Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Кыргызстандын ички карызы 96 млрд сомго жакындады. Финансы министрлигинин түшүндүрмөсү

Кыргызстан / Экономика
185
0

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул 1 млрд 110,39 млн АКШ долларына же ИДПга карата 10,32%га барабар.

Ведомствонун түшүндүрмөсүнө ылайык, Кыргызстандын 2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата максаттуу катышы 70%дан ашпашы керек.

Бүгүнкү күндө болсо жалпы мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нечеге пайызга төмөн катталып, карыз (тышкы+ички) ИДПга карата 52,33%ды түздү. Бул мамлекеттик карыздын деңгээли туруктуу дегенди билдирет.

Кошумчалай кетсек, ички карыздын жалпы мамлекеттик карызга болгон катышы бүгүнкү күндө 19,7%ды түзөт.

Финансы министрлиги масштабдуу мамлекеттик программаларды жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында, башкалардын катарында ички булактардын жаңы инструменттерин колдонот, муну менен катар келечекте мамлекеттик карыздын структурасында ички карыз көбөйөт.

Ички карыз тышкы карызга караганда бир катар артыкчылыктарга ээ:

- ички карыздарды алууда канчалык акчанын куну өзгөрүлбөсүн тобокелдик жаралбайт, ал эми тышкы карыздарды алууда курстук айырманы кайтаруу үчүн талап кылынган сумма көбөйүп кетиши мүмкүн, ошондой эле карызды тейлөөнү кыйындатат;

- ички карыздар боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө ички кредиторлор киреше алышат. Ал эми тышкы карыз боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө чет элдик валютага муктаждык жаралып, мамлекеттин валюталык резервдери кыскарып кетет. Мындай учурда чет өлкөлүк кредиторлор пайда табышат;

- инфляцияны жана девальвацияны эске алуу менен ички карызды тейлөөнүн наркы тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардан бир топ төмөн.

Финансы министрлги мамлекеттик карыздын түзүмүндө ички карыздын басымдуулугу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалып жатканын баса белгилейт.

"Белгилеп кетүүчү дагы бир нерсе, жогоруда аталган Стратегияга ылайык, мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн алгылыктуу көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчү нөлгө барабар. Башкача айтканда, республикалык бюджетте мамлекеттик карызды тейлөөгө каражаттар толук көлөмдө каралып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик карызды төлөө өз убагында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Источник: http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstandyn-ichki-karyzy-96-mlrd-somgo-zhakyndady-finansy-ministrliginin-t-sh-nd-rm-s/скачать dle 11.0фильмы бесплатно