Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамы Атамбаев үчүн да иштейби

Кыргызстан
38
0

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамы Роза Отунбаевага да, Алмазбек Атамбаевге да иштейт. Бул тууралуу Кыргызстан агенттигине документтин демилгечилеринин бири, депутат Исхак Масалиев билдирди.

Бүгүн, 16-майда, Сооронбай Жээнбеков "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамга кол койду. Ага ылайык, экс-президенттин абсолюттук кол тийбестигин алып салууга жол ачылат.

"Мыйзам мурдагы президенттерге дагы иштейт", — деди Масалиев.

Эл өкүлү алгач кол тийбестик макамын толугу менен алып салууну сунуштаган. Бирок анын кесиптештери бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, мыйзам кабыл алынды. Анда 12-беренеге ("Кол тийбестик жөнүндө") өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, экс-президент кол тийбестик статусунан ажырагандан кийин гана жоопко тартылат. Белгилей кетчү жагдай, мыйзамда экс-президенттин кол тийбестигин алуу учурдагы мамлекет башчысыныкындай эле татаал жоболор менен ишке ашырылары жазылган.

Кыргызстандын президенти кылмыш жоопкерчилигине кызматынан четтетилгенден кийин гана тартылышы мүмкүн. Эгер президенттин иштеп турган учурундагы аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокуратуранын корутундусу жана Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айып болсо, мамлекет башчы иштен алынат.

Андан соң экс-президентке коюлган айыптоолордун негизинде кол тийбестик статусун алып салуу сунушун Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын көпчүлүгү колдоп бериши керек. Мындан сырткары, демилгени депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмеси көтөргөндө гана каралат жана ЖК тарабынан түзүлгөн тийиштүү комиссиянын корутундусунун негизинде гана ишке ашат.

 

Мындан соң статусту алуу чечимин Жогорку Кеңештин депутаттарынын экиден үч бөлүгү колдоп бериши зарыл (айып коюлгандан кийин үч айдын ичинде).

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, документ дагы бир маанилүү норма менен толукталды: экс-президент саясий же мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматтарды ээлей албайт. Ошондой эле саясий партиялардын башкаруу органдарында эмгектене албайт.

Эгер мурдагы президент бул нормаларга баш ийбей турган болсо, бардык артыкчылыктарынан кол жууйт.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20190516/1044355308/ehks-prezident-kol-tijbestik-myjzam.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно