Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Т.Н.
«Мерседес Бенц 350» үлгүсүндөгү унаасын күн батыштан чыгышты карай
башкарып бара жатып, Оттук айылынын 2013-жылы туулган тургуну С.А.ны сүзүп
кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаракат алган өспүрүм Балыкчы шаардык
ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, өзүнө келбей каза болгон.
Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Источник: https://www.turmush.kg/news:480798