DataLife Engine > Кыргызстан > Жаңы министр Айдарбеков РФ элчиси Крутько менен жолукту. Эмне кеп болду?

Жаңы министр Айдарбеков РФ элчиси Крутько менен жолукту. Эмне кеп болду?

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен жолукканын аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Элчи жаңы министрди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

 

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашып, пландалып жаткан жогорку деңгээлдеги сапарларды жана иш-чараларды талкуулашты.

Эскерте кетсек,  Айдарбеков президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 17-октябрда ТИМ жетекчилигине дайындалып, аны жамаатка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырган.

Дагы: https://sputnik.kg/politics/20181018/1041605704/ajdarbekov-krutko-zholugushuu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад