Түркмөнстанда кыргыз футболчулары эртеңки жооптук оюнга даярдыктарды көрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Дордой" футболдук командасы 4-февралда Түркмөнстанга барган. Оюнчулар Балканабад шаарындагы мейманканалардын бирине жайгашышкан. Учурда футболчулар эртеңки мелдешке даярдыктарды көрүп жатышат. "Дордой"-"Балкан" командаларынын беттеши эртең, 7-февралда орун алат. Жооптук беттеште уткан команда "Хосилот" менен "Шахин Асмаи" командаларынын жеңүүчүсү менен ойнойт. Ийгилик багындарган команда Азия футбол Кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.
Эске салсак, буга чейин 31-январда аталган командалар Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгышкан.