Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Жапаров менен Путин тогуз кыргыз-орус мектебинин курулушуна старт берди

Кыргызстан / Интеграция
58
0
Президент Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин видеобайланыш форматында Кыргызстандагы алгачкы биргелешкен кыргыз-орус үч мектептин курулушуна старт берди.
Долбоорго ылайык, эң алдыңкы технологиялар менен жабдылган тогуз заманбап билим берүү мекемеси өлкөнүн бардык облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында курулат.
Бишкек, Баткен жана Караколдогу алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү пландалууда.
Ишке киргизүү аземин ачып жатып, Садыр Жапаров 2025-жылдын 1-сентябрына карата бул мектептер кыргызстандык окуучулар үчүн эшигин ачарын белгиледи.
"Бүгүн Кыргызстандын жана Россиянын бардык мектептери эшигин кенен ачып, окуучуларды кабыл алууда. Өлкөбүздө 150 миңден ашык окуучу мектеп босогосун биринчи жолу аттады. Өлкөбүздүн ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында Владимир Владимировичтин жеке колдоосу менен ар бири 1224 орунга эсептелген 9 заманбап мектеп курула турганын кубанычтуу белгилеймин. Мектептер бардык зарыл нерселер менен камсыздалат, анын ичинде жогорку технологиялык жана заманбап жабдуулар, бассейндер, спорттук эс алуу жайлары”, - деди Садыр Жапаров.
Ошону менен катар, президент бул мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө эки өлкөнүн атестаттары берилерин белгиледи. Жаңы мектептерде окуу орус тилинде жүргүзүлүп, окуу программасы эки өлкөнүн мамлекеттик стандарттарынын негизинде түзүлөт.
Мамлекет башчысы Россия менен билим берүү тармагындагы кызматташтык бекемдеп, жемиштүү болуп жатканына канааттануу менен көңүл бурду. 1992-жылдан тартып Кыргызстан менен Россия билим жана илим тармагында тыгыз кызматташып, өлкөлөр ортосунда студент алмашуу боюнча программаларын кеңири колдонуп келе жатышат.
Президент Садыр Жапаров биргелешкен кыргыз-орус мектептерин түзүү эки өлкөнүн жарандарынын жаркын келечеги үчүн узак мөөнөттүү чоң жаратман иштердин башталышы гана экендигине ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин мектептер эң алдыңкы технологиялар менен жабдыларын, бул окуу процессин ыңгайлуу кылып, кызыктуу өткөрүүгө жардам берерин баса белгиледи. Мектеп имараты бардык коопсуздук стандарттарына ылайык, анын ичинде өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана сейсмикалык тобокелдиктерди эске алуу менен долбоорлонгон. Сабактарды Россиянын жогорку окуу жайларында атайын окуудан өткөн эки өлкөнүн мугалимдери берет.
Владимир Путин жаңы орус мектептери өсүп келе жаткан муундарды ар тараптуу тарбиялоого жана билим берүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин элдеринин достук жана өз ара түшүнүшүү салттарын тереңдетүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.
Өлкө лидерлери Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу өсүп жатканын белгилешип, эки өлкөнүн бардык окуучуларын, алардын ата-энелерин жана мугалимдерин Билим күнү менен куттукташты.
 
Источник: http://kg.kabar.kg/news/sadyr-zhaparov-menen-vladimir-putin-toguz-kyrgyz-orus-mektebinin-kurulushuna-start-berdi/ 
скачать dle 11.0фильмы бесплатно