Асман экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды.
Өлкө башчы ошондой эле саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплекси курулуп жаткан "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортун да карап чыкты. Аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымын көтөрө албай калган. Аэропорттун модернизациясы аяктаса өлкөдөгү ички авиакаттамдар көбөйүп, ошондой эле туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралары айтылды.
Источник: https://sputnik.kg/20230429/kyrgyzstan-asman-shaary-kurulat-surot-1074866041.html