Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Форумдун ачылышы 20-декабрда Улуттук тарых музейинде башталат. Анда Ысык-Көл облусуна "Боз үйдүн мекени”, Нарын облусуна "Шырдактын мекени” наамдары тапшырылат. Бул наамдар Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган.
Форумдун алкагында 19-декабрынан тарта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм-сүрөт музейинде "Көчмөн сыры" көргөзмөсү ачылды.
2021-жылы кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин "Алтын өрөөн" республикалык фестивалы Жалал-Абадда уюштурулган. Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан кол өнөрчүлөр катышкан.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32182817.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно