Анын билдиргенине караганда, чарчап калган наристе алты айлык болчу.
"Ымыркайдын башка дагы илдеттери болгон. Анын дем алуу органдары жабыркап, андан ары пневмонияга өтүп кеткен. Ошондуктан ата-энелерге баланы өз убагында эмдеткиле деп сунуштаар элем", — деди Ишенапысова.
Адис кошумчалагандай, быйыл январь-октябрь айларында 500 адам кызылчага кабылды. Анын ичинен 48 пайызы бир жашка чыга элек балдар. Ооругандардын 300ү Бишкекте болсо, 100ү Чүй облусунун тургундары экени маалым болду.