"IT-адистиктери чоң суроо-талапка ээ. Борбор калаада мындай адистерди даярдаган бир нече лицей бар, облустук кесиптик билим берүү мекемелери да тартылып жатат. Бул табигый көрүнүш, анткени азыр бул кесипке суроо-талап жогору. Ошондой эле учурда газ жана электр ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу жана кондитер дагы эң көп талап кылынган адистиктердин катарында", — деди Абдыракманова.
Ал билим берүү мекемелериндеги кесиптердин реестри такай жаңыланып, лицейлер жана колледждер компетенттүү кадрларды издеген ишкерлер менен түздөн-түз кызматташарын кошумчалады.
Источник: https://sputnik.kg/20230518/bilim-beruu-minitrlik-kyrgyzstan-adistik-tizme-1075410115.html