2018-жылдын жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карталарынын жалпы саны 2,4 миллионду түзсө, 2022-жылдын аягында 5,2 миллиондон ашкан. Ушул эле мезгилде "Элкарт" улуттук төлөм системасынын карталарынын саны 1,2 миллиондон 3 миллионго чейин көбөйгөн.
Өлкөдө карталардын санынын өсүшүнүн негизги себеби айлык акы долбоорлору экени айтылды. Анын үстүнө мурда эл аралык карта боюнча айлык алган бардык бюджеттик мекемелер "Элкартка" которулган.
Источник: https://sputnik.kg/20230501/kyrgyzstan-bank-karta-kobojdu-1074902126.html