Юстиция министри Аяз Баетов электрондук билериктер кылмышка шектүүлөрдүн жайгашкан жерин жана алардын кыймылын көзөмөлдөө үчүн колдонула турганын белгиледи.
"Бул технология укук бузуунун санын кыскартууга жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Электрондук билериктер шектүүлөрдү көзөмөлдөөнүн милдеттүү элементи болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле үй-бүлөлүк жана аялдарга карата зомбулукту бир топ кыскартууга жардам берет", – деди министр.
Белгилей кетсек, электрондук байкоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы Кылмыш-жаза кодексинин VI беренесинде каралган оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган шектүүлөргө карата колдонулбайт.
Источник: https://sputnik.kg/20230503/kyrgyzstan-shektuu-elektronduk-bilerik-1074975666.html