ЖКККББнын кызматтарын чыңдоо максатында ротация жүргүзүлгөнү белгиленди. Жаңы дайындалган жетекчилерге, жол кырсыктарын алдын алуу, санын кыскартуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырмалары берилди.
Дайындалган жетекчилер:
- Абдукеримов Альберт Маматбекович — Ош шаардык Кайгуул милициясынын башчылыгынан бошотулуп, Талас ЖКККБнын жетекчиси кызматына;
- Чалыбаев Мирлан Райымбекович — ЖКККББнын финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекчилигинен бошотулуп, Нарын ЖКККБнын жетекчиси кызматына;
- Жумагулов Айбек Рыскулович — Бишкек Кайгуул милициянын башчысынын орун басарлыгынан кетип, Ош шаардык Кайгуул милициясынын жетекчиси кызматына;
- Жангабылов Бактыбек Кемелович — Нарын ЖКККБнын башчылыгынан бошотулуп, ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн жетекчиси кызматына;
- Кошматов Асылбек Абдыганиевич — ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнүн кесиптик даярдык жана өздүк курамы менен иштөө тобунун улук тескөөчүлүгүнөн бошотулуп, финансы-чарбалык башкармалыгынын жетекчиси кызматына;
- Исаков Алмазбек Карыпович — Талас ЖКККБнын башчысы кызматынан кетип, укук коргоо органдарынан бошотулду.
Источник: https://sputnik.kg/20230523/zhkkkbb-aymatagy-zhetekchiler-rotaciyalandy-1075561860.html