык-Көлдө картошка алып сатып иштеген Уланбек Асанбеков былтыр ушул маалда картошканын баасы 18-19 сомдон болгонун белгиледи.

"Өткөн жылы Өзбекстан бааны түшүрсө, Казакстан көтөрүп, баа кубалап отуруп кымбат сатканбыз. Быйыл эки жак тең албай жатат. Өзүм да 2,5 гектарга картошка эгип, сатууга 45 тонна алып чыктым. Жазда Өзбекстан менен келишим түздүк, картошка жакшы кетет деп айтышкан. Биз ошого ишенип быйыл көбөйткөнбүз. Аягында тескерисинче болуп калды. Быйыл эмнеге арзандаганын түшүнбөй жатабыз", — деди Асанбеков.

Ак-Суу районунун акими Улан Бөкөнбаев быйыл 9200 гектар жерге картошкага эгилгенин билдирди.

"Дыйкандар ар бир гектардан орточо 19,7 тоннадан түшүм алып, жалпы 200 миң тоннадай түшүм алышты. Жылда 80 миң тонна экспортточубуз. Учурда дыйкандарыбыз кыйналып турат, январдын аягында баа көтөрүлүшү мүмкүн. Айыл чарба министрлиги Өзбекстандан 17 компания менен келишим түздүк деген болчу. Ошолор келип калабы деп күтүп жатабыз. Азырынча Бишкекке эле алып барып сатышууда", — деди аким.

Хозяйство по производству и заготовке овощей в Омской области
© SPUTNIK / АЛЕКСЕЙ МАЛЬГАВКО
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри мындан ары картошканын баасы кымбаттабай турганын ачык айтты

Дыйкандардын көйгөйүн уккан соң кырдаалдын чоо-жайын суроо үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге барды.

Эртең менен саат 10.00дө барсак министрдин кеңешчиси, жардамчысы жана маалымат катчысы Мурашев ооруп жаткандыктан бүгүн жумушка чыкпай турганын айтып, артка кайтууну сунушташты. Бир сааттай күтүп, чыгып бара жатканда кире бериштен ооруп жатат делген министрди кезиктирдик.

 

Алгач ал картошка тууралуу комментарий бербейм деп так секирди. Себебин сурасак, кайра ойлонуп жарым сааттан кийин кирүүнү сунуштады.

Түйшүк тартып отуруп Мурашевдин кабинетине кире алдык. Көйгөй чечпеген министрге таза, чоң картошканы көрсөтүп 5 сомдон ашпай жатканын айттык. Эгер экспорт маселеси чечилбесе сактаган картошка кандай болуп чирип кетерин да көрсөттүк.

"Бааны сен экөөбүз же өкмөт чечпейт. Бааны базар аныктайт экен. Дыйкандарга жылда өндүрүлүп жаткан көлөмдө эле картошка эгүүнү сунуштаганбыз. Бүгүнкү күндө Казакстан менен Россиянын валютасынын курсу түшүп кетип, айыл чарба продукциясына аябай зыян келтирди. Сом бир калыпта турат. Бул өлкөлөрдөн да картошка Өзбекстанга экспорттолуп, атаандаштык күч алды", — деди Мурашев.

Ошентип акыр аягында ал дыйкандар күткөн суроого жооп берип, мындан ары баа көтөрүлбөй турганын моюндады.

"Дыйкандарга айтып кетерим, бүгүнкү күндө картошка 5-6 сом болуп жатабы, демек быйылкы баа ушундай экен. Биз жакшы ниет менен көтөрүлөт деп аракет кылдык, бирок бааны базар аныктайт экен. Базар көтөрбөдү", — деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги былтыр ушул маалда өлкөнүн түштүгү жана Ысык-Көл облусуна картошка эгүүнү сунуштаган болчу. Бирок күзүндө баа арзандап кетип, чоң көйгөй жаратып, тынбай көтөрүлчү маселеге айланды. Ошондо бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги макала даярдап, дыйкандардын арыз-муңу өлкөнүн бүт жеринде бирдей экени белгилүү болгон.



Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин ишин сынга алган бир эле дыйкандар эмес. Буга чейин 18-октябрда аны депутат Ирина Карамушкина, 27-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана 23-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков зекиген.

Мындан сырткары 2018-жылдын 12-мартында ошондогу өкмөт башчы Сапар Исаков да ишиндеги чекиликтер үчүн сөгүш берген.

Учурда аталган министрликте 5000 миңге жакын кызматкер иштейт. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча ведомствонун 2019-жылга карата жылдык бюджети 3 миллиард 152 миллион сомду түзөт. Анын ичинен ички керектөө жана маянага 1 миллиард 700 миллион сом сарпталат. Ал эми мамлекеттик инвестицияларга (ар кандай долбоорлорго) 1 миллиард 355 миллион сом каралган. Ал эми министрлик өзү жылына 96, 2 миллион сом иштеп табат.

 

Нурбек Мурашев 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, эки чакырылышта иштеген. 2016-жылы депутаттыктан кетип, айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри болуп дайындалган. Саясатка келгенге чейин жеке фирмаларда иштеп келген.



Дагы: https://sputnik.kg/video/20190111/1042819978/ayyl-charba-kartoshka-ministr-nurbek-murashev.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно