Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 67 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 73 тыйындан сатып алынып, бир сом кымбат сатылууда.
Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандаган.
АКШ валютасынын олку-солку абалынан улам Кыргызстанда накталай долларды табуу кыйын болуп жатканын ишкерлер менен кардарлар айтышууда.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32186708.html