DataLife Engine > Кыргызстан > Премьер Абылгазиев айып пул тууралуу: тартип бузгандар жазасын алышы керек

Премьер Абылгазиев айып пул тууралуу: тартип бузгандар жазасын алышы керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3-январдагы өкмөттүн жыйынында 2019-жылдын 1-январынан баштап айрым укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруучу бир катар жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө киргендигин дагы бир ирет эскертти.

  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3-январдагы өкмөттүн жыйынында 2019-жылдын 1-январынан баштап айрым укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруучу бир катар жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө киргендигин дагы бир ирет эскертти
  • Премьер-министр 2019-жылы өкмөт алдында министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара иштешүүсүн талап кылган маанилүү милдеттер тургандыгын баса белгиледи.
1 / 2
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ПРАВИТЕЛЬСТВА/ АЛИШЕР АЛИЕВ
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3-январдагы өкмөттүн жыйынында 2019-жылдын 1-январынан баштап айрым укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруучу бир катар жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө киргендигин дагы бир ирет эскертти

"Бул чаралар биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Тартип бузган жактар тийиштүү жаза алышы керек. Жол эрежелеринин бузулушу көбүнесе айлана-чөйрөдөгү адамдардын жашоосу үчүн коопсуздук жаратат. Айып пулдун жогорулатылышы — алдын алуу чараларына кирет. Эреже бузуучулар жоопкерчиликти сезиши керек, жеке талап кое билбесек, тартип болбойт", — деди Абылгазиев.

Премьер-министр 2019-жылы өкмөт алдында министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара иштешүүсүн талап кылган маанилүү милдеттер тургандыгын баса белгиледи.

Абылгазиев коомчулук менен кайтарма байланышты активдештирүүнүн жана жол эрежелерин бузуу үчүн айып пулду жогорулатуу сыяктуу демилгелер боюнча түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү туурасында айткан.

"Биз үчүн элдин коопсуздугу абдан маанилүү, жарандар арасында киргизилип жаткан жаңычылдыктар тууралуу бурмаланган маалымат таркатылууда. Ошондуктан мамлекеттик органдар киргизилип жаткан жаңылыктардын максат-милдеттери тууралуу ыкчам жана жеткиликтүү түшүндүрүүсү керек", — деди Абылгазиев.

 

Вице-премьер Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жана Бузуулардын бирдиктүү реестри иштеп баштагандыгы тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта Жолдо жүрүүнүн кээ бир эрежелерин бузгандагы айып пулдардын суммасы өзгөртүлүп, мас болуп автоунаа айдагандарга салынчу айып 17 500 сомдон 55 миң сомго чейин чыгары айтылган.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190103/1042721757/abylgaziev-zhol-erezhesi-ayyp-pul.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад