Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

КАЗАКСТАНГА ӨТҮҮ КАЙРАДАН ЖАЙЛАДЫ

КАЗАКСТАНГА ӨТҮҮ КАЙРАДАН ЖАЙЛАДЫКечээ кечинде казак тарап чек арадан өткөрүү процессин ылдамдатып, бир жарым сааттын ичинде кезек күткөндөрдүн бардыгы өткөн

11-октябрда кечинде саат 23:00дөн тарта казак тарап чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктунан жарандарды коё берүүнү тездетип, бир жарым сааттын ичинде кезек күтүп тургандар толугу менен өткөн. Бирок бүгүн, 12-октябрда, саат 8:00дөн тарта казак тарап өткөрүү пунктундагы элди өткөрүүнү кайра жайлаткандыктан "Ак-Жол" бекетинде эл чогулуп калганын КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

"Учурда транспорт менен жүк ташуучу автоунаалардын саны азайган, ошол эле учурда казак тараптан өткөрүү кармалып жаткандыктан жүк ташуучу автоунаалар көбөйүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Андыктан чек ара кызматы түзүлгөн кырдаалды эске алып чек арадан өтүүнү каалагандарды барбай турууга же башка убакытка пландоого чакырат.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20171012/1035708355/ak-zhol-punktunan-ehldi-otkoruu-zhajlap-kaldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 12-10-2017, 10:25
0
48

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх