Бул документтер Кыргызстанда катуу каршылыкка кабылып, бийлик активисттердин нааразылыгын жапырт камоолор менен басып жатат.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документтердин топтому Жогорку Кеңешке келип түшүп, 11-ноябрдан тарта депутаттарга жашыруун кароо милдеттенмеси менен таратылып жатканы белгилүү болду.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин мүчөсү Адахан Мадумаров "Кемпир-Абад" суу сактагычы тууралуу келишимдин мазмуну тууралуу Би-Би-Сиге учкай маалымат берди:
"Бул келишим эч качан денонсацияга жатпайт дейт. Кайсы өлкө болбосун эгер келишимдер туура эмес болуп калса, аны денонсациялаганга анын эгемен укугу бар. Ал эми булар 11-беренесинде ошентип жазып алышыптыр. Мындай шарттарга биз тарап эмнеге макул болуп атат, мен үчүн табышмак”.
Мадумаров Өзбекстан менен чек арага байланыштуу бул эки келишимдерди чогуу карабаш керек эле деген пикирде:
"Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча базалык келишимде 900-горизонталдан өтпөйбүз делет. Муну биздикилер чоң бир табылга катары жарыя салышып, тамактары бүткүчө кыйкырышкан. Бирок өзүнчө келишимде (ред.Кемпир-Абад боюнча) бул чектен өтүп кетишибиз мүмкүн дейт. Кандай учурда? Форс-мажордук, техногендик жаратылыштык жагдайларда дейт... 900 эмес 1000-горизонталга чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берип атат кыргыз тарап”.
Өзбекстан менен чек ара тилкелери боюнча жаңы документтер топтому профилдик комитеттен колдоо тапса, пленардык жыйында каралары күтүлүп жатат.
Белгилей кетчү жагдай, бул документтер ушул эле Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде 10-октябрда жана 31-октябрда каралып, жактырылган. Андан кийин процедуралык жол-жобо боюнча эки өлкөнүн президенттери бул келишимдерге кол коюп, андан кийин документ Жогорку Кеңешке ратификацияга келет деп кабарланган. Бирок эми келишимдер кайрадан бир топтом менен экинчи айлампада комитет кароосунан өтүп жатат.
"Кабар" мамлекеттик маалыматтык агенттигине берген соңку маегинде президент парламентте Кемпир-Абад боюнча келишимге каршылык көрүп жаткан саясий күчтөргө деп жооп берген:
"Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай отура берип теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болорун билбейт. Форс-мажор боюнча, ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жаан жаап, Сузак районунда айылдарыбызды сел алып кетти. Өзбек тарапты жаба тургула деп сууну жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонталь бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 сантиметрге жогорулайт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коёт. Ушундай учурларды гана".
Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өтүп жатканын да айтып келет.
Бишкек шаардык соту жана Биринчи май райондук соту өткөн жумада үч күн катары менен 23-24-октябрда кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасын карап, көбүнүн чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сот отурумунда анын жана тарапташтарынын күнөөсү жок экенин, Кемпир-Абад боюнча пикирин билдирүүгө ар бир жаран укуктуу экенин айтты:
"Булар мага толтура бир айыптарды тагып жатышат. Үч айдан бери мен Кемпир-Абад боюнча бир да публикация кылмак түгүл, лайк да басып койгон жокмун. 22-октябрда биз келдик, жыйын болуп жатыптыр, анда "митинг кылалы” деген сунуштар болгондо, аны да четке каккам. Азыр мамлекетте кырдаал оор, эч кандай митингдердин кереги жок, депутаттарга таасир кылалы андан көрө дегем. Бирок митинг бул мыйзамдуу, ал конституцияда кепилденген укук. Кемпир-Абад - мамлекеттин эмес, элдин байлыгы”.
Кармалган жалпы 26 кишинин ичинен Нурлан Асанбеков жана Талант Эшалиев гана ден-соолугуна байланыштуу үй-камагына чыгышты.
Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованын, ошондой эле Москвадан алып келинген активист Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын 16-ноябрда карайт. Ал эми "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абыловдун бөгөт чарасы 17-ноябрда каралат.
Жапырт кармалгандар Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен айыпталып жатат. Буга чейин президент Садыр Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселесин кыска кызыкчылыкка колдонуп жатат деп да сындаган.
"Ток этер жерин айтсам, буларды "Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. "Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен".
Ал арада Кемпир-Абад маселесинде дагы бир укук коргоочу Азиза Абдирасулова ИИМ тарабынан сүйлөшүүгө чакырылганы белгилүү болду. Укук коргоочу коомдук сайттардагы өз баракчасына деп жазды:
"Бишкек ШИИБдин 10-бөлүгүнүн жетекчиси Шумкар Сулайманов тарабынан сүйлөшүүгө чакырылдым. Мага болгон доомат- мен Фейсбукка аябай көп жазат экенмин. "Азыраак жазыныз, үчүнчү күчтөр пайдаланып кетишпесин" деди. Азырынча бул маалыматтар жабык имиш. Мен жарыялаган кайсы маалымат мыйзамсыз жана коркунучтуу экенин ачык айтпады".
Азиза Абдирасулова мындай сүйлөшүүнүн зарылчылыгы жана мыйзамдуулугу тууралуу ИИМ, УКМК жана Башкы прокуратурадан түшүндүрмө беришин сурап жатат.
Кыргыз бийлиги буга чейин бул маселени Өзгөндө жергиликтүү эл менен, парламентте депутаттар менен акылдашып, бардык деңгээлде талкуулап жаткандай таасир калтырды. Бишкекте бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн чогултуп, бийлик кыргыз тарап кандай утушка ээ болгону жатканына ынандырууга аракет жасады. Андан мурун президент Садыр Жапаров өзү Өзгөнгө барып, нааразы болуп жаткан жергиликтүү тургундарга жаңы келишимди түшүндүрүп келди. Андан кийин бул маселени Жогорку Кеңештин профилдик комитети жабык эшик артында каралды.
Бирок Өзбекстан менен келишимдин мазмуну толук ачыкталбагандыктан коомдо ишенбөөчүлүк кала берүүдө. Эксперт Алмаз Тажыбай муну элге түшүндүрүү иштери менен гана жеңсе болорун айтып, айыпты бийликтин чабал коммуникациялык саясатынан көрүп жатат:
"Жер маселесин эл менен кеңири кеңешиш керек, жашыруун деп келишимден, протоколдон да кабарыбыз жок болуп атат. Эл эле эмес, аналитика жүргүзгөн эксперттерде дагы маалымат жок болуп атат. Жашыруун болгону туура эмес. Биз кезинде Үзөңгү Кууш, Каркыраны алдырып ийгенбиз. Ошол учурдагы дагы жерлерди бербейли деп чыккан оппозициялык күчтөрдү камап коюшкан. Мисалы, Бекназаровду камап коюп, саясий куугунтукка каршы чыккан элге ок атылып, Аксы окуясы чыгып, жыйынтыгында бийлик качууга аргасыз болгон. Бийлик биз утуп атсак деле элге кенен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, диалог болушу керек”.
Ал тапта Өзбекстанда парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорлорун ратификациядан өткөрдү.
Документти парламенттин 100дөн ашык депутаты дароо үч окууда колдоду. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов депутаттарга маалымат берип жатып, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбогонун айтты.
"Узакка созулган талаш-тартыш жана машакаттуу жолдор менен чек араны кадамдап өлчөп, бир канча жолу өкмөттөр аралык жолугушууларды өткөрүп, архивдик документтерди карап, ошондон кийин сунуштар даярдалууда. Кошуна Кыргыз Республикасы менен өз ара достук алаканы бекемдөө жаатындагы демилгелеринин негизинде чечими табылбай жаткан 35 участканы, жалпы узундугу 302 чакырымды тактоо жараяны акыркы баскычка жетти. Бул келишимге жетүүгө беш жылдан ашуун убакыт короттук. Сунушталган мыйзам долбоору менен тастыкталып жаткан келишимге оңой жетишилген жок. Кол коюлган макулдашууда республикабыз үчүн стратегиялык мааниге ээ бир катар зарыл көйгөйлөр чечилүүдө”, - деди Абдулла Арипов.
Өзбекстанда эми бул документтер Сенаттын кароосуна жөнөтүлөт.
Келишим эмнени карайт?
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык, "Кемпир-Абад" суу сактагычы жайгашкан 4 миң 485 гектар Өзбекстанга өтөт. Анын ордуна Кыргызстан Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алына турганы белгилүү болду.
Соңку макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет делип жатат.
Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөмөкчү. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1 миң 246 гектар жер бошоп, аны кыргыз тараптан жергиликтүү тургундар колдонот. Эгерде суу сактагычта суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала берет.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга өтөт делген жерлер булар: Гавасай 12 миң 849 гектар, Көк-Серек 105 гектар, Баястан 212 гектар, Унгар-Тоо 35 гектар, Кара-Белес 25 гектар, Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району), Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты), Өзгөн жана Сузак райондорунда 1 миң гектар.