Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:06
Студент кыз таксиде баратып жаш келинди төрөтүп алды. Казакстандагы окуя
12:10
Мэрия автотыгынды азайтуунун айласын тапты. Багыты өзгөрө турган жол
10:37
Атамбаевдин жактоочусу кылмыш куугунтугун токтотууну өтүндү. Соттун жообу
16:06
520 миң доллар пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жазасы жеңилдеди
16:01
Милиция: Бишкекте адашып кеткен эне үйүнө аман-эсен жеткирилди
15:54
ИИМ Фарид Ниязовдун тергөөчүлөргө карата арызына жооп берди
15:07
Иш издегендерге кулак кагыш. Компаниялар кызматкер караштырат
16:53
Милиция жардам сурайт! Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу изделүүдө
16:44
Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр
11:49
Баңгизат жасоо үчүн 1,5 тонна күкүрт кислотасын ташып бараткандар кармалды
11:41
Жумабеков дүйнө чемпиону Муртазалиевди кабыл алып, сыйлады. Сүрөт
11:11
Табышып койгула! Бишкекте 13 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт
10:55
Кичи-Кеминде Карылар күнү белгиленди
10:43
Үй алууга ниеттенип жаткан 34 жаштагы Чолпон турмушка чыгып, максаты өзгөрдү
15:34
Депутат: жүк ташыган вагон жетпей, атышууга чейин барып жатышат
15:00
Атамбаевдин жан сакчысы Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды
13:43
Бишкектин оңдолуп бүткөн 14 көчөсү жарыктандырылууда. Сүрөттөр
11:13
Кой-Таш окуясында башына таш тийген Самат Курманкулов сүйлөп калды
13:16
Финпол финансы министрин суракка чакырып, ведомствону тинтүүгө алганы айтылды
13:14
Кыргызстанда атайын жолдомолорго электрондук кезек түзүү сунушталып жатат
13:00
Кыдыкстан. БУУда Кыргызстан деген сөздү айта албай кыйналышты
11:20
Бишкекте автобустук жаңы каттам ачылат
11:13
Жогорку соттун төрайымы алдыдагы төрт жылда жасалчу иштерди айтты
13:32
Элдин керексиз "диагностика" менен кантип алданып жаткандыгын адис айтып берди
10:55
Кыргызстандагы үч оорукана бейтаптардан акы ала баштайт
12:51
Прокуратура: Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши менен таанышып бүттү
10:30
Ак-Талаанын үч айылында Калифорния калканчасы катталды
10:14
Нарын районунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду
10:09
Бутубуз сынганына карабай иштеп жүрдүк: Гүлзада айымды айылдагылар «Жаны жок айым» деп аташат (сүрөт)
15:33
Шыкмаматов тажик тараптын "бул биздин жер" дегени кайдан чыкканын айтты
14:56
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео
14:32
"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео
14:03
Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт
13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
Бардык кабарлар

Атай: президенттен акча сурабадым, колдоп койсо кыргыз бийин дүйнөгө таанытмакмын

Кыргызстан
836
0

Атай: президенттен акча сурабадым, колдоп койсо кыргыз бийин дүйнөгө таанытмакмынБийчи Атай Өмүрзаков этно бийлерин дүйнөгө алып чыгуу үчүн даярдаган долбоорун колдоп берүүсүн суранып президентке беш жолу кат жолдогон. Бирок андан жооп келбегенине нааразы болууда.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстан эле эмес, дүйнөгө таанымал бийчи Атай Өмүрзаков атайын долбоор менен чет өлкөгө чыгуу үчүн президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдоп жооп ала албай келет. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине бийчи өзү тастыктап берди.

Ал 1,5 жылдан бери президентке беш жолу кат жолдоп жооп албаганына нааразы болууда.

 

"Кыргыз маданияты дүйнөлүк деңгээлге чыкпаганы баарыбызга маалым. Биз кыргыздын этно бийлерин жаңы технологиялар менен заманбап стилде алып чыгууну пландаганбыз. Бул долбоор менен өлкө атынан Англия, Кытай, АКШ, Германия өңдүү мамлекеттерге бармакпыз. Президенттен каражат сурабадык, жөн гана чет өлкөгө чыгуубузга колдоосу керек болгон. Анын жардамы менен уюштуруу иштери жана уруксат алуу маселелери бир аз жеңилдемек", — деди Өмүрзаков.

 

Ошондой эле ал аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 350 миң доллар керектелерин жана ал каражатты өздөрү табарын айтты

"Президентке эч кандай таарынычым жок. Ал бизди колдоп келген. Болгону мен жөнөткөн каттар ага жетпей калууда деген ойдомун. Бул жерде да бирөөнүн кызыкчылыгы барбы же кандай, түшүнө албай турам. Же "ооба" же "жок" деген жообун бербей 1,5 жыл күттүрдү. Акыркы катты ушул жылдын апрель айында жолдогом. Буга чейин уюштурган иш-чараларыма же чет өлкөгө баратканда бир да жолу мамлекеттен акча сурап кайрылган эмесмин. Баарын өзүбүз табууга аракет кылчубуз", — деди бийчи.

 

Өмүрзаковдун айтымында, 2010-жылы Россиянын "Минута славы" долбоорунун финалына өткөндөн кийин ошол кездеги президент Курманбек Бакиев кабыл алып эки бөлмөлүү батир берүүнү убадалаган. Бирок ортодо бийлик алмашуу болуп кетип Атайга делген турак жай ошол бойдон берилбей калган. Бул маселе боюнча ал эч жакка кайрылган эмес.

Ал эми президенттин маалымат кызматы Өмүрзаков жазган каттардын дарегине эмне үчүн жетпей калганын жакынкы күндөрү тактап берүүнү убадалады.



Дагы: https://sputnik.kg/culture/20170706/1034171548/bijchi-atajdyn-kajryluusu-prezidentke-zhetpej-zhatat.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно