Маалыматта борбордо студенттерди кабыл алуу эрежелерин бузуу, чет элдиктерге диплом сатуу сыяктуу мыйзам бузулган учурлар териштирилип жатканы айтылат.
"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Б.М.А. кылмыш иштин оң жагына чечилиши үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган. Териштирүүнү токтотуу маселеси талкууланып жаткан учурда окуу жайдын проректору А.Ж. да болгон. Борбордун директору комитеттин кызматкерине 4000 доллар берип жаткан учурда кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү иштер уланып жатат.
Источник: https://sputnik.kg/20230513/ukmk-kyzmatkerine-4000-dollar-para-1075276794.html