Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

БУУда Отунбаева “Талибан” менен диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи

Кыргызстан / Интеграция / Демилге
3 479
0

Отунбаева 2021-жылы августта Кабулда "Талибан» кыймылы бийликти басып алгандан кийинки өлкөдө саясий жана адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр менен катар эле оң жылыштар бардыгын белгиледи.

"Талибан” менен бир катар маселелер боюнча көз карашыбыз дал келбейт, бирок көңүл чордонунда турган нерсе - эркектер, аялдар, кыздар, балдар бакубат жана тең укуктуу жашай ала турган Ооганстандын келечеги үчүн диалогду колдошубуз керек” – деди Отунбаева эл аралык коомчулуктун алдында.

Отунбаева быйыл сентябрда кызматка киришкенден кийин Ооганстандын бир топ аймактарын кыдырып чыккан.

"Баарынан да жеткен жакырчылык менен эртеңкисине ишенбеген көптөгөн оогандардын көргөн азап-тозогу көңүлүмдү чөгөрдү. Өлкөнү кыдырып жүргөндө алардын көбү жөн эле өлбөстүн күнүн көрүп жатканын айтышты” – деди атайын өкүл.

Талибдер өлкөнү көзөмөлдөп турганы менен ар кандай террордук топтордун мизин кайтарууда жөндөмсүз болуп жатканы да айтылды.

Кабулдагы бийлик катаал социалдык саясат жүргүзүп, аялдарга басым-кысымды күчөттү. "Орто билим берүүдөн баш тартуу деген эки жылдан кийин университеттерге кыздар тапшырбайт дегенди туюнтат. Мындай чечимди карапайым эл эле эмес, алтургай "Талибандын" жетекчилигинде жактырбагандар бар” – деди Отунбаева.

Атайын өкүл 7-декабрда өлүм жазасын эл алдында ишке ашырган окуяга токтолуп, бийликтегилерге мындай ырайымсыз чара эл аралык укукка каршы келерин айтканын белгиледи.

Отунбаева ошондой эле Ооганстандагы бир катар оң жылыштарды, айрыкча экономикалык багытты белгиледи. Мурунку бийликке караганда коррупциянын жалпы деңгээли "олуттуу азайып”, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук эң жогорку чекке - 1.7 миллиард долларга жеткенин айтты.

Отунбаева ошол эле маалда оогандардын орчундуу маселелери чечилбесе, ал үчүн эл аралык коомчулук колдоо көрсөтпөсө өлкөнүн экономикалык туруктуулугу бузуларын эскертти. БУУнун эсебинде 39 миллион калктын 20 миллионго чукулу ачарчылыкта күн көрүп жатат.

Былтыр жайында бийликке келери менен "Талибан” ашынган фундаменталисттик ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде кыймыл өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанып, байистүү саясат жүргүзүүгө убада берген.

Источник: https://www.azattyk.org/a/32186238.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно