Кыргызстан эгемендик алгандан кийин биринчилерден болуп колдоого алып, мээрими түшкөн өнүккөн өлкөлөрдүн бири Жапония эле. Кыргызстанга ар кандай гранттык жана техникалык жардамдарды көргөзүп, көп эле жагынан жөлөп таяган. Кыргызстан Эл аралык тоо жылы демилгесин көтөргөндө дагы, Жапония андагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшкөн.
Эгемендиктин ошол алгачкы жылдарындагы активдүү кызматташтыктын деми кийинки учурда суугансып калган. Кыргызстандын президентинин Жапонияга соңку расмий сапары мындан он жыл мурда болгон, ал эми өкмөт башчынынын деңгээлиндеги сапар 22 жылдан бери алганда биринчиси. Кыргызстандын өкмөттүк делегациясынын бул сапарынын максаты эки тараптуу кызматташтыкка дем берүү болуп саналат.
Акылбек Жапаров Жапониядагы сапарынын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү. Жапониянын каржы министри Шуничи Судзуки менен жолугушуда тараптар каржы, инвестиция тартуу жана ишкердикти өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун бир катар башка маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы өзүнүн суу-энергетикалык потенциалынын бет ачарын өткөрдү. Анда кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасалган. «Muroosystems Corporation» компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн декабрь айында Кыргызстанга келмей болду.
Акылбек Жапаров Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө дагы Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарынын потенциалына токтоло кетти:
"Климаттын өзгөрүшү, калктын көбөйүшү жана планетанын экономикасы таза жана туруктуу энергия маселесин жаңыча коюуда. Бул жагынан алганда Борбор Азия чөлкөмүндө энергиянын кайра жаралуучу булагы катары эбегейсиз зор потенциал бар. Учурда колдогу гидроэнергетикалык потенциалдын 10%га жакынын пайдаланып жатабыз. Ушуну эске алуу менен Кыргыз Республикасында жана жалпысынан региондо гидроэнергетиканы өнүктүрүү келечеги абдан маанилүү",-деди ал.
Акылбек Жапаров жапон өнөктөштөрүн Кыргызстандын экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырып, ийгиликтүү иштеп аткан жапон инвесторлорун мисал кылды. Атап айтсак, Кыргызстанда 52,9% акциясы «Sawada Holdings Co. Ltd» жапон компаниясына таандык болгон коммерциялык банк иштеп жатат.
Кыргызстандын өкмөттүк делегациясын ошондой эле Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти Акихико Танака кабыл алды. Бул агенттик Кыргызстанга көп жылдан техникалык жана гранттык колдоо көрсөтүп келатат. Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо, транспорт жана жол инфраструктурасын жакшыртуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга каржылык жардам берген. Jica колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашкан дагы долбоор "Бир айыл, бир продукт" деп аталат. Танака жолугушууда бул долбоордун мыкты жыйынтыктарды берип жатканына кубанганын айтты. Ал эми Акылбек Жапаров бул долбоорду улуттук деңгээлге чыгаруу менен өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашыруу чечими кабыл алынганын билдирди.
Кызматташтык потенциалы
Ошол эле убакта эксперттер Кыргызстан Жапония менен болгон кызматташтыктын потенциалын жакшы пайдалана албай келатканын айтышууда.
"Кызматташалы деп көп сунуштарды жөнөтөт, бирок биздикилер муздак мамиле кылып, жапанды түшүнбөй, сүргүнгө айдагандай элчилерди жөнөтүп коюп атат",-дейт Жапонияда убагында окуп, ошондон бери жакшы байланышта жүргөн ишкер Сейтек Качкынбай.
"Ал жакка кесипкөй дипломат жиберилип, келерки жылга президент Садыр Жапаровдун расмий сапарын даярдаш керек. Бизнесмендерди ээрчитип барып, долбоорду сунуштап, чоң мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жолун карап көрүш керек. Жапон тилди билген, катташып жүргөн, маимилеси бар, жапон коомчулугу тааныган, тытынып иштей турган кесипкөй элчи керек".
Соода демекчи, Кыргызстан өнүккөн жапон базарына эмне өткөрө алат?
"Жапонияга өтө турган азыр үч товар бар: бал, туризм жана IT кызматыбыз",-дейт Сейтек Качкынбай.
Ал эми Кыргызстанга Жапониядан сапаттуу техника келет, анын ичинде жапон өндүрүшүндөгү автоунаалар жогору бааланат, бирок оң рулдуу унааларды алып кирүүгө өкмөт тыюу салган. Бирок ишкерлер өкмөттү бул чечимди кайра карап чыгууга чакырууда.
Расмий карым-катыштар
Акылбек Жапаровдун сапары Кыргызстандын өкмөт башчысынын деңгээлинде Жапонияга болуп жаткан жетинчи сапар жана 22 жылдан бери алганда биринчиси.
Ал эми Кыргызстандын президенти Жапонияга беш жолу барган. Мамлекет башчынын деңгээлиндеги эң соңку сапар 2013-жылы болгон.
Мындан сырткары, 2012-жылы парламенттик делегация, 2014-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы расмий сапар менен барган.
Жапониянын премьер-министри Кыргызстанга 2015-жылы расмий сапар менен келген, ал эми тышкы иштер министри үч жолу, парламенттик делегациясы төрт жолу келген.
Источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-63817922